№515 14-20-сентябрь, 2012-ж
31-август күнү Социалдык камсыздоо департаментинин директору Гүлнара Дербишова “7 миң доллар пара алды” деп шектелип, УКМК тарабынан кармалган эле. 6-сентябрда Жогорку Соттун аппаратынын бөлүм башчысы Улугбек Сүйөркулов “Гүлнара Дербишовага чет элдик уюмдан 30 миң доллар өлчөмүндөгү пара алганга жардам берген, ортомчулук кылган” деген айып менен камакка алынып, кылмыш иши козголду.
Кошумчалай кетсек, УКМКнын Коррупцияга каршы кызматы “2011-жылы Г.Дербишова Социалдык өнүктүрүү министринин орун басары болуп турган маалда чет элдик уюмга мыйзамсыз түрдө бала асырап алуу үчүн документ жасап, 30 миң доллар пара алган” деп да айыптоодо.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |