ЧЕК АРАЧЫЛАР ЖАҢЫ КЕҢСЕЛҮҮ БОЛУШТУ

№511 17-август-23-август, 2012-ж

14-август күнү Баткен районунун Туура-Таш айылында Баткен чек ара отрядынын жаңы имаратынын расмий ачылышы болду.
Иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратлен, Стивен Николас баш болгон АКШнын Борбордук командачылыгынын өкүлдөрү, КРнын Чек ара аскерлигинин жетекчилери, Баткен облустук администрациясынын өкүлдөрү катышты. Бул имарат 12 үй-бүлөгө ылайыкташтырылып, офицердик курамдын турак жайы, казарма жана ашкана бар.
КРнын Чек ара аскерлигинин командири, генерал-майор Закир Тиленов АКШнын Кыргызстандагы элчилиги менен АКШ башкы командачылыгына Баткен чек ара отрядынын имаратын курууга жардамдашкандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, мындай колдоо өлкөнүн түштүк аймагындагы чек ара коопсуздугун камсыз кыларын кошумчалады.
Баткен районунун акими Сейитмурат Калыков да конокторго ыраазычылык сөзүн айтып, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Памела Спратленге, КРнын Чек ара аскерлигинин командири, генерал-майор З.Тиленовго райондук администрациясынын Ардак грамотасын тапшырып, чек ара отрядынын жаңы имаратына түстүү сыналгыны белек кылды.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
25.08.2012. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЭЭ, Ошо АКШ жон жургон жокко, иши барда алардын! Ошол эле Памела Спратлен колония №47 ге кирип Азимжан Аскаровко жолугуп, жолугуудан кийин америка жардам берет, чыгарыш керек , анын куносу жок деп айткан адам! 1-ден бул Кыргызстандын ички ишине кийгилишуусу, 2- ден колония №47 кирууго уруксат ким берди?
Америка эч эле жыргатпайт!!! Бир куну АКШ солдаттары менен келбесин Кыргыз элине "Эркиндик" беребиз деп!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо