ШЕКАФТАР ШААРЧА БОЙДОН КАЛДЫ

№515 14-20-сентябрь, 2012-ж

Кыргыз өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Ж.Төрөмаматов Чаткал районунун Сумсар айылдык округуна караган Шекафтар шаарчасынын жашоочулары менен жолугушту. Жолугушуунун максаты Шекафтар шаарчасын кайрадан айылга айландыруунун алдында элдин көйгөйүн угуу болду. Бул жолугушууда жергиликтүү тургундар таза суу, жол, айыл инфраструктурасын жандандыруу маселесин көтөрүштү. Ошондой эле кен казып алып жаткан чет элдик компаниялардын ишмердүүлүгүнө сындар айтылды. Чаткал районунун акими Акматбек Таласбай уулунун айтымында, Сумсар айылдык округунда 6 миңге жакын эл жашайт. Ал эми Шекафтар шаарчасында 3 миңдей тургун бар.
“Тээ Союз маалында Шекафтар шаарча болуп катталып калгандыктан, учурда аны айылга айландыруу жана ал статусту кайра түптөө багытында кыйынчылыктар болууда”-, дейт аким.
Бул маалыматты тактоо максатында Шекафтар шаарчалык айыл өкмөтүнүн орун басары А.Таировго байланышка чыктык.
Элдин шаарча тибинен айыл тибине өтүүгө каршы болгонунан улам ушундай жыйынтыкка келдик”,- деп Шекафтар шаарча бойдон калгандыгын айтты.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
18.09.2012. 18:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биздин айылго,коптон бери бара элекмин,сагындым.Буйруса жакында барамын,ураааааа........!
18.09.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура шаарча бойдон калсын бирок шаарчадай кылып ондош керек. Бузула баштады.
22.09.2012. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ала Букадан Шекафтарга чейинки жолду ондоп берип койсонор эле болот эле. Ар бир барган сайын машинени талкалап келем((..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо