«КАРА-СУУ» БАЗАРЫНДА ЖЕР САТЫЛЫП, АЙРЫМ СООДАГЕРЛЕР ЖУМУШСУЗ КАЛЫШТЫ

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Учурда «Кара-Суу» базарында 80 контейнер жайгашкан жер сатылып кеткен. Жакында эле жер ээси эскертпестен сатып жибергенине нааразы болуп, соодагерлер маалымат жыйын өткөрүштү. «Кара-Суу» базарынын «Адилет» профсоюз уюмунун төрайымынын орун басары Туратбек Садыровдун айтымында, 80 контейнердин соодагерлери жерге ээлик кылган Мурат Жээнбеков жана Кенже Жээнбекова менен жылына 1 жылдык мөөнөт менен келишим түзүшкөн. Быйылкы келишиминин мөөнөтү 2012-жылдын 31-декабрына чейин болгон.
«Биздин колдогу келишимге карабай мыйзамды одоно түрдө бузуп, Жээнбековдор 2012-жылдын 13-июлунда контейнер жайгашкан жерди Сагын Надыров деген жаранга 600 миң долларга сатып жибериптир. Жерди сатып алган жаран ал жерге супермаркет курууну пландаштырып жатканы бизге маалым болду. 30-июль күнү жерди сатып алган С.Надыров бизге келип 1-августтан ал жерди бошотууну талап кылды. Эгерде бул маселе мыйзам чегинде чечилбесе, анда биз ар кандай кадамга барышыбызды алдын ала эскерте кетебиз»,- дейт Туратбек Садыров. Ал жердин мурунку ээлери Жээнбековдор келишимдин мөөнөтү аяктай электе мыйзамды одоно түрдө бузгандыгы, соодагерлерди эскертүүсүз контейнерден чыгарып, жумушсуз калтырып жаткандыгы үчүн Ош облустук райондор аралык сотуна кайрылышканын да кошумчалады.
Адвокат Наркул Абдуллаевдин айтымында, Жээнбековдор контейнер ээлери менен 1 жылдык келишимди мыйзамсыз түзгөн. Анткени келишим түзүү КРнын Жарандык кодексинин №556-беренесине ылайык, алгач 5 жылга, кийин 15 жылга чейин түзүлөт.
Маалымат жыйынынын уюштуруучулары, соодагерлер 80 контейнердин ар биринде 2-3төн адам иштей тургандыгын айтып, жумушсуз калган үй-бүлөлөрдүн тагдыры эмне болору туурасында тынчсызданып жаткандарын билдиришти. «Базарда иштеген ар бир ишкер чоң суммадагы насыя алып, ишин жүргүзүп жатат. Мисалы, мен өзүм эле 50 миң доллар насыя алгам. Башка ишкерлер да чоң суммада насыя төлөшөт», - дейт Т.Садыров.
Ошентип, учурда ишкерлер жердин кайра кайтарылышын, ал эми жер ээлери менен жеке ишкерлер 1 жылга эмес, 15 жылга келишим түзүшүн талап кылып жатышат.

Уулбү Каныбекова
оsh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
13.09.2012. 04:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
КАра сууга озбек туугандар кирбей аябай куну учту окшойт,баягындай 4жыл мурунку Кара суу жоктой го.КРедит менен иштейт да кобу кантти болду экен соодагерлер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо