№512 24-август-30-август, 2012-ж
Жаныш Бакиевдин Беларустун Минск шаарында жүргөнүн орусиялык «Коммерсантъ» басылмасы жазып чыгып, кыргыз коомчулугунун көңүлүн бурду. Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн, эч бир өлкөдөн саясий баш паанек ала элек экс-чиновниктин ээн-эркин жүргөнү интернет булактарына чыккан сүрөттөрдөн улам белгилүү болуп отурат. Аны Беларустун оппозициялык активисти Михаил Пашкевич кокусунан көрүп калып, сүрөткө тартып алууга жетишип, дүйнөлүк желедеги социалдык тармактагы баракчасына жүктөгөн.
Сүрөттө Жаныш Бакиев эки адам менен турган. Аларды ИИМ Жаныш Бакиевдин курсташтары Тахир Рысалиев жана Рустам Сайдуев деп «тааныды». Кыргызстандын Тышкы иштер министринин орун басары Аскар Бешимов Беларустун Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенкого Жаныш Бакиевди тез арада кармап, Кыргызстанга экстрадициялоо өтүнүчү менен Беларуска кайрылган нотаны карматты эле, көнүмүш жоопту укту. Лукашенконун өлкөсү «куугунтук саясий негизде болуп жатат, бербейбиз» деди. Баса, бул арада интернет талаасына КРнын азыркы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев менен Жаныш Бакиевдин колтукташып, бассейн жээгинде түшкөн сүрөтү чыкты. "Жакында «республикачылар» менен Руслан Казакпаев Бабановго моралдык жана материалдык колдоону көздөп Түркияга барып, Бакиевдерге жолугуп кайтышты" деген маалыматтар коштоду бул сүрөттү.
Бул Бакиевдердин бийлиги тушундагы сүрөтпү же жакында тартылганбы, ким билсин, бирок экөөнүн жакын мамилеси бар экенинен кабар берип тургансыйт. Жаныш Бакиевдин деле көрүнгөн адам менен кучакташып сүрөткө түшө бербеси турган иш. Албетте, маалымат тастыкталган жок. «Республикачылар» да, министр мырза да бул маалыматты төгүндөдү. Ушундай маалда Жаныш Бакиевди кармап, мекенине жөнөтүү өтүнүч катын Беларусь элчисине министр Руслан мырза өзү эмес, орун басарынын бергени күдүк ойлорду жаратат экен. Балким, министр мырзанын жумушу көп болуп, колу тийбегендир же «Жаныш Бакиевди кармап, байлап, жөнөткүлө» деген документти өз колу менен бергенге «абийири» жол бербеди бекен?
Убактылуу өкмөт эл аралык издөөгө жарыяланган Бакиевдердин жүргөн жерин билген, ал боюнча кабар берген жарандарга 100 000 доллар өлчөмүндө сыйлык жарыялаган эле. Эми Беларустагы оппозициячы Пашкевичке андай сыйлык берилет болду бекен?
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |