№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
Нарын шаарынын көчөлөрүндөгү аялдамалардын ордуна жаңылары орнотула баштады. Баш-аягы 28 аялдаманын курулушу пландалган, анын 18и жылдын аягына чейин курулуп бүтөт. «Темир-тезеги, шиферине 30 миң сом кетет, төшөлчү шагылы менен ташы кошулуп отуруп бир аялдаманын баасы 50 миң сомго жетүүдө. Талапка ылайык, буга чейин аялдамаларга орнотулган күркө-дүкөндөр толугу менен алынат. Аялдамалардын жайгашуу орду да өзгөрбөйт»,- деп «Таза Нарын» муниципалдык мекемесинин директору Билимбек Жакиев айтып берди.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |