БЕКНАЗАРОВ ЖКны ТАРАТЫП, БАБАНОВГО КОШУЛАБЫ?

№513 31-август-6-сентябрь, 2012-ж

Президент Алмазбек Атамбаев өкмөттүн отставкага кетүүсү тууралуу жарлыкка кол койгондон кийин чоң саясат майданында кайрадан Азимбек Бекназаров пайда болду. Азимбек мырза маалымат жыйынын өткөрүп, саясатка кайтканын жана оппозицияда болорун жарыялады. "Мага кызмат сунуштасаңар да барбайм. Мен оппозицияда болом, себеби бийликтегилер оппозициядан, коомчулуктан коркушат" деген Азимбек Бекназаров парламентти жана президентти кетирүү үчүн кыймыл түзүлүп, аны өзү жетектээрин да айтты. Саясатчынын пикиринде, түзүлгөн кыймыл жакын арада республика боюнча митинг-пикеттерди өткөрүп, парламент менен президенттин кетишин талап кылат. «Бабанов бизге кошул деген сунуш киргизсе эмне кыласыз?» деген журналисттердин суроосуна «жок дей албайм» деп жооп берди Азимбек мырза. Ушундан улам "Бекназаров оппозицияда Бабанов менен калабы?" деген суроо жаралат.
Ал эми Өмүрбек Бабанов мындан аркы кадамдары тууралуу азырынча айта элек. Бул маалымат жыйынында Азимбек Бекназаров Акаевдин учурунда премьер-министр болуп турган Николай Танаевдин жакында Кыргызстанга келем деп жатканын да кошумчалады.
"Мен башкы прокурор болуп турган маалда Беларуска Бакиевди Кыргызстанга кайтарып берүү үчүн бир нече документтерди жибергенбиз. Бирок "качан гана силердин бийлик легитимдүү болгондо бул ишти карайбыз" деп Беларусь тарап ишти жаап койгон.
Бийлик легитимдүү болду. Президентти шайладык. Эми Атамбаев Лукашенко менен сүйлөшүп, Бакиевди кайтарып алса болот. Лукашенко Курманбек Бакиевдин Кыргызстанда эмне кылганын толугу менен билбейт. Эгер биздин Башкы прокуратура ошол маалдагы видеолорду, сүрөттөрдү чогултуп, Беларустун Башкы прокуратурасына жөнөтсө, балким, Лукашенко кайра ойлонор. Бакиевдер менен кошо качып кеткен Данияр Үсөнов Казакстанда, Аскар Акаев Орусияда жатат. Путин менен Назарбаевди да сүйлөшүүгө чакырса болот",- деди "революциялардын бульдозери".


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(14)
03.09.2012. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эзели оозунан жакшы соз чыкпайт экен го. Качан болсо эле талап тономойду суйлойт. Тонкоруш жасап анын артынан кулаган бийликтин мулкун басып алып конду окшойт. Жок дегенде бир жолу "элим жата бербей иштейли, онуголу, осолу намыстаналы" деп карыганда жакшы соз суйлоп, кишини суйунтуп койчу Азике акеси.
03.09.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Oshonu aytsaniz bul adam adam emes da kuu tulku
03.09.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Деги кимге жагат экен ушундай кылыктары менен!?
03.09.2012. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"революциялардын бульдозери" ты кто такой? давай до свидания!
03.09.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саясаттан кеттим дединиз эле кетпепсизго тынч оз оокатынызды кылсаныз жакшы болмок
03.09.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ушул адамда бир саясатчыдай мозг жок да!!!!!!!!!!!
03.09.2012. 22:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дагы чыктыбы бул.бир башы иштесе олойун ушунун.кантип саясатта журот тан каласын
04.09.2012. 02:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ой тообо буга не жок экен. Дагы нени баштагысы келди эми, тынч журбойт экен да карыганда.
04.09.2012. 02:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
карыганда жон эле жатсынчы ушу киши.кыргызстанда пикет деген тушунук жок кезде ушул киши пикет деген ооруну баштап эмдигиче ошол оорудан айыга албай келебиз.кичине олко тынчып калса саясаттан кеттим деп,кичине эле саясаттын ойундары башталса пайда боло калат экен.
04.09.2012. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баарынарга кошулам
04.09.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бакиев кетип атканда жаш жаш балдарды аттырбай,жалан ушуга окшогон пикеттин башчыларын аттырганда болмок.кыргызстандын сообуна калмак,пикети жок тынчыраак жашамакпыз.кичине уялбайсынарбы ким бийликтен кетсе эле пикет уюштургандан.
05.09.2012. 14:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
уяаат карыган эле киши элди оюунчук кылганыныз учун кудай жазаласын сизди!!!
05.09.2012. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Алмазбек Атамбаев кетет экенби ыя?
14.09.2012. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул киши дайыма тополондон пайда табат, байкайсыздарбы? Акаев кеткенде 5-6 ай генеральный прокурор болуп акча чогултуп кайра опозиция болуп алды, Бакиев кеткенде дагы кайталады, эми дагы эле ошол кебетеси бул кишини Аксыга алпарып эч жака чыкпа деп байлап койуш керек окшойт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо