ТООЛУУ АЙМАКТАН КАДРЛАР ЖАА БОЮ КАЧАБЫ?

№510 10-август-16-август, 2012-ж

8-август күнү мэриянын имаратында “Кылым шамы” адам укугун коргоо борбору коомдук уктуруу өткөрдү. Ага катышкан милиция кызматкерлери, райондук администрация, аксакалдар соту, аялдар жана жаштар уюмдарынын өкүлдөрү сунуш-пикирлерин жана арыз-дарттарын айтышты. Уктурууда ички иштер кызматкерлеринин элдин коопсуздугун жана укугун коргоодогу маселелер талкууга алынып, милиция менен шаар тургундарынын байланышын бекемдөө жагы көтөрүлдү.
Милиция кызматкерлери Нарын шаарында акыркы учурда мектеп окуучулары, өспүрүмдөр тарабынан көбүрөөк кылмыш катталып жаткандыгына байланыштуу коңгуроо какты. Ошондой эле катышуучулар тоолуу аймакка юридикалык жогорку билим алган бүтүрүүчүлөрдүн келгилери жоктугун айтышты. Мүмкүн болсо, бюджеттик окууну аяктагандарды милдеттүү түрдө жиберүү зарылдыгын баса белгилешти. “Жатакана менен айлыгы боюнча да жакшы шарт түзүп берүү керек. Нарынга жаш, билимдүү кадрлар келбей, качып жатышат”,- дешет катышуучулар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
17.08.2012. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нарынга келгенден эмнеге коркушат.Азыр Кудайга шүгүр,дээрлик тынч!Эч кандай бычактап же зордуктап кетиптир, же клей жытташып,маньяк чыгыптыр дегендер жок.Мына мен окууну аяктап жаткан 2004-2005 жылдары шаар ичи криминал болуп кеткен.Мугалимдер бизди тентек дешчү эле. Бизден кийин алар тим эле "Силер алтын экенсиңер,- дешкен".Азыр болсо көптөгөн балдар-кыздар намаз окуп, ыйман жолуна түшүүдө. Мындай жол менен бара берсек иншаллах о
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо