№511 17-август-23-август, 2012-ж
Каржы министрлигинин сунушу менен Кара-Суунун Учкун айылындагы Жаңы-Турмуш мектеби жабылышы мүмкүн.
Тагыраак айтканда, 8 окуучусу жана 1 мугалими бар мектеп жылына 800 миң сомдой акчаны талап кыларынан улам каражатты үнөмдөө үчүн бул мектепти жабуу сунушталууда.
Балдарды болсо коңшу айылдарга унаа менен ташып окутуу керектиги айтылууда. Бирок мектептин жалгыз мугалими жана ата-энелер мындай кадам кыйынчылык жаратарын айтып чыгышты.
Жаңы-Турмуш мектебинин директору Маматазим Машаев жаңы окуу жылына карата даярдык бүтүп калганын айтат:
– Жылда бизде 9-10 окуучу болчу эле. Быйыл 8 окуучу келиши керек. Ошондуктан биздин мектепти «карлик мектеп» деп коюшат. 1-класста 3, 2-класста 1, 3-класста 2, 4-класста 2 окуучу бар. Ошолордун баарын кошуп, бир класс кылып окутабыз да. Башка айла жок, болгон балдарды алып келебиз да мектепке. Буюрса, сентябрдан баштап бардыгы сабакка келишет.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
окуучу-8,
мугалим-1,
Зав.уч-1,
Завхоз-1
Пол жуугуч-1,
Кароолчу-1,
Директор-1.
Бухгалтер-1. бул эми тамаша. Канча киши иштейт экен,так маалымат барбы?