ТҮЛЕЕВДИН ТАРАПТАШТАРЫ 20-АВГУСТКА ЧЕЙИН КҮТӨТ

№510 10-август-16-август, 2012-ж

7-август күнү ЖКнын депутаты Нариман Түлеевдин укугун коргоо комитети маалымат жыйын уюштуруп, 20-августтан тарта жол тосуу, жөө жүрүш жана ачкачылык акцияларын баштай тургандыгын айтышты. Буга чейин аталган акцияларды өткөрүүгө Рамазан айы менен туристтик сезон шылтоо болгон. Эми күзгө жакын учурда тергөө изоляторунда жаткан депутатты үй абагына чыгаруу үчүн жең түрө киришишет экен. “Комитетте колдоочулардын саны канча?” деген сурообузга Түлеевдин кеңешчиси Апсаматов Аскат: “Баланча деп так сан айта албайм”,- деп жооп берди. Айтмакчы, 20-августка чейин коррупциялык иштерге тиешеси бар деп шектелип жаткан эл өкүлүнүн тагдыры ачыкталып, Түлеевдин адвокаттары төгүнгө чыгарып жаткан маалыматтар далилденсе, анда тарапташтары акцияларды токтотушат. Ошондой эле алар “Апрель байрагы” бирикмесинин иш-аракеттерине нааразы. “Булар өздөрүн революционер кылып көрсөтүп алышты. Алардын эч кимисинин жакыны 7-апрель күнү каза болгон эмес. Аида Салянова кимге иш козгобосун, “Апрель байрагы” “ошол кишилер камалсын” деген талап менен чыгат. Көрсө, алардын башында Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов турат экен. Эмил Каптагаев Салянованын жакын кудасы экен, ошондуктан баласынын ажылык сапар боюнча былык иштери басылды. Эмнеге коррупционер делген Жантөрө Сатыбалдиевге козголгон кылмыш ишин жаап коюшту? Өлкөнү экиге бөлмөкчү болгон Үсөн Сыдыков үй камагында. Аларга караганда Нариман Түлеев “Кыргыз темир жолу”, Бишкек шаары үчүн көп иштерди жасаган”,- дешет "түлеевчилер".


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
13.08.2012. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тюлеев только на автобусах наворовал милиона а кроме этого сколько, не посчитать даже...как нестыдно людям за него заступаться?? аа...понятно хорошие деньги получили наверное ))))))))))
13.08.2012. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооой только митингке чыкпай эле койгулачы сураныч !!айыбы бол ошого жараша мойну мн жооп берсин эгер ак болсо бошотуп жиберишээр .
14.08.2012. 02:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргыздар Ойлонолу Жол тосуп жоо журуштон не таптык Нариман Тулеев Бакиевдин крахабору жазасын алсын...
16.08.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
барын камаш керек башка жол жок ошондо кичине ойлонушат
17.08.2012. 01:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
биринчи болуп убактылуу окмот жооп берсин былыткан иштерине снайпер кармалды андай мындай деген создоруно
18.08.2012. 11:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нариман тап таза деп айтпайм, бирок азыркы заманда ким таза??? Жонокой карапайым, чабан же дыйкан эле таза болбосо калганын баары эле коррупционер. мугалимден баштап врач, милиция и чиновниктерге чейин. Бирок Нариман Бишкек учун коп иш кылган жеген болсо да, буга чейинки мэрлер только эле жеп келген, шаарга эч теке кылган эмес. Андан коро жесе да азыр ал автобустарда стундент, пенсиянерлер журот, эмнеси жаман??? Качантан бери чечилбей келе жаткан ар дайым пробка Ахунбаева кочосун магистраль салу
18.08.2012. 11:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менен бошотту, кыскасы айткым келгеним из всех чиновников кто больше всех работал, а то что воровал, а кто не варует??? Если кармаса анда биринчи очередь Суталинов, Сыдыков, Бакиевтерден башташыбыз керек!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо