БИЙЛИК БИР ТОПТУН КОЛУНДА

№514 7-13-сентябрь, 2012-ж

Бул үчилтик Кыргызстанды алга сүйрөп кете алабы?

24-ПРЕМЬЕР
Ошентип, Кыргызстандын 24-премьери болуп Жантөрө Сатыбалдиев дайындалды. Ал «мен эч бир фракциянын кадры эмесмин, мен Кыргызстандын кадрымын» дегенине карабай коомчулук КСДП менен президенттин сунушу менен келген премьер катары кабылдады. Ал өзү белгилеп өткөндөй, Усубалиевдин заманынан бери мамлекеттик кызматтарда иштеп келет. Бул жагынан алганда, албетте, өкмөттүн башына тажрыйбалуу адам келди деп кубансак болор эле. Тилекке каршы, эгемендүү Кыргызстандын турмушунда «тажрыйбалуу» деген сөз кадимки маанисинде эмес, тескери маанисинде көбүрөөк колдонулуп, «демек, жеп-ичкенди кыйын билет» деген түшүнүк менен коштолуп калган. Жантөрө мырза мына ушундай калыптанып калган түшүнүктү өзгөртсө, анда элдин алкышына арзыйт.

АК ҮЙДӨГҮ АЖЫДААР ТУУРАЛУУ...
Азыр өлкө, парламент жана өкмөт башчысы – бир команданын адамдары. Андыктан Жантөрө Сатыбалдиевдин өкмөт башына келиши боюнча үмүттүү жылуу пикирлерге караганда сындар көп айтылууда. Анткени бийлик бир адамдын колуна чогулуп калды. Өлкөнүн кызыкчылыгынан саясий компромисс өйдө өтүп кеткенсиди. «Өкмөт башчылыкка жаш, реформатор, энергиялуу, креативдүү адам керек болчу» деген нааразычылык кызуусунда. Ошентсе да үзүлбөс үмүт бүлбүл жанат. Биз эскертип айтпасак да, өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев «Ак үйгө барганда ажыдаарга айланып кеткендер» тууралуу жомокту жакшы билет, ага каршы иммунитети бар деген ойдобуз.

АКЫРЫ ШАДИЕВ ДА КЕТТИ
5-сентябрь күнү Жогорку Кеңеш Жантөрө Сатыбалдиев башында турган Министрлер кабинетин жактырды. Эртеси президент Алмазбек Атамбаев жаңы өкмөттүн курамын бекитти. Коомчулук өкмөттүн курамы түп-тамырынан өзгөрөт деп деле күткөн эмес. Ошондой эле болду. Коалицияга кирген 3 фракциянын ичинен «Ар-намыс» гана кадрларын алмаштырганы болбосо, «Ата Мекен» менен КСДП буга чейин иштеп келе жаткан министрлерге баштаган иштеринин аягына чыгууга мүмкүнчүлүк берүүнү чечишти. Мындан улам «Бабановду гана кетириш керек болгон экен, андан башкалары ордунда калышты» деген ойлор күчөдү. Болгону, КСДПнын квотасы өстү. Ооба, расмий түрдө эмес. Буга чейин «Республика» партиясынын өкүлдөрү башкарып келген Энергетика жана өнөр жай министри менен Тышкы иштер министрин Жантөрө Сатыбалдиев өзү тандап, сунуштады. Демек, кыйыр түрдө КСДПнын квотасы десек жарашчудай. Муну менен чуулгандуу иштерден кулагы көрүнүп, кылмыш иши козголсо да ордунан былк этип козголбогон Аскарбек Шадиевдин министрлик доору аяктады.

«АТА МЕКЕН» НЕГИЗГИ БАГЫТЫНАН ЖАЗБАЙ КЕЛЕТ
«Ата Мекен» 2010-жылдагы парламенттик шайлоо алдында партиянын негизги багытынын бири коррупция менен күрөшүү болорун билдирген эле, ошол багыттан тайбай келе жатат. Буга аталган партиянын атынан Социалдык өнүктүрүү министрлигине барып, «пара алды» деген шек менен кармалган Равшан Сабировдун окуясы, премьер-министр Өмүрбек Бабановго байланыштуу окуялар ачык мисал. «Ата Мекен» башка фракциялар өңдүү коррупцияга айыпталып жаткан партиялашын мандатка жамынып калкалаган жок. «Териштирип, мыйзам чегинде жыйынтык чыгаргыла» деп укук коргоо органдарына кайрылды. Ал эми Социалдык өнүктүрүү министрлигинин башына биздин гезиттин негиздөөчүсү Кылычбек Султановду көрсөтүштү. Карапайым калктын көйгөйлөрүн жакындан билген жетекчибиз Кыргызстандын социалдык тармагын кыйын абалдан чыгарып кетет деп үмүттөнүп турган кезибиз.
Дагы бир кызык. Өмүрбек Бабановдун кызматтан кетиши өңгөгө жакпаса да, МАИ кызматкерлерине өзгөчө жакты. Бишкектин көчөлөрүнөн акыркы күндөрү көрүнбөй калышкан эле, Бабанов кетери менен кайрадан жайнап чыга келишти. Баягы жоруктарын карматып, бурч-бурчтан машиналарды тосуп, акча алмайды кайра башташты. Кийинки премьер Бабанов баштаган ушул ишти да аягына чыгарар деген изги тилек бар.

ТААНЫШЫП АЛЫҢЫЗ, ӨКМӨТТҮН ЖАҢЫ КУРАМЫ

Айдай Асанбекова
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(32)
10.09.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mister kylychbek ata mekenden ekenda e...jakwi))
10.09.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сариевти жок кылыш керек баштап ошодо кичине озгору болот эле
10.09.2012. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таак бул жерде саясий оюн кайрадан башталды го дейм, биздин олко эмне болуп бара жатат Анархиянын айылына жакындап калдык окшойт
10.09.2012. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Министрлердин саны эле болбосо,кылган иштеринен дайын жок.
10.09.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
7 апрельдин максаты уурдалды! Элди алдашты Приздентда Окмотда Торогада кетсин! Ушула эч жакпайтда Ачык айтам Атамбаев кетсин! ! !
11.09.2012. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zverchik, кетсин дегендер кырылсын, кетсе эле жыргамак беленер
10.09.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин бири бирибизди коро албастын жана чукумай адаттарыбыз качан калат экен э? Бирок учугу улана берет го бул кетиште. Мен ишенем бир убактарда ушуларга окшогон инсандар туп тамыры менен жок болуп, башка бир кыргызстандын экономикасын ж.б коптогогон тармактарды которуп онуктуро турган адамдар келет го деген. Албетте биз онолорбуз кудай буйруса!
10.09.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mir_ak.kg, Айтканын келсин!.
11.09.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кантип артистти, болгондо дагы татыктуу эмес артистти буткул Кыргызстандын атынан маданият министири кылып шайладынар? Мен уялам Ибрагим Жунусовду Маданият жана Туризм Министири катары коргонду.
11.09.2012. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamat87, премьер болгонго караганда маданият министри жарашат,оз жумушун билет
11.09.2012. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamat87туура айтасын.
11.09.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
койчу коп болсо,кой арам олот! министрлердин саны эле болбосо,ишинен дайын жок,ушунча ишти аз эле адам чечип койсо боло турган,ансыз да аз эле элбиз! ар биринин алган айлыгы менен жеген акчаларын эсептеп корсон,жакынкы 1000 жылда онукпойт элибиз!
11.09.2012. 16:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озу Жанторо Сатыбалдиевдин иштебеген ушу эле иши калдыле..
11.09.2012. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы иштегиледа Ак ЖОООООООООООООЛ !!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!!
12.09.2012. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
балык башынан сасыйт дегендей биз кичинекей нерселерден башташыбыз керек тазаланууну,кудай буйруса биздин кыргызстан да онугуп кетээр,умутту узбойлу!!!
12.09.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жанторо агабызды жакшы билбейт экенмин. Ал кандай адам озу?
12.09.2012. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чын жүрөктөн баары бир
13.09.2012. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuura aitasyn chyn jurokton baary bir
13.09.2012. 04:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mm
13.09.2012. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чынында бул бийлике татыктуу адамдар келбей жатат.
15.09.2012. 09:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toni.ow, barayin degender bolso kerek tatiktu osholordu bardirbay jatishpaybi bizdin jegichter!
13.09.2012. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечиресинер...А эмнеге Бабановду кетиришти? жооп жазып койгулачы!
13.09.2012. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов интригага катуу кабылды. Бирок ото таза киши деп да ойлобойм. Кулук атсыз эле жашай берсе болмок экен, Же жакшы болдубу, эрте.
14.09.2012. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Babanov cakshı ele ıştep atsa kerek ele
14.09.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ас саламу алейкум, жердештер! Баягы эле сук коздор. Элди ойлогон эч ким жок, биздинбашкаруучуларда уят калбай калганбы? Чондор байлыкты корго кошо ала кетчудой жанталашпай, Кыргызстанга бир тырмактай жардам берсенер боло? Элди тажатып буттунор.
15.09.2012. 01:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бийликтегилердиии десе.
15.09.2012. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буларды да королу, курсактары тойгондо оздору кетер же эл кетирет же парламент озу кетирет, бирок ошентсе да умут кылып иштерине ийгилик каалайлы, себеби булар биздин мамлекетти башкарганы олтурушпадыбы креслого!!!
15.09.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эчкимисине ишенбейм бийликтегилерге
15.09.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kamalbek,адамга ишенбе бир жараткан Аллаага ишен
15.09.2012. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э адамзат АЛЛАА озу нысап,ыйман берсин баарыбызга.
16.09.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачыгын айтканда: Бийлике ким келсе да карапайым элге пайда жок, баары озунун тиргилиги менен нан таап жемей, митинг кылабыз дегендер дагы эле баягылар. Умут менен жашап турайлычы Кыргызстаныбыз онолгонун коруп калаар бекенбиз.
17.09.2012. 22:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баягы эле ичип жеп тойбогон союздун калдыктары жаштардан койбойбу партия фракциялар элди эмес оз казандарын толтуруп жатат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо