СҮЙҮҮ ЖАНА ЖАЗА

№510 10-август-16-август, 2012-ж

Жанры – Боевик, драма, мелодрама
Сценарийин жазган – Мурат Лютфу, Йылдыз Тунч, Етхем Йекта
Режиссёру – Кудрет Сабанжы
Продюсери – Эрол Авжи
Композитору – Туфан Кирач
Ролдордо – Мурат Йылдырым (Саваш Балдар), Нургүл Йешилчай (Ясмин), Томрис Инкер (Шахнур Балдар), Ферида Четин (Чичек Балдар), Гөкче Йанардак (Назан), Керем Атабейоглу (Пала), Халил Кулива (Ахмет Моран), Зейнеп Бешерлер (Надиа) жана башкалар
Бет ачары – 2010-жыл, 5-январь
Өлкөсү – Түркия

ТҮРК СЕРИАЛДАРЫ БИЗДИ ЭМНЕСИ МЕНЕН АРБАДЫ?
Түрк кинематографиясынын тасмалары Голливуд менен Болливудга жетпесе да, өтүмдүүлүгү артып баратат. Кино серепчилери акыркы жылдардагы Түркияга келген туристтердин санынын өсүшүн да дал ушул кеңири жайылган түрк сериалдарынын популярдуулугу менен байланыштырышат. Боордош казактардын же өзбектердин телеканалдарын бурасаң, ар биринен болбоду дегенде экиден түрк сериалын көрүүгө болот. Бул тасмаларга ашык болгон күйөрмандар бизде деле аз эмес.
Түрктөр бизге тили, тутунган дини, менталитети, руханий баалуулуктары, жашоо-турмушу жагынан окшош келишет. Анан да интернеттеги форумдарда “сериалдардагы сюжеттик курч окуялардын тарбиялык мааниси күчтүү” деген пикирлерди көп кезиктирдик. Андыктан учурда актуалдуу болуп жаткан дагы бир популярдуу “Сүйүү жана жаза” аттуу түрк сериалы тууралуу баян кылмакчыбыз.

ӨЧ АЛУУДАН ЖАРАЛГАН МАХАБАТ
Башкы каарман Ясмин үйлөнүү тоюна саналуу күндөр калганда сүйүктүүсүн өзүнүн курбусу менен кармап алат. Махабаттан көңүлү сууган Ясмин жигитинен өч алуу үчүн ойго келбеген кадамга барат. Туш келген барга кирип, бейтааныш бармен жигитке өзүн арнап, түндү аны менен чогуу өткөрүп, таң агара электе изин суутуп кетет. Ал түн Ясминдин жашоосунда чоң бурулуш жасайт. Күтүүсүздөн боюна бүтүп калган Ясмин аргасыз ымыркайды апасы жашаган Бодрум шаарына барып төрөп, баласын багуу үчүн кайра Стамбулга иштегени келет. Бармен жигит мойнундагы чынжырчасын калтырып кеткен табышмактуу сулууну таппай калат. Атын, ким экенин да билбейт эле.
Кийинчерээк Ясмин менен түнөгөн бейтааныш жигит Түркиядагы ири компаниянын ээси Саваш Балдар экенин билип, өзүн жана баласын андан алыс тутканга аракет кылат. Бирок сериалдын жүрүшүндө Саваш менен Ясмин жумушуна байланыштуу жакындашып, бири-бирин абдан сүйүп калышат. Саваштын үй-бүлө мүчөлөрү экөөнүн сүйүүсүнө караманча каршы чыгышат. Анын бир чоң бүлөнү башкаруу милдети, бул үй-бүлөнүн эски салтты катуу кармаганы, сүйүү экөөнүн мамилесинде көптөгөн тоскоолдуктарды жаратат. Бирок соңунда намыскөй, үй-бүлөсүнүн кадыр-баркын баарынан бийик койгон Саваш сүйүктүүсү Ясмин менен түбөлүккө кол кармашып, эки баланын бактылуу атасы болгонго жетишет.

ЭКИ МЕГАЖЫЛДЫЗДЫН БАШЫН БИРИКТИРГЕН ТАСМА
“Аталган сериал эки атактуу мегажылдызды бириктиргени үчүн деле бийик рейтингге жетти” дешет кино жаратуучулар. Мурат Йылдырым Саваштын ролу тууралуу мындай дейт: “Саваштын ролун алганымда жубайым Бурчин экөөбүз “Түркияда эң атактуу үй-бүлөлөрдөн болобуз” деп тамашалап калчубуз. Анткени мен “Сүйүү жана жазада” бардар ата-эненин уулунун ролун ойносом, жубайым ошол эле учурда Стамбулда белгилүү мафия башчысынын кызынын ролун ойноп жаткан эле”.
Кошумчалай кетсек, 33 жаштагы Мураттын жубайы актриса Бурчин Терзиоглу жолдошунун карьерасы үчүн өзүнүн актрисалык дареметин курмандыкка чалган дешет. Ал эми 36 жаштагы Нургүл Йешилчай 2004-жылы актёр Жем Озерге турмушка чыгып, кийин ажырашкан. Ортолорунда 7 жаштагы Осман Нежат аттуу баласы бар.

КЫЗЫКТУУ МААЛЫМАТТАР

  • Сериалды тартуу иштери 2009-жылы башталган.
  • Актриса Нургүл Йешилчайдын өнөктөшү Муратты сериалда гана эмес, чыныгы жашоодо да сүйдүрүп алганын басылмаларга айтып мактанганы бар.
  • Композитор Туфан Кирачтын сериалга жазган саундтректери телеканалдарда жана интернет булактарында эң көп угулган ырлардан болуп, Түркияда рекорд койгон.
  • Түркиянын “Ayakligazete” журналынын изилдөөсү боюнча Мурат Йылдырым аталган сериалдагы ролу үчүн 364 талапкердин ичинен сап башына чыгып, “Мыкты эркектин ролу” наамына татыган.

КААРМАНДАР ТУУРАЛУУ

Томрис Инкер (Шахнур)
1948-жылы 16-мартта Болгариянын Варна шаарында жарыкка келген. Театр жана кино актрисасы.

Фериде Четин (Чичек)
1980-жылы 5-ноябрда Стам­булда тө­рөлгөн. Кесиби – журналист. Ар кандай гезит-журналдарга кино тууралуу макалаларын берип турат.

Гөкче Янардак (Назан)
1975-жылы 18-сентябрда Стамбулда жарык дүйнөгө келген.

Лунара Бекиева
kino@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(15)
13.08.2012. 13:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун сериал жаль акырына чейин коргон эмесмин.(((
13.08.2012. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан кызык кино
13.08.2012. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm a9bai sonun kino korgulo menda korup atam
15.08.2012. 04:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп буттум акыры окшошбой калганго 10 жылдан кийин деп коргозгону.
15.08.2012. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en sooonun kino, kizigip korup tan atkaninda bibey kalat elem, akirinda Murad mn Yasemin chogu kalganina ayabay kubangam :)
15.08.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кызыктыра берет экенсинер да.Каяктан корсо болот турк сериялдарын?
15.08.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы сериалдар, бирок кээде авторы сценария напрочь теряют логику и получаются тупые моменты
15.08.2012. 21:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwi kino korgulo
15.08.2012. 21:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы кино, мага жагат
16.08.2012. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men da jakynda koru boldum.
17.08.2012. 09:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Зор кино соз жок!Бардык нерсе камтылган,азыркы замандын кузгусу десем да жанылышпайм!
18.08.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооонун кино
18.08.2012. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
обожаю его
19.08.2012. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кино десем болот, баарынарга корууну сунуштайм.
11.09.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
a9bai jak6y kino men tunu menen uktabai korup 4yk4ym.korgulo sizderge dagy jagat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо