БУТТАГЫ ЖЫЛДЫЗДАР ЖЕ ВАРИКОЗ ООРУСУ

№199 25-31-август, 2006-ж.

Варикоз кандай оору?
Төмөндөн жогору көздөй жүрөккө кан ташуучу венадагы клапандар кулпунун ролун аткарат. Кан клапандар аркылуу өткөн соң, клапандар кулпу сымал жабылып, канды кайра чыгарбайт. Качан бул система бузулганда кан ылдыйга эркин агып, дененин бөлүгүндө, көбүнчө бутта көпкө туруп калат. Ушундан улам вена серпилгичтигин жоготуп, чоюлуп, кеңейип кетет. Кеңейген жерлерде текши эмес түйүндөр пайда болуп, ал жер сыртка бадырайып көрүнүп калат.

Варикоз дененин кайсы жеринде учурайт?
Вена дене бөлүктөрүнүн бардыгында кездешкендиктен, варикоз оорусу да түрдүү себептер менен дененин ар жерлеринде кездешет. Мисалы, бетте, кызыл өңгөчтө, жамбашта, арткы тешикте (геморрой), бутта, ички органдарда, алтургай, жыныстык органдарда да кездешет. Жыныстык органда кездешкен түрүнө эркектердин варикоцеле оорусун мисал кылсак болот. Антсе да буттун варикозу менен көпчүлүк адамдар оорурун айта кетели. Эмесе, сөз буттун варикоз оорусу тууралуу болмокчу.

Буттун варикозунун белгилери:

  • Бут талып, салмактанат.
  • Жумуш кылган соң, бут сөзсүз ооруп чыгат.
  • Кечкисин тизенин жана кызыл ашыктын тегереги шишийт.
  • Буттун сезимдүүлүгү төмөн­дөп, сайгылашат жана ачышат.
  • Бутта, көбүнчө тизеде узакка айыкпоочу жаралар пайда болот.
  • Буттун терисинин өңү өзгөрөт.
  • Буттун кан тамырлары лукулдатып оорутуп, түнкүсүн тарамыштар тартышып, карышат.
  • Кан тамырларда торду элестеткен түйүндөр пайда болот.

Варикоз оорусунун келип чыгуу себептери

  • Дамамат туруп же отуруп иштөө.
  • Аз кыймылдуулук жана физикалык активдүүлүктүн төмөндүгү.
  • Семирүү, оор жумуштарда иштөө.
  • Тукум куучулук.
  • Тубаса варикоздук оору менен төрөлүү жана башкалар.
  • Аллергиялык оорулар.
  • Жыныстык гормондордогу өзгөрүүлөр.

Буга көбүнчө аялдар кез келишет. Мисалы, этек кирлери келээрде көпчүлүгү буттарынын оорутканын сезишет. Мындан тышкары аял кош бойлуу кезинде вена кан тамырларында өзгөрүүлөр болот да, төрөттөн соң калыбына келет. Кээлеринде болсо кээ бир себептерден улам калыбына келбей, биротоло калып калышы да күтүлөт. Варикоздо гормондордун өзгөрүшүнүн айынан аялдар төрөттөн эрте калып да калышат.

ДАРЫЛОО
Консервативдүү дарылоо
Бул атайын багытта чыгарылган трикотаж кийимдерди: колготки, байпакты кийүү; дары-дармекти кабыл алуу; дарылык багыттагы физкультура менен машыгуу. Дарыларды кабыл алуу менен катар аталган кийимдерди туура кийип жүр­сө, төрөт­төн ки­йин кеңейип кеткен веналар калыбына келет же алардын саны азаят.

Хирургиялык дарылоо
Склеротерапия. Дарт чалган вена иштен чыгып, кан соо тамырлар аркылуу ага баштайт. Склеротерапияда ошондой иштен чыккан веналар атайын аппараттын жардамы менен алынып салынат. Бул жумасына бир жолудан жасалат. Мындай ыкма менен дарт чалган веналардан толук кутулуу убактысы оорунун формасына жараша болот.
Флебоэктомия. Наркоз же жергиликтүү анестезия менен операция жасоо аркылуу оорудан кутултуу.

Варикозду алдын алууга карата кеңештер

  • Бир орунда узакка отуруудан же туруудан качыңыз. Чуркоо, сууда сүзүү менен алагдыланып, жөө сейилдөөнү адатка айлантыңыз.
  • Балтыр эттин булчуңдары иштөөсү үчүн татаал эмес, гимнастикалык көнүгүү менен машыгуу зарыл.
  • Эс алганда бут өйдө көтө­рү­лүп туруу үчүн бут алдына жаздыкча төшөп коюу жакшы.
  • Бутту кайчылаштырып отуруу варикозго алып келээрин эске алып, мындай адатыңыз болсо таштаңыз.
  • Тар шым менен ичке, бийик такалуу бут кийим кийүүдөн, катуу курларды пайдалануудан баш тартуу зарыл.
  • Ичимдиктерди ашыкча ичүүдөн, ачуу татымалдарды көп колдонуудан качыңыз.
  • Кош бойлуу аялдар ашыкча тамактануудан баш тарткандары оң. Себеби, ашыкча салмак бутка күч келтирет.
  • Буттар чарчаганда деңиз же аш тузу, болбосо дары чөптөр салынган ванна кабыл алуу зарыл. Бутту муз менен сүртүү, масаждоо да эс алдыраарын жадыңызга түйүңүз.
  • Жылына жок дегенде кан-тамырлар боюнча дарыгерге-врач-флебологдун текшерүү­сүнөн өтүп турууну жадыңызга тутуңуз.

Даярдаган Канымжан Усупбекова


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
04.05.2012. 09:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мени ушу варикоз кыйнап бутту бут денеме тарап кеткенден болом
25.11.2012. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч ким эч качан оорубасын!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо