-
Түркия президенти Абдуллах Гүл Кыргызстанга келди, бирок расмий иш сапары кыскарды. Өзүн начар сезип жатканына байланыштуу ал саммиттен кийин эле мекенине кайтты.
-
Ысык-Көлдө эс алып жүргөн Жогорку Кеңештин депутаты Айнуру Алтыбаева 900 доллар турган планшеттик компьютерин уурдатып жибергени маалым болду.
-
Биринчи Май райондук соту Нариман Түлеевди 15-октябрга чейин кайрадан УКМКнын камагында калтыруу чечимин чыгарды.
-
Чет өлкөдөгү кыргызстандык мигранттар 7 ай ичинде Кыргызстанга 1 миллиард доллардан ашык акча которушкан. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
-
Эксперимент катары Бишкектин Уркуя Салиева көчөсүнүн 700 метр жолуна япониялык технологиянын жардамы менен бетон төшөө иштери жүргүзүлүүдө.
-
Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаарында студенттик бейтапкана ачыла турганын шаар мэри Бакыт Адылов билдирди.
-
«Сорос-Кыргызстан» уюмунун жаңы аткаруучу директору болуп Шамил Ибрагимов дайындалды.
-
Шамарал Майчиев экинчи мөөнөткө Сотторду тандоо кеңешинин төрагасы болуп шайланды.
-
2011-жылдагы президенттик шайлоодо Алмазбек Атамбаевдин шайлоо кампаниясында ММКлар менен байланышты көзөмөлгө алган Айнура Токтошева Жогорку Соттун маалымат катчылыгына дайындалды.