СПИКЕР АЛМАШАБЫ?
№514 7-13-сентябрь, 2012-ж
Парламентте оппозицияда калган эки фракция биригип «Мыйзамдуулук жана адилеттүүлүк» деп аталган оппозициялык коалиция түзүштү. Аны «Ата Журт» фракциясынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев жетектейт. Ошондой эле парламенттин кезектеги жыйынында «Ата Журт» фракциясынын депутаты Ахматбек Келдибеков «төрага Асылбек Жээнбеков отставкага кетсин» деген талап койду. «Мен спикер болуп турганда КСДП, «Республика», «Ата Журт» фракцияларынан турган коалиция ураган. Ошондо мени «Биримдик» коалициясынын келишиминин негизинде спикерликтен алып түшүшкөн. Азыр эмне үчүн Жээнбеков иштеп жатат? Ал дагы кетсин!»- деди Ахматбек мырза. Анын мындай пикирин Мыктыбек Абдылдаев менен Каныбек Иманалиев да колдошту. Ал эми «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев спикерди отставкага кетирүү же ордунда калтыруу маселеси өкмөттүн курамы жана программасы бекитилгенден кийин караларын айтты. Эми спикерлик креслону мелжегендердин саясий оюндарына күбө болот өңдөнөбүз.