№516 21-27-сентябрь, 2012-ж
ДУБЛЬ №2
Орусиянын президенти Владимир Путин өз делегациясы менен 19-сентябрдын түнүндө Кыргызстанга келип конду. Эртеси өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен көзмө-көз сүйлөшүп, андан ары кеңейтилген форматтагы жолугушуулар болуп өттү. Жыйынтыгында 6 документке кол коюлуп, эң башкысы, Камбар-Ата-1 ГЭСинин тагдыры чечилип, Кыргызстандын Орусиянын алдындагы 489 миллион доллар карызы 2 этапта жоюлмак болду.
Путиндин иш сапарын эксперттер чөйрөсү «экинчи аракет» деп атоодо. Буга чейинки биринчи аракет акталбай калган. Эске салсак, экс-президент Курманбек Бакиев «Ганси» авиабазасын чыгарам деп сөз берип, ГЭСтердин курулушу үчүн 2 миллиард доллар насыя алмакчы болгон. Бирок мурунку ажо сөзүнүн өтөсүнө чыккан эмес.
ӨЗБЕК АЖОСУНУН КӨЗДӨГӨНҮ ЭМНЕ?
Өзбекстан президенти Ислам Каримов Борбор Азия аймагында суу көйгөйү курчуп баратканын, анын кесепетинен согуш чыгып кетерин ачык эле айтууда. Түздөн-түз «Кыргызстандын айынан» деп айтпаса да, мындай билдирүүнү өзбек ажосу Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу стартта турганда, Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстанга келер алдында, болгондо да Астанага болгон сапарында айтып чыкты. Муну серепчилер «Каримов Кыргызстандын ички саясатына кийлигишүүдө, ал чырга Казакстанды да тартууга аракет кылууда» деп баалашса, кыргыз коомчулугу кыжырдануу менен кабыл алды.
Каримовдун кооптонгону, эгер Камбар-Ата-1 ГЭСи ишке кирип калса, Кыргызстан энергетикалык жактан Өзбекстанга көз каранды болбой калат жана анын кээ бир аймактарына мурдагыдай сугат үчүн суу жетпей калышы мүмкүн.
ГАЗДЫН БААСЫН БЫЧАРДА СУУНУ ЭСКЕ АЛЫШСЫН
Өзбекстан газ маселесине келгенде Кыргызстандын кызыкчылыгын уруп ойнобойт да, сууга келгенде биз уруксат алышыбыз керекпи? Аргасыздан баягы карапайым кыргыздын өзбек досуна айткан «досум, дос элек бозо сүзгөндө, ажыраштык коон үзгөндө» деген сөзү эске түшөт.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Jardam kelgen jerden buyruk dagy kelet.
Bergende kanday ustomduk bolso,alganda da owondoy baw iyuu bar...
туура ал каарыды окшойт !хе хе хе .Кыргызстан алга ,онугуп-осуп элибизди озубуз жумуш мн камсыз кылууга кучубуз жетет ишенем!
Кыргыздар сенин элине окшоп.
Артка качпайт эч качан.
Оз элине салыштырба кыргыздын тукумун.
хе хе хе туура ,мен эч тушунбойм бийликке жетсе муйуз чыгат бекен!?эч качан бийликке жолобойм жакындарымды да жолотпойм ,тынч эле жашайлы ,коро албастык болот ,атаандаштык эмне пайда андан?андан коро,бири-бирибизди колдосок ,жардам берсек !