ПЛАНШЕТТИК КОМПЬЮТЕР

№512 24-август-30-август, 2012-ж

Улам бир жаңы электроникалык техника чыкса, аны колдонууну толук өздөштүрө электе экинчиси жарыкка келет. Алардын бири – компьютерлер. 2-3 жылдан бери планшет деген түшүнүк биздин коомчулукту да аралап, кээ бирибиз угуп гана жүрсөк, айрымдар маалымат топтоочу, ташуучу каражат катары колдонуп жүрүшөт. Бүгүнкү сөзүбүз мына ушул планшет жөнүндө болмокчу.

ПЛАНШЕТТИК КОМПЬЮТЕР ДЕГЕН ЭМНЕ?
Планшеттик компьютерлер кадимки биз билген компьютердин акыркы үлгүдөгү жаңы түрлөрү болуп саналат. “Планшет” бул – француз сөзү (фр. рlanchette). Бизче которгондо “талаада жүргөн убакта карта түшүрүүгө, жазууга колдонулуучу кагаз бекитилүүчү такта” дегенди түшүндүрөт. Жогоруда айтылгандай, планшеттик компьютерди жаныңызда алып жүрүп, каалаган жайда колдонууга мүмкүн. Сенсордук экран менен жабдылып, ал манжанын жана атайын таякчанын (стилус) жардамы менен иштейт. Каалаган учурда клавиатура, чычканга туташтырып ноутбук катары колдонсо болот. Планшеттер негизинен интернетке кирүүгө, видеобайланышка, видео көрүү, музыка угуу жана оюн ойноого ылайыкталган. Wi-Fi, 3G/4G кошулган жана кайсы жерде болсоңуз да интернетти пайдаланууга шарт түзөт. Ошондой эле атайын офистик документтер менен иштөөгө, сүрөт тартууга багытталгандары да бар. Планшеттердин экранынын диагоналы 4 (10,16 см)дюймдан 21 (53,34 см) дюймга чейинкилери бар.

ТАЯКЧА (СТИЛУС)
Интернетте көп отургандар, эң жакшысы, таякча алганы оң. Манжа менен иштөө кыйынчылыкты жаратары белгилүү.

ЭКРАН
Планшет алам деген адам эң биринчи аны кандай максатта колдонот? Ошону билүүсү керек. Негизинен, планшетти экранынын көлөмүнө карап эки топко бөлүшөт: 7 дюймга чейинки жана 7 дюймдан жогору деп. Эгер китеп окуу, интернетке кирүү, видео, сүрөт көрүү үчүн колдонгуңуз келсе, экраны 7 дюймдук жарайт. Документ иштери менен иштейм десеңиз, 7 дюймдуктан жогорулары жакшы.
Ошондой эле экрандар эки топко бөлүнөт: атайын таякчанын жардамы менен иштей турган айнек экран (резистивный) жана манжанын жардамы менен иштей турган экран (ёмкостный).
Таякча менен иштеген түрүнүн артыкчылыгы – башка нерселер тийип кетсе да планшеттин экранында эч кандай реакция жасалбайт. Текст жазууда кыйынчылык жаралбайт. Ал эми манжа менен иштеген түрү иштөөгө жеңил. Бирок кемчилиги – суукта манжа муздап калса экранды иштетүүгө мүмкүн болбой калат. Кокусунан башка нерсе тийип кетсе, экран дароо реакция кылып, башка иштерди аткарып жиберип убара кылат.

АККУМУЛЯТОР
Эң негизги көңүл буруучу бөлүктөрүнүн бири бул – аккумулятор. Мисалы, 1000 миллиампер саат (мА/ч) деп көрсөтүлгөн планшеттин аккумуляторунун заряды бир кинону толук көрүүгө жетпей калышы мүмкүн же оюн ойноодо бир нече саатка гана чыдайт. Андыктан аккумуляторунун кубаты 2000 миллиампер сааттан жогору болгондорун тандаган оң жана канча саатка чейин иштегенге кубаты жетет ошого көңүл буруңуз. Экран канчалык чоң болсо, энергияны да ошончо көп сарптайт.

КОШУМЧА ТҮЗҮЛҮШТӨРДҮ КОШУУ
Планшетке сырткы кошумча түзүлүштөрдү кошууга мүмкүнбү же жокпу, ошол жагына да көңүл буруу зарыл. Мисалы, планшеттин USB-туташтыргычы болсо, чычканды, флешканы, клавиатураны туташтырууга мүмкүн. Ошондой эле телевизорго да кошууга шарт түзүлөт.

САЛМАГЫ
Планшеттин салмагы 600 граммдын тегерегин түзөт. Ал эми планшет алган соң чийилбеш үчүн ага атайын кап кийгизүү керек. Мына ошондо анын салмагы 1 килограммга жетиши мүмкүн. Мында клавиатура орнотулган кап да бар. Мындай салмакты көпкө чейин колго кармап туруу, көтөрүп жүрүү ыңгайсыз.

ФОТОКАМЕРА
Видеобайланыш, видео, сүрөт тартуу үчүн атайын фотокамера болууга тийиш.

ПРОГРАММА МЕНЕН КАМСЫЗДОО
Учурда планшеттер, негизинен, “АйОС” (iOS) жана “Андроид” (Android) оперативдик системдери менен жабдылган. Мында компьютердик программалардын баары бар десек болот. Бирок кээ бир планшеттер сүрөт, видео көрүү, китеп окуу жана интернетке кирүү үчүн базалык программалар менен гана жабдылган. Мындай учурда өзүңүз каалаган программаны планшетке жүктөп, орнотуу үчүн сатып алууга туура келет.

ИНТЕРНЕТ
Планшеттердин кээ биринде 3G же 4G модеми бар. Ал эми кээ биринде булар жок да, WiFi гана бар. 3G же 4G модеми аркылуу интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк чоң жана каалаган аймактан чыга аласыз. Ал эми WiFi болсо, интернетке кирүү үчүн белгилүү гана имараттын тегерегинде шарт бар. Ошондой эле планшеттин сырткы корпусу темирден жасалган болсо, WiFi аркылуу интернетке кирүү кыйынчылыкты жаратат. Себеби антенна жакшы кармабай калат. Мындан сырткары GPS-навигатор катары жолдо жүрүүдө колдонууга мүмкүн. Өзгөчө автоунаага ыңгайлуу.

ИШТӨӨ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ
Мында процессордун жыштыгы же жөнөкөй сөз менен айтканда, ядролордун саны маанилүү. Процессордун жыштыгы 600 Мегагерц сандык көрсөткүчүндө болсо, mpeg4 форматындагы фильм, видеолорду көрүүгө жарайт. Мында анын баасы да арзаныраак. Ал эми HD-видео форматындагы видеолор үчүн 720 Мегагерцтен жогорку жыштыктагы планшеттерди колдонуу зарыл. Оюн ойноо үчүн процессору күчтүү дегендерин тандоо керек. Процессор канчалык күчтүү болсо, компьютердин иш аткаруу мүмкүнчүлүгү жогору болот. Оперативдик эсинин (оперативная память) сыйымдуулугуна да көңүл буруу абзел.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Комментарийлер(42)
27.08.2012. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мммммда, планшет мага жакты.

27.08.2012. 10:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maga da jakty, anan da bilbegen nerselerdi bilip aldym. Chon rahmat.
27.08.2012. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а мен сатып алдым чеееееееееткий экен
28.08.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Adeli, Канчага?Параметрлери кандай экен?
29.08.2012. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Adeli, сенден бироо сурап атабы
27.08.2012. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакпай жургон болчу планшетим. Демек, клавиатура да кошсом болот экен кооп нерсени билдим. Колдо бар алтындын баркы жок сынары билбей жургон экем.
27.08.2012. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ei maga da ayabai jakty men owo menen kop jumuwtarymdy atkaryp jatam
27.08.2012. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
3G 4G модем дебей "модуль" десе туура болчудай. Анткени модем бул озунчо тузулуш да.Ал эми оюн ойноо учун процессор,оперативдик эс эле эмес видеокарта да башкы рольду ойнойт.
27.08.2012. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men apple 2 ipad satam, Amerikada.
28.08.2012. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, баасы кандай силерде?
29.08.2012. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
shasi, biz $450 don satabyz Amerikanyn ichinde, bashka olkolor uchun $500 plyus zashitniy case degeni v podarok berilet.
29.08.2012. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, Кыргызстанга алдырсам канча кетет экен почта аркылуу чыгымына.
29.08.2012. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kubanychbekkagan, $520 dey ketet, birok 1 ay icinde jetet eken.
30.08.2012. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, ааа жакшы. Буюрса мен да алдырсамбы деп ойлонуп жатам. Тааныштар бар эле жакында келет. Ошондон салып жиберет окшойсун. Менин почтама запрос жиберип койчу же номеринди купуя катка жазып жибер чалып макулдашып алалы.
05.09.2015. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, жакшы экен
27.08.2012. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мм жжаккшы екен
28.08.2012. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
iPad 4 жакынкы айларда буйруса чыгат экен. Озгочолуктору 3D дисплей,2Гб оперативдик эс,4 ядролуу процессор,эс тутуму 64гб,128гб,256гб болот экен.Баасы белгисиз.:)
29.08.2012. 01:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
axmed88, Amerikada Ipad 3 jany gana chygyp elder satyp ala bashtashty, biz anday Ipad 4 jonundo uga da elek ekenbiz, birok Ipad 2 abdan populyarduu
29.08.2012. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Juliana, Бул маалыматтар негизи имиштер,официалдуу маалымат эмес. Алардын айтуусу боюнча ушундай экен техникалык жондомдуулуктору.
31.08.2012. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
axmed88, Germanyada iPad 4 dekabrdyn 1 nen bashtap chyga bashtajt dep zhatyshat.
28.08.2012. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы экен мага да жакты
29.08.2012. 03:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
МЕН да планшетке кызыгып журом!
29.08.2012. 10:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кытайда да учурда жаңылык катары базарга баш бакты, замандын агымына шай, улам жаңылыктарды өздөштүрүүгө үлгүрүп, улам эскиси колдонуудан калып жатат окшойт, ПЛАНШЕТТИК КОМПЬЮТЕР нотбуктун ордун ээлейт болуш керек эми.
29.08.2012. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда ушундай компаниядан бироо болсо эле экономикабызга абдан он таасирин тийгизмек деп ойлойм.
29.08.2012. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага дагы жакты, сатып алсам окшойт.
29.08.2012. 18:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлосонор еле асмандан суйлойсунор да анан бироого комментар жаззанар тетири жагын аласынар
29.08.2012. 19:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba_kg, Бул жерде тетири метири деле коменттер жок го. :)) Мумкун башка жакка жазам деп туура эмес жазып алдын окшойт. :))
30.08.2012. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Uwundai kyzyktuu nerselerdi kop jazsa jakwy bolmok
30.08.2012. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты Ipad 2 соонун экен
30.08.2012. 06:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kyrgyzstanda ipad 2 baasy azyr kan4a bolup jatyptyr aityp koigula4y surany4!
31.08.2012. 17:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен бир жылдан бээри планшет колдонуп журом,(АСЕR А 500 icоniа) чындыгында мага анча коп жаккан жок.мен ноутбук же планшет деп тандоо турганда планшет алып алдым эле окунуп калдым,..ооба интернетке киргенге,оюн ойногонго болот и то коп нерселерди аткара албайт,и постоянно колдо кармап олтуруш керек,колго кармаган сон козго да зыян,анан моюн да ооруп кетет:).колдон келсе лучше полноценный ноутбук алып айсанар жанылбайсынар,планшет бул просто ПОНТ..
02.09.2012. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jazbek, klaviatura koshup koysonor bolot, specialniy case bar, planshet laptopko okshop turup turat, kolgo karmashtyn keregi jok
02.09.2012. 14:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы,мен самсунг галакси таб 7.7 маркасындагы планшет колдоном,бул заман бап эн сонун аппарат,каалаган оюндар,керектуу программалар бар,китеп жуктоп окуйм,гезит сатып албай эле интернеттен окуйм,ноутбуктан айрымасы бул планшетти дайым жанында алып журсон болот,салмагы 0.400-0.500 грамм.зарядкасы 8-9 саатка жетет тынбай иштетсе,а ноутбук 1-3 саатка эле,бул планшет уюлдук телефондун да ишин аткарат,демек телефон чалса болот,ноутта андай жок.
03.09.2012. 02:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кому как эмеспи ?эмне алсанарда кайсыл максатта колдонушунарды ойлонуп алсанар жанылышпайсынар
16.09.2012. 12:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушундай компанияларды биз иштетишибиз керек. Келечек жаштарда.
26.09.2012. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
wi-fi жок болсо деле кино корсо болобу билгендер айтып койгулачы сураныч
29.09.2012. 15:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
azike, WiFi ал плеер эмесго ансыз фильм коро албай калгыдай, албетте болот эгер планшетиндин озунун "память"инде фильмдерин болсо. WiFiдын артыкчылыгы кээ бир Кафе, Ресторан, жана коомдук жайларда интернетке акысыз кире алганында. А 3G, 4G жок, жон гана WiFi бар Планшеттерди сатып алгандын дээрлик кереги жок. Планшетте негизи 3G же 4G болуш керек, ансыз ал Электронная книгадай эле болуп калат.
26.11.2012. 07:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен GALAXY NOTE планшет колдоном wifi менен аран иштейт при том скорость 30мб, эми симка менен олуп эле калат.баасы 26000 руб. Азырынча корсоткучтору кучтуусу чыга элек так что деньги на ветер
21.07.2013. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимге кандай экенин билбейм мага самсунгдун техникалары жагат,уч жыл мурун айпед жакчу убакыт откон сайын прогресс жок (Стив Жоббс) олгондон бери алдыга чыга албай жатат.мага ос андроид ынгайлуу.
21.07.2013. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Azike wi-fi бул деген безпроводной интернет,wi.fi сыз кино корсон болот ал деген сенин операторуна байланыштуу
21.07.2013. 01:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jazbek andan koro ultrabook alda
24.07.2013. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
колдонсо болот экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо