ЭПИЛЯЦИЯ, ДЕПИЛЯЦИЯ же денедеги ашыкча түктөрдөн арылуу

№512 24-30-август, 2012-ж

Мырзалар эки күндүн биринде сакал-мурутун алып убара тартышса, биз, айымдар, денебиздеги ашыкча түктөрдөн арылуу көйгөйү менен эки жумада бир баш оорутуп турабыз. Келгиле, баш оорубузду азайтып, "түктөрдөн биротоло арылууга болобу? Болсо кандай жол менен?" деген суроолорго жооп издеп көрөлү.

Көпчүлүк айымдар депиляция менен эпиляцияны чаташтырып алышат. Негизи, эки кызмат тең түктөрдү кетирүү жаатында болгону менен, айырмачылыктары бар. Атайын аппараттын жардамы менен түктүн фолликулунун, башкача айтканда, тамырынын түбүнөн өсүшүн тоскоолдукка учуратып өстүрбөө эпиляция жолу аркылуу ишке ашат. Мында бир эле жолку процедура менен түктөрдөн арылам десеңиз жаңылышасыз. Себеби эпиляция курсу белгилүү тартип менен бир топко созулат жана баасы да кымбат келип, капчыгыңызды бир топ жукартат. Болбосо, сиз каалаган көрүнүктүү жыйынтык келип чыкпайт. Чурайга эпиляция кылардан мурун сөзсүз гинекологдун көзөмөлүндө болуп, керектүү кеңештерди алганыңыз оң. Эпиляция бетке, колтукка, чурайга жасалат. Бир жолу жасалган процедура 2-4 жумага чейин жетет.
Депиляция көбүнчө бутка, колго жасалат. Мында түктөрдүн үстүнкү бөлүгү гана ар кандай каражаттардын жардамы менен белгилүү убакытка чейин алынат. Мисалы, мом менен жасалган депиляциядан кийин эки жума өткөндө түктөр кайра чыга баштайт. Чындыгында, баары тең айымдардын канчалык деңгээлде түктүү экенинен көз каранды.

ЭПИЛЯЦИЯ ТАРЫХЫНАН
Эпиляция, депиляция египеттик айымдардан келип чыккан. Учурунда ал жакта баштан башка жерде түктөрдүн болушу маскарачылык болуп саналчу. Атактуу Клеопатра милдеттүү делген даражага чыгарган. Андыктан мисирлик айымдар жылмакай дененин ээси болуу үчүн баарына кайыл болушкан. Убакыттын өтүшү менен момдон, балдан жана ар кандай чөптөрдөн илээшкек аралашмаларды жасап, колдонууга өтүшкөн.
Түктөрдү кетирүүнүн тарыхына римдик айымдар да өз салымдарын кошушканын айта кетпесек болбос. Мончодо буулануу аркылуу теринин кеңейиши аз да болсо ооруксунууну азайткандыктан, атайын жиптер менен түктөрдү алып салышчу экен.

ЛАЗЕРДИК ЭПИЛЯЦИЯ – эпиляциянын эң иштиктүү түрү. Александрит ташы аркылуу жүргүзүлөт. Эпиляциянын бул түрүндө лазер менен ар түктүн фолликулу күйгүзүлүп, өсүү режими толугу менен 1-2 жумада кыйроого учурайт. Толук курс 7-10 процедурадан туруп, ооруксунуу менен коштолсо да, жыйынтыгында жагымсыз түктөрдөн биротоло арылуу мүмкүнчүлүгү бар.

ЭЛЕКТРОЭПИЛЯЦИЯ – кымбат, бирок ооруксунтуу менен ишке ашкан эпиляциянын эң эски, колдонуудан чыккан түрү. Түктүн ар бир талын электр заряды менен күйгүзүү аркылуу ишке ашат. Тээ тамырына чейин ийненин жардамы менен жетет. Натыйжалуу болгону менен, варикоз, кант диабети менен ооругандарга бул ыкманы колдонууга болбойт. Дагы бир терс жагы, электроэпиляциядан кийин тырыктар калып калышы мүмкүн.

ФОТОЭПИЛЯЦИЯ лазердик эпиляцияга эле окшош. Чынында, баасы ага караганда арзан. Денеге, мисалы, чурайга атайын фотоэпиляцияга арналган крем сүйкөп, жылуулукка кактоо менен бул аракет ишке ашат. Абдан сезгич териге эпиляциянын мындай түрүн колдонууга болбойт. Анткени фотоэпилятордон бир нече нур чыккандыктан, тери күйүккө учурашы мүмкүн. Фотоэпиляцияны пайдалангандар денесинин түктүүлүгүнө карап ар бир эки ай сайын 3 же 10 жолу процедурадан өтүп турушат.

МОМ ДЕПИЛЯЦИЯСЫ – депиляциянын эң кеңири тараган түрү. Анын муздак, жылуу, ысык деген түрлөрү бар. Бул ыкмада мом териге сүйкөлөт да, үстүнө атайын жука косметикалык салфетка жабылат. Андан соң 5-10 секунд аралыгында салфетка сыйрылып алынат. Үй шартында ысытылган мом менен депиляция кылууда кылдаттык менен иштебесе, сезимтал терини күйгүзүп алуу коркунучу бар. Мында түктүн узундугу 3 миллиметрден ашпашы керек.

КУМШЕКЕР ДЕПИЛЯЦИЯСЫ ЖЕ ШУГАРИНГ атайын пастанын жардамы менен ишке ашат. Бул ыкманы дененин бардык жерине колдонууга болот. Бир аз ооруксунууну пайда кылганы гана болбосо, пайдаланууга ыңгайлуу. Момдой болуп түктөн тышкары териге жабышпайт жана түктөрдүн узун-кыскасы мааниге ээ эмес. Болгону, түккө илээшет. Пастаны денеге сүйкөөр замат катып, клеёнка сымал болуп калат. Сыйрыганда ашыкча түктөр ага жабышып чыгат. Мында фотоэпиляцияда болуп кетүүчү күйүктөр болбойт.

УСТАРА МЕНЕН АЛУУ, тескерисинче, түктөрдүн күчөп өсүшүнө алып келет. Өсүү ылдамдыгы да тездейт. Этияттабаса ар кандай кесип алуулар көп болуп, жарааттар пайда болушу мүмкүн. Бара-бара тери одоно көрүнүп, жагымсыз маанай жаратат. Айымдарга бул ыкмадан алыс болууну сунуштайбыз.

ЖУЛУУ ЫКМАСЫ илгертеден колдонулуп келе жатат. Искек менен жулгандар байкагандай, кээде түктүн орду кара чекит болуп калат. Ал жулганда түбү калып калгандыгын далилдейт. Бирок колтуктагы жана чурайдагы жүндү терүү өтө опурталдуу жана жагымсыз. Көпчүлүк айымдар бул ыкманы каштарына гана колдонушат.

КРЕМДЕРДИН ЖАРДАМЫ МЕНЕН да денедеги ашыкча түктөрдөн арылууга болот. Бирок анын химиялык курамы ден соолукка өтө зыян. Денеге сүйкөп, белгилүү убакыттан соң сүртсө, түктөр өзүнөн өзү күбүлүп түшүп калат.

ҮЙ ШАРТЫНДА...
Үй шартында устара менен кырууда теринин кычышуусун алдын алуу үчүн төмөнкү кеңештерди сунуш кылабыз. Алгач түктөрдү тазалоонун алдында жылуу ванна кабыл алыңыз. Түктөр өсүп кеткен убакта негизги катмарын кайчы менен тегиздеп, жумшартуучу көбүктөн сүйкөө керек. Көбүк сүйкөлгөн соң түктөр жумшаргыча бир нече мүнөт күтүүгө туура келет. Бирок алдын ала көбүккө аллергияңыз жок экенин текшерип алыңыз. Эң негизгиси, устаранын мизи курч болсун. Түктөрдү бир калыпта, өсүү багытына карай алганга аракет кылыңыз. Антпесеңиз териңизди кызарта кычыштырып, бир топко чейин сизди кыжалат кылышы мүмкүн. Тазалап болгондо самын же гель менен таза жууп коюңуз. Өтө эле таза болом деп бат-баттан түктөрдөн арылуу менен алектенбеңиз. Үй шартында триммер же электр устарасы менен аялуу жердин түктөрүн алуу да өтө кооптуу. Себеби абдан назик серпилмелүү жерди кесип алуу коркунучу бар.

Макаланы даярдоого көмөк бергени үчүн "Сулуулук жана ден соолук" клиникасынын дарыгер-косметологу Айнура Бейшеналиевага ыраазычылык билдиребиз.

ТҮКТӨРДӨН АРЫЛУУ КАНЧА ТУРАТ?
Эпиляция жолу менен (түрлөрүнө карата, 1 процедурасы)

Беттеги түктөр – 150-500 сом
Кол – 250-2000 сом
Чурай – 600-1500 сом
Бут толугу менен – 400-2000 сом
Тизеге чейин – 250-1000 сом
Колтук – 150-1000 сом

Депиляция жолу менен (түрлөрүнө карата, 1 процедурасы)

Каш – 50-200 сомго чейин
Беттеги түктөр – 150-250 сом
Кол – 200-400 сом
Чурай – 500-700 сом
Бут толугу менен – 350-700 сом
Тизеге чейин – 200-400 сом
Колтук – 150-250 сом

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(29)
28.08.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин Кыргызстанда да жасайт бекен?
28.08.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лучше убара болбой
акчаны коротпой орттоп салыш керек
30.08.2012. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
askat1985, Бишкек ТЭЦ кышкыга отун катары жарандардан тук кабыл алабы анда :)))
29.08.2012. 08:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыздар денеге чыпталышкан шым кийип журсо эле туктор озу кубулуп тушуп калат. Бул тастыкталган. Себеби тук осууго кучу жетпей жыдып узулуп тушот денеге чыпталышкан кийимден. Озгочо Джинсы шымдардын жардамы чон.
31.08.2012. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbekkagan, туктор чыпталышкан шым кийсе эле тушо берсе, анда жашоо жыргал болбойт беле. экинчиден, шым канчалык чыпталышкан болуш керек чтоб туктор озу эле тушуп калуу учун. и еще как в таких джинсах то ходить??? %О
29.08.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен эркектер туктуу айымдарды жактырат деп укканмын. мунун канчалык чындык экендигин эркектер оздору жазышса...
30.08.2012. 23:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Датка кыз, туктуу кыздар жагат дегенге кошкла албайм, жеке мага айрыкча жакпайт
29.08.2012. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ортоп салса мурункуданда узун болуп чыгат, ортосо деле чыга берет.
29.08.2012. 20:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эркектерге туктуу айымдардын жакканы чын болсо анда эбак айымдар сакал деле коюп албайт беле... анда эпиляция депиляция эмес, тук остуруу каражаттары мода болмок...
30.08.2012. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оо керектуу информация экен,кереги тиет коп эле
30.08.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fotodogu gul mewaet etip jatat...
31.08.2012. 20:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aote, кому что, а лысому бантик :D :D
30.08.2012. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shariyatta koldogu,buttagy tuktordu aluuga bolboit degendi ukkan bolchum...
05.01.2013. 16:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aus_Deutschland, шариятта артыкча жундорду тазалоого уруксат берилген, себеби Динибиз таза дин...
31.08.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
rohabayke, сен беттеги, мен башка жактагыны айтып жаткан болчум. Каап, уялбай эле ачык жазып койсом болмок экен
31.08.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aus_Deutschland, мен элестетип алдым уже, бетин жүн баскан эркектерди. Молдолор деле сакалынын эки жагын тегиздеп алышат го, демек ала шариятка туура эмес иш кылып жатышыптыр да
31.08.2012. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кеңештер экен.
31.08.2012. 15:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
P.S: Datka kyz, ailanaiyn, sadagan keteyin dese, men degen koldogu anan buttagy dep jatpaimynby? too dese bee deit go...
04.10.2012. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн соонун кенеш экен! бул маселе ар бир эле айымды туйшолдурсо керек. Бирок, элде айтылып журот го "туктуу болсон, бай болосун!" деп... ))) Темпераменттуу болот дешкендерин да угуп калам.
08.10.2012. 00:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салам.жулуп салуунун натыйжасында, бутумдагы туктордун орду кара чекит болуп калган. кара чекитти кандай жоготсом болот? билген нерсениздер болсо жазып коюнууздарды суранаар элем. алдын ала рахмат
08.10.2012. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
анан кайсы сайтка кирип кенеш сурасам болот?
08.10.2012. 16:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolya8892, сурооңузду тиешелүү бөлүмгө жеткирип койдум, макаланын автору адистерден жооп алып, жакын арада бул жакка калтырып койгонго аракет кылат.
08.10.2012. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1

Bolya8892, кайсы салонго жулдурдун эле? же озун уйдон жасадынбы
14.10.2012. 04:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озум жасаган болчум
14.10.2012. 04:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_AGAT joobun ushul jerge kaltyrasyzdarby? joobun sabyrsyzdyk menen kutom. aldyn ala rahmat
15.10.2012. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Bolya8892, бутунузга депиляцияны кандай каражат менен жасадыныз эле? Толук жооп жазсаныз, сураныч. Мен адистен кенеш алып берууго даярмын
18.10.2012. 03:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Damira_Arstanova, кутом жообунузду
18.10.2012. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
искек м-н бирден жулуп чыккам кою жерлерин. анан жулган жерлердин орду кара чекит болуп калган. не кылсам жоголот кенеш бериниздерчи
28.07.2016. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
айтып жаткан кремдин аталышын жазып койуңузчу.жана андан башка да кремдер барбы болсо аттарын жазып койуңузчу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо