№199 25-31-август, 2006-ж.
Айымдарга
Мырзаларга
АНЕМИЯ, РАХИТКЕ... ЖУМУРТКА КАБЫГЫ ДАРЫ
Жумуртка кабыгы – организмге эң керектүү кальцийдин булагы. Өзгөчө экологиясы таза аймактарда жашаган жапайы куштардын жумурткасы баалуу.
Кальцийдин жетишсиздиги денсоолукка чоң зыянын тийгизет. Организминде кальций жетишпеген аялдардын жатын булчуңдары алсызданат да, төрөө кыйынга турат. Балдарда болсо рахит менен тиштердин туура эмес өсүүсүнө алып келет. Булардан тышкары кальцийдин жетишсиздиги аз кандуулукка (анемия), суукка бат-бат урунууга, аллергияга, ооздун учугуна жана башкаларга кабылууга жеткирет.
Организми кальцийди талап кылган адамдар бор, топурак жана башкаларды жешет. Булардын организмде сиңүүсү кыйындык жаратат. Ал эми буларга караганда жумуртка кабыгы оңой сиңирилет. Жумуртка кабыгынын курамы фтор, жез, темир, марганец, молибден, фосфор, цинк жана башкалар болуп 27 элементтен турат. Ошондуктан, жумуртка кабыгы сыныктын эрте бүтөлүүсү, жүрөктүн жакшы иштешине салымын кошуп, анемиядан, рахиттен, аллергиядан жана башка оорулардан кутулта алат. Ушул себептүү жумуртканын кабыгын жаратылыштын белеги катары кабыл алып, пайдалануу зарыл.
ЖУМУРТКА КАБЫГЫН ДАЯРДОО
Жумурканын кабыгын чогултуп, жакшылап кургатуу керек. Анан порошоктой кылып майдалап алса, колдонууга даяр. Эрте менен быштак же боткого аздан кошуп жесе пайдасы чоң.
Даярдаган Канымжан Усупбекова
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |