ПРЕМЬЕРДИН ЛОНДОНГО ВИЗИТИ СУРОО ЖАРАТУУДА

№512 24-август-30-август, 2012-ж

Жалал-Абаддагы "Кыргызпетролеумкомпани" ишканасынын 50 пайыздык акциясы сатылганы жатканын "Ата Мекен" фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев айтып чыкты. Депутат бул компаниянын 50 пайызы «Кыргызмунайгаздыкы», 50 пайызы «Петрофактыкы» экенин кошумчалап, «Петрофак» күтүүсүздөн өз үлүшүн 4 миллион 700 долларга сатабыз деп келишим түзүп жатканын билдирди.
«Биринчи сунушту алар «Кыргызмунайгазга» сунушташы керек, алар эки айдан кийин ала албайбыз дешсе, анда башка компанияга сатса болот. Бир ай өттү, дагы бир ай бар. Мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду сатып алууну азырынча токтотуп турууну сунуштап, атайын сатып албай жатат. «Кыргызмунайгаздын» кызматкерлери мага «бизге Кайсар, Пирматов чоң акча сунуш кылып, дагы бир ай коё туруңуз деп жатышат» дешти. «Өкмөткө айттыңарбы?» десем, Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондусуна айтканбыз дешти»,- дейт Текебаев. Кызыгы, аталган фонд «Кыргызмунайгаздан» эч кандай арыз түшпөгөнүн айтууда.
Мындай маалыматты эми гана угуп, «Кыргызмунайгаздын» тышкы башкаруучуларына суроо жөнөткөнүн айтат Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун директорунун орун басары Алмазбек Примов.
Өмүрбек Текебаев Бабановдун Лондонго барганын «Петрофак» компаниясынын кеңсесинин Лондондо жайгашканы менен байланыштырып, өкмөт башчынын ишин иликтөөгө алуу керектигин айтты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(6)
27.08.2012. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бабанов сенин ишин ЛОНДОНГО эмес. Максимге бара албай жатам деп еле ачык айтып ак суйлой бербесинби деймин да.
29.08.2012. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эх Бабанов, Бабанов ишин бутту акыры. Айтканды укпай тош каккыладын эле. Фейкбуктагы катчын Султан мырзага канча ирет эскерттим шефиндин жолу тетир баратат, бакиевдердин артынан чон баштыгын алып жоноп калат азыркы жолу менен кетсе деп. Укпадынар, тыйылбадынар мына эми жооп берчу учур келди.
01.09.2012. 06:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Бабанов акчага тоет экенби озу?
01.09.2012. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колдон келсе буларды атып эле салыш керек..ит аткандай эле ызылдатып...ошондо тойот акчага... озулоруно эле жашоо малина болсо болду да... а башка элдерди ойлоп да койушпайт...
02.09.2012. 12:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Babonov jakwi iwtep jatkan,koro albagandar kop,men iwenem kele4ekte babanov prezident boluwuna!
03.09.2012. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эгер Бабанов президент болсо, жашоонун буткону ушул да, жыргатпайт и кыйратпайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо