№515 14-20-сентябрь, 2012-ж
ООРУГА АНЫКТАМА
Ак кандуулук оорусу (лейкемия) рак ооруларынын катарына кирет. Мында кан пайда кылуучу органдарда (сөөк чучугунда, кемиктерде) жана башка органдарда (бөйрөктө, нервдерди бойлото, териде) өсүп жетилбеген клетка элементтери көбөйүп, организмде дени сак клеткалардын пайда болушуна тоскоолдук жаратат. Натыйжада кан пайда кылуучу систем бузулуп, айрым органдар (боор, көк боор) шишип, кан азайып, иммунитет начарлап, ак кандуулук оорусу пайда болот.
РАДИОАКТИВДҮҮ КАЛДЫКТАРДЫН КЕСЕПЕТИ
Улуттук онкология борборунун балдар онкологиясы бөлүмүнүн жетекчиси, медицина илимдеринин доктору Дамира Байзакова мындай дейт:Ак кандуулуктун негизги себептеринин бири болуп радиация-нурдануу эсептелет. Кыргызстан боюнча мындай ооруга чалдыккандардын дээрлик көпчүлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарынын тургундары. Себеби аталган аймактарда радиоактивдүү (уулуу) заттар көп кездешет. Жалал-Абад аймагында радиоактивдүү калдыктар көмүлгөн жайлар көп. Ал эми Ош облусунун тургундары тамеки талааларында көп иштешкенинен, күндүн ысыгынан инфекциялык оорулардын көп кездешкенинен жана социалдык абалдын начардыгынан бул илдет келип чыгууда. Ошондой эле аталган аймактарда Союз учурунда пахта талааларына учак менен химиялык жер семирткичтерди чачышкан. Бүгүнкү күндө наристелердин ак кандуулук оорусу менен төрөлүп жатканына дагы бир себеп ошол кезде пахта талаасында иштеген кыз-келиндердин ден соолугуна байланыштуу болушу мүмкүн. Ошондуктан түштүк жергесинен келип жаткандардын саны көп.
СӨЗСҮЗ ТЕКШЕРҮҮДӨН ӨТҮҮ КЕРЕК
Эгер адамда жогорудагыдай оорунун белгилери пайда болсо, дароо дарыгерге көрүнүп, текшерүүдөн өтүү зарыл. Убактылуу көрүнүш катары карап жүрө берсе, адамдын өзүнүн каны жоголуп, таза кандын ордун ак кан басат да, оору өтүшүп кетет. Оорусу өтүшүп кетсе, дарылоо да кыйынчылыкты жаратат.
ООРУГА ЧАЛДЫККАНДАР ҮЧҮН ӨЗҮН АЛЫП ЖҮРҮҮ ЭРЕЖЕСИ
ООРУНУН АЛДЫН АЛУУ
Ак кандуулук менен жаш балдар көп оорушат. Андыктан оорунун алдын алуу үчүн алардын тамак-ашына, жашаган жеринин экологиясына көңүл буруу зарыл. Наристелердин аталган оору менен төрөлүп жатышы энеге да байланыштуу. Кош бойлуу кезинде тамеки чегип, спирт ичимдиктерин колдонуусу, аз кандуулуктан жабыркоосу да себепкер. Баласынын ден соолугу чың болушун кааласа, тамеки, спирттен алыс болуп, витаминдүү азыктарды колдонушу шарт.
СТАТИСТИКАЛЫК МААЛЫМАТ
Кубаныч Сыдыков
densooluk@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Бул макаланар калкка маалымат беруу жагынан пайдалуу макала болуптур, бирок устуртодон эле жазып тим болбой, жакшылап иликтоонорду сунуш кылат элем. Аты аталган дарыгер Кыргызстан боюнча балдардын рак оорусун даарылаган жападан жалгыз врач болгондуктан, ак кандуулук оорусуна чалдыккан балдардын ата энесинен кандай гана акчаларды алып, акчанын коломуно жараша мамиле кылаарын билбесенер керек...
эле болчу дагы эмнеден болушу мумкун, айыгып кетиши мумкунбу?
Тиешелүү бөлүмгө жеткирип коем.