№511 17-август-23-август, 2012-ж
Аялдарга тиешелүү түркүн оорулар бар. Алардын бири – жел кабыш оорусу. Бул ооруну элдик медицинада айыктыруунун кандай жолдору бар? Бул жаатында бир нече элдик дарыгерге жолугуп, иш ыкмасы менен тааныштык.
«ЫСЫК ТАШТАРДЫ ДА КОЛДОНОБУЗ»
КММА медициналык борборунун невролог, массажист, вертобролог-реабилитолог, стоунотерапевт жана мануалдык терапевти Равшан Юлдашев өз ыкмаларын баяндайт:
«БУУГА ОТУРГУЗАМ»
Төлгөчү, элдик дарыгер аталган Майрам Жакыпбек кызынын дарылоо ыкмасы:
«ДИЕТА, АНАН ЖЕР ОРОО ЫКМАСЫ МЕНЕН ДАРЫЛАЙМ»
Тамырчы, табып Дүйшөн Чомо уулу өзүнүн дарылоо ыкмалары боюнча төмөндөгүдөй ой бөлүштү:
Дарылоо ыкмасы
Алгач оорулуу диетага отургузулат.
1-диета. Гречка менен сулу диетасы. Ысыган казан көмөчкө 200 грамм гречканы салып, үстүнө 2 аш кашык күн карама майын жана 1 аш кашык соя соусун кошуп, бир топ аралаштыруу кажет. Анан 500 грамм суу куюп, кайнагандан кийин жай отто аралаштырылбай 20 мүнөт дымдалат. Даяр тамакты 1 күндө 3-4 бөлүп жеп, суусаганда сулунун кайнатмасы ичилет. Кайнатманы даярдоо: 200 грамм сулуну кечинде сыр идишке салып, үстүнө 1,5 литр кайнак суу куюп, капкагын бекем жабуу кажет. Эртең менен дакиден өткөзүп, сүзүп, иче берсе болот. Же болбосо дакиге сүзүп алардан мурда 15 мүнөт кайнатып алса да болот.
Сулудан денедеги уулуу заттар чыгып, кан тамырлар тазаланат. Бир күндүк норма – 300-700 грамм. Диета кармап жатканда башка суусундук ичүүгө болбойт.
Соя соусу болсо туз ордуна колдонулат.
2-диета. Күрүч менен сулу диетасы. Диеталык тамактын жана сулунун кайнатмасынын даярдалышы жана 1 күндө канча жеш нормасы 1-диетадагыдай эле.
2 диета тең 7 күндөн тартып 14 күнгө чейин кармалат. 1 ай кармаса да болот.
Диета кармаганда баш менен сөөк-муундар ооруп, дене салмактанат. Керексиз заттар заара менен чыга баштаганда ушундай оору белгилери байкалат. Бул диетадан бөйрөк, боор тазаланат.
Убагы келгенде аралаш тамакка киргизилет. Ургаачы уй, кой, коён эттерин кайнатып (тузун аз кылып) жесе болот. Бул 1-3 айга созулат. Башка мал эти, үндүк эти болбойт.
Жер ороого отургузуу
7-10 күн диета кармалгандан кийин жүргүзүлөт. Ысыгы ашкан оорулуу суу ороого, ал эми суугу ашынган ноокастар очок ороого отургузулуп дарыланат.
Очок ороо. Алачык же боз үйдүн ичинде ноокас отурганда мойнуна чейин баткыдай кылып ороо казылат. Айланасы чий менен курчалат. Анан ал ороого от жагып, ысыгы кайтканда нымдуу жалбыздан жарым метрче төшөп, үстүн буу чыкпагыдай кылып жабат. Ороого сыркоо жылаңач отургузулуп, башы сүлгү менен оролот. Ороодо отуруу 1 сааттан 7 саатка чейин созулуп, 5-7 күн кайталанат. Суусундукка сулунун гана кайнатмасы ичилет.
Суу ороо. Бул үчүн деле алачык же боз үйдүн ичине ороо казылат. Ал жерге кайнак сууну топурак кулгугуча (топуракка сиңбей калгыча) куят. Оорулуу ороого жылаңач отургузулуп, тегереги буу чыкпагыдай кымтыланып жабылат. Ороодо отуруу узактыгы – 3 саат. Бул 5 же 7 күн кайталанат. Ысып, суусаганда сулунун кайнатмасы ичилет.
Айта кетчү нерсе, дарылануу тамырчынын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Алыс жол жүргөнгө болбойт, төшөктө жатуу керектелет. Өз алдынча дарыланууга жол берилбейт.
«КАРАГАЙДЫН ИЙНЕ ЖАЛБЫРАГЫ МЕНЕН ТОБУРЧАГЫ ИШКЕ ЖАРАЙТ»
Элдик дарыгер, төлгөчү Батма Акылбекова:
– Жел кабышка кабылгандардын жүрөгү кысылып, тамакка табити тартпай калат. Жел шишик экени сыртынан эле көрүнүп турат. Бул оору үчүн атайын өзүмдүн ыкмам бар. Карагайдын ийне жалбырактарын чогултуп, майдалап кесем. Анан аларды чоң сыр идишке салып, суу куюп, кайнатам. Кээде тобурчактарын да аралаштырып жиберем. Кайнатмасын ваннадагы жылуу суунун үстүнө куюп, оорулууну 25-30 мүнөт жаткырам. Муну 10 күн кайталоо зарыл. Ваннадан чыккандан кийин жылуу жаткызып, тери кайтканда ысык шорпо ичирем. Денесиндеги жел чыксын үчүн тула боюна массаж жасайм. Массаж үчүн дарыканаларда сатылчу дары майларды (мазь) колдоном.
Айта кетчү нерсе, оорулуу диета да кармашы зарыл. Эркек малдын, үндүктүн этин жебей, уйдун, тооктун этин гана жеп, шорпосун аздан гана ичет. Куурулган тамак желбейт.
Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
окуп жатып тушунгон жокмун бул кандай оору экенин, бирок ,,Датка кыз" жазганын окугандан кийин тушундум, ырахмат датка кызга!
мен дайыма эле укчумун, келин торогондон кийин торкунуно барып тынып келгени жакшы нерсе деп, а бирок анын ооруну алдын алгандар деп ойлобоптупмун!
Ошол туура негизи, торкунуно эле барып тынып келгени жакшы болот, а силер буга кандай карайсынар!??!