Лимондун кабыгын ыргытпастан аны менен тырмакты сүртүп койсоңуз, жылтырак жана жылмакай болот.
Картошка бышкан кайнак сууну төгүүгө шашылбаңыз. Бир аз муздаган соң ал сууга 5-10 мүнөт колуңузду жана бутуңузду малып, анан аарчыбастан абада кургатканыңыз оң.
Бир чай кашык крахмалды бир чоң чыны жылуу сууга аралаштырып, ага колду малып туруу да тырмакты бекемдете алат. Ушул эле ыкма менен буттун тырмактарына да кам көрүүгө болот.
Уктоонун алдында тырмактын боёгун өчүрүп, таза жууп, йод менен сүртүп коюңуз. «Эртең тырмагым сары болуп калат» деп тынчсызданбаңыз. Түндө йод толугу менен тырмакка сиңип, эч кандай сары түс калбайт.
Атайын тырмак үчүн медициналык каражаттарды (майлар, витаминдер) да колдонууга болот. Бирок бул учурда косметолог менен кеңешүүнү унутпаңыз.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Мен баш бармагымдын тырмагын эки жолу операция жасатып алдырып салдым,кайра эле баштагыдай кыйшык ичкери карап осуп атат,кандай жолдору бар болду экен дагы,
Мындан бир нече ай мурун чачым аябай узун эле,эстеген сайын журогум ооруп кетет.чачымды байлап алган элем,газды жандырып койуп суу толтурам деп жатсам кичинекей синдим келип калды ага алаксып жатып чачым газга тийип куйуп кетти.чач адамдын корку экен достор чачымды кайра тезинен остургум келип жатат.Супер-инфо чачды кантип бат остурууго болот ушул жонундо жазыныздарчы суранам алдын ала рахмат.
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Ал жөнүндө да маалымат бергенге аракет кылабыз.