-
Чай чамасын гүлдүн идишине салып койсо, андагы топурактын нымдуулугу көпкө сакталат. Ошондой эле ал семирткич катары өбөлгө түзөт.
-
Чайдын чамасын кургатып коюп, мешке от жагуу үчүн ичеги катары колдонсо да болот.
-
Кургатылган чаманы көмүргө аралаштырып жакса, анын табы көпкө сакталат.
-
Ар кандай айнек идиштер, күзгүлөр, терезелер кирдеп калган учурда чайдын чамасы чыланган суу менен сүртсө тез тазарып, туптунук болуп калат.
-
Кургатылган чайдын чамасын дааратканаларга төгүп, от коюп жиберсе, ар кандай жаман жыттар тез кетет.
-
Жыттанып калган идиш-аяктарды азыраак чайдын чамасы салынган сууда он мүнөт кайнатса, жыты кетет.
-
Кургатылган чайдын чамасын жаздыкка салып койсо, жаздыктар жыттанбайт жана жагымдуу жыт да пайда болот.
-
Үй ичинде кургатылган чайдын чамасын түтөтүп койсо, үйгө чиркей, чымын жолобойт. Түрдүү майда микробдор өлүп жок болот.
-
Таза чай чамасына туз кошуп, жумуртка бышырса өтө даамдуу болот.
-
Сарымсак, пияз жегенден кийин ооз жыттанып калса, кургак чайды чайнаган пайдалуу.
-
Чайдын чамасы менен кирдеген идиш аяктарды, казанды, жыгач отургучтарды жууса, өңүнө чыгара жылтыратат.