КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров: «СЕЗИМИМДИН КҮЧҮНӨ ЧЫДАБАЙ ӨКСҮП ЫЙЛАГАМ»

№516 21-27-сентябрь, 2012-ж

Кыргызда төбөсү көрүнгөн ырчы, обончулар көп. Ар биринин өзүнө тиешелүү чыгармалары, кулк мүнөзү, жеке жашоосу бар. Алардын бири – өзгөчө обондордун жаратуучусу, кыргыз элинин көзгө басар уулу, КРнын Эл артисти Арзыбек Бедияров.

ОБОНЧУ ТУУРАЛУУ

  • 1952-жылы 11-октябрда туулган.
  • Кичи мекени – Сузак району, Кызыл-Сеңир айылы.
  • 4 обондуу ырлар жыйнагынын ээси.
  • 1999-жылы КРнын Эмгек сиңирген артисти, 2006-жылы Эл артисти наамдарына ээ болгон.
  • Үй-бүлөлүү. 5 баланын атасы, 13 неберенин чоң ата, таятасы.

– Арзыбек агай, чыгармачылык чөйрөсүндө жүргөнүңүзгө канча болду?
– Чыгармачылык өмүрүм, быйыл, буюрса, 38-жылга таяп баратат. Өзүм менен үзөңгүлөш адамдарга караганда, мен бул чөйрөгө кечирээк аралашкан экенмин. Биринчи ырымды 1971-жылы, студент кезимде апама арнап «Эне тилеги» деп жазгам. Андан бери далай чыгармалар жаралды.

– Билишимче, сиз «Күлгүн жаш» деген ырыңыз менен элге таанылдыңыз. Кийин ушул эле аталышта элдик-эстрадалык топ ачкансыз...
– Ооба, бул топту түзүүгө менин «Күлгүн жаш» деген ырым себеп болгон. Аны кийинчерээк Динара Акулова Москвада өткөн «Май розалары» аттуу сынакта ырдап, лауреат болуп келген эле. Ошондон кийин атагым чыкты десем болот. 1991-жылы Жалал-Абад шаарына көчүп келдим. Шаарга келгенден кийин эле ырларым элге сиңип, топ түзүүгө дилгирленип калдым. Топтон азыркы атактуу ырчылар Шахра Талипова, Кутман Жолдошев, Алтынай Эшбаева чыккан.

– Ырларыңыз элге сиңип, чыгармачыл дүйнөдө атагыңыз чыкты. Убагында сизге сезимин арнаган айымдар да көп эле болгон чыгар?..
– Ооба. Бирок аны айтканга болбойт да (күлүп). Менин ырларымдын өз каармандары бар, алар өздөрү билишет. Бирок 9 жылдан бери бир гана адамга арнап ыр жаратып келем.

– Ал ким болду экен? Сиз менен кытайлык кыргыз кызы, ырчы Арзыгүл тууралуу көп сөз болду эле...
– 2004-жылы 28-февраль күнү мага Оштон бир жигит чалып, Кытайдан Арзыгүл аттуу кыз белек, кат берип жибергенин айтты. Катты окусам, Арзыгүл өзүнүн дарегинен баштап иштеген жумушу, башы бош экендигинен бери жазып, сүрөтүн да салып жибериптир. Ошондон таасирленип, мен аны менен байланыша баштадым. Кээде түшүмө да кирип калчу болду. Ошол түштөрдөн улам «Түшүмө кирдиң түндө сен» аттуу ыр жаралып калган. Аны жазгандан кийин Арзыгүлгө сүйүнчүлөдүм. Телеграфка барып чалдым да, ырдап бердим. Кийинчерээк Үрүмчүгө каттагандардан өзүмдүн аткаруумда ырды салып жибердим. Ал ыр Арзыгүлгө да аябай жаккан экен, өзү ал жактан аранжировка жасатып ырдап калды. Үнү мукам, уккулуктуу эле. Бирок экөөбүз шартка жараша сегиз жылдан соң, 2011-жылы жолугуштук. Аны менен кат алыша баштагандан бери ага арнап 10дон ашык обон жаралды. Жалаң махабат, сүйүү ырлары. «Ашык болдум, сагындым...» деп жазчу элем ырларды. Аны эл деле билет.

– Жолукканда сизди издегенинин себебин билдиңизби?
– Сурай алган жокмун. Ал менин ырларымдын угарманы, аткаруучусу. Ага сезимим артып «Түшүмө кирдиң түндө сен», «Бул ырлар сага белегим», «Таарындым сага бул ирет», «Өмүрлөш болсом, каражан», «Жүрөгүң сенин таш беле?», «Жетем сага» деп жаза бердим. Бирок анын сезими мен үчүн табышмак бойдон калды.
Арзыгүл Кыргызстанга эки жолу келип, менин үйүмдө жүрдү. Жубайым жок жерде экөөбүз тамашалашып калабыз. Айланабызда эл бар маалда унчукпай сыр бербейбиз.

– «Жубайым жокто...» дегениңизге караганда, кызганчаак го өмүрлүк жарыңыз?
– Арзыгүл экөөбүз жолукканга чейин анча кызганчу эмес. Кийинчерээк эл арасындагы кептерди угуп алып кээде кызаңдачу болду. «Эл айтып жатпайбы...» деп өзүнүкүн бербей, мага ишенбегенсип калат. Мен болсо «үйгө чакырып коноктоп жүрүп, өзүң демилгечи болуп бизди жүз көрүштүрдүң эле го, ортобузда эч нерсе жок. Эл айтса айтар, бирок мен бир кадам жылбай жаныңда эле жүрөм...» дейм.

– Жубайыңыз менен кантип таанышып калдыңыз эле?
– Ал кезде Сузак райондук ооруканасында усулчу болуп иштечүмүн. Түштөн кийин жумушум азайып калганда терезеден өткөн-кеткендерди карап отурар элем. Ошондой күндөрдүн биринде татынакай, болтойгон кызды дароо эле баамдап, көз салып калдым. Бугубай деген кесиптешим экөөбүз барып таанышып, аны менен эки айча сүйлөшүп жүрдүм. Мен да, ал да сезимдерибизди ачыкка чыгарбай, унчукпай жүрө бердик. Анан эки айдан кийин ала качып кеттим. Айтор, мына, быйыл баш кошконубузга 36 жыл толду. Кудайга шүгүр, 5 балам, 13 неберем бар.

– Эркек кишиге отуздан оогондо, кыркка таяганда катуу сүйүү келет дешет. Бул сөзгө кошуласызбы?
– Сүйүүгө кабылып, сезимин чыгармачылыкка гана каткан кишини кандайдыр бир деңгээлде баатыр деп эсептейм. Мен да, балким, баатыр чыгармын... Сүйүү келсе же жөн гана кыялымда жашаган болсо, аны чыгармачылыгым менен «ичиме жутам». Кээ бир эркектер бар эмеспи, үй-бүлөсүн уратат, жеңил ойлуулук кылат. Мен анткен жокмун, өз ордумда калдым. Ал сезимдер менин ырларымда гана жашайт.

– Сүйүү жөнүндө сөз баштаган соң балалык сүйүүңүз тууралуу да эскере кетели...
– Окуучу кезимде аябай уяң болчумун. Анан да минтип ачылып сүйлөп калганыма 10 эле жыл болду. 10-класста окуп жүргөндө бир кызга катуу ашык болгом. Анын колунан кармап, жүзүнөн сүйбөптүрмүн. Убадаларыбыз бар эле, шерттешкен элек. Бирок аны ала качып кетип, башкага жар болгон. Ошондо сезимимдин күчүнө чыдабай өксүп ыйлагам. Ошол кез, ошол сезимдер дагы эле баягы ыр саптарда камтылат экен. Ага арнап «Эсиме ал кез түшкөндө» деген ырымды жазгам.

Азыр да эстеп жүрөмүн,
Өзүңдү көрсөм өзгөчө,
Өрөпкүп турчу жүрөгүм...

– Кызыктуу маегиңизге терең ыраазычылык билдиребиз. Бар болуңуз.

Гүлжан Эшбаева
jalalabad@super.kg


Түшүндөгү кызды обонго салган Арзыбек Бедияров

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
24.09.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
60жаштан ашкан, талантын сыйлап урматтаган байкебиз ашык болдум деп гезитке жарыя кылганыныз бир аз туура эмес болуп калыптыр. Ал сезимдер баарыбызда купуя сакталып келет да. Чыгармачылыгынызга ийгилик. Патила женем менен бактылуу омур кечириниздер.
28.09.2012. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tago, ашык болсо болот да,ар бир адамдын журогундо "суйуу" жашайт эмеспи...кытайлык кыргыз кызды суйуп калып суйуусун арнаса арнагандыр,сага эмне шам..
26.09.2012. 16:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура ,ал сырды элдин баары билет .Кантип жалган айтсын . таланттын баалайм
27.09.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырларыныз жагат агай бар болун балпайбаган чон ата болуп журо береин
28.09.2012. 17:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арзыбек байкени тааныбаган кыргыз жок болсо керек кыргызстанда... талантынызга таазим!... ар дайым эл сыймыгы болуп журо бериниз!...
SUPER.KG видео
14.07.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Арзыбек агабыздын ырлары сонун!Сиздин чыгармачылыгызга ийгилик каалайбыз!Дагы дагы жакшы ырларды кутобуз!
SUPER.KG видео
15.07.2014. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан мыкты обончу. Иштеринизге ийгилик Арзыбек ага.
SUPER.KG видео
15.07.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бравоо. Ийгилик ишинизге
SUPER.KG видео
15.07.2014. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агай азаматсыз.сизге ден-соолук,уй-булолук бакыт,кадырлуу карылык жана ийгилик!
SUPER.KG видео
16.07.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журналистка кыздын бетинен тиштеп тиштеп алатурган экенго чиркин. Арзыбек аке ийгилик сизге.
SUPER.KG видео
16.07.2014. 08:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бозоргон тоонун этеги деп ырдаганда мен 2-3класс убагымды эстедим ошол убакта апам мн атам ырдачуу биз азыркы убака чейин апам мн атамдын ыры деп эскеребиз.
SUPER.KG видео
16.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин кошунам бул киши. Айылда Бедияровсуз той отпойт. Уул кыздын сый урматын коруп, кадырлуу каарылыктын доорун сургуло.
SUPER.KG видео
16.07.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур чыгармачылыгынызга ийгилик агай!
SUPER.KG видео
16.07.2014. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агайдын талантты, обондору угумдуу жана синимдуу.
Атама окшоштура берем, келбети, суйуусу, анан эл алдында уй буломду жакшы карайм дегени аябай окшош. Менин атам да ушундай инсан, бирок эч эле тушуно албайм...
Агай дагы коптогон обондорду кутобуз, чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
18.07.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин аяш атам ишинизге ийгилик
SUPER.KG видео
18.07.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Калк кадырлап,эл суйгон,жалпы журттун сыймыгы болгон Арзыбек Бедияров ондуу мыкты,корунуктуу,талантуу жана кучтуу обончуларыбыз жараткан кайталангыс кайрыктары,обондору кылымдар бою кыргыз элинин кооноргус мурасы катары калат деген ойдомун.Арзыбек агай канчалык бийик инсан болсо да ал ошончолук жонокой,элге жакын инсан экендиги корунуп турат экен.Ушундай улуу адамдардын маеги таасирлуу да болот,агайга ийгилик,ден-соолук, ажурналист кыздын барган сайын такшалып бара жаткандыгы байкалат экен.
SUPER.KG видео
26.07.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына таланттуу адам экенин суйлогон созунон эле билсе болот. Созу терен,жонокой уккулуктуу. Ким тана алат? Эч ким тана албайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо