ТИШКЕ КОШУМЧАЛОО (ВКЛАДКА)

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Жылмаюу – адамдын көркү. Ал эми жылмаюу жагымдуу болуш үчүн акактай тизилген тиштер керек. Кандайдыр бир себептерден улам тишиңиз бузулуп, бул жагдай сизди кабатыр кылып жатса, анда бул макала сиз үчүн. Жарым-жартылай жабыркаган тишти калыбына келтирүү боюнча «Адмира» стоматологиялык борборунун врач-стоматологу Амангелди Токтоналиевди кепке тарттык.

– Өз маалында врачка кайрылбагандыктан жана туура кам көрбөгөндүктүн натыйжасында тиш бузулат. Кырсыктап тиштерин сындырып алган бейтаптар да келишет. Эмалы жана тиштин тамыры жабыркап, бирок тиштин кандайдыр бир бөлүгү бар болсо, кошумчалоо ыкмасын колдонуу менен тишти калыбына келтирүүгө мүмкүн. Ал үчүн:

 

1. Алгач тиштин каналдары дарыланат.
2. Атайын металлдан (же металл-керамикадан) тиштин жарымынан бир аз бийигирээк өзөкчө жасап алуу абзел. Өзөкчөлөр бир каналдуу (маңдайкы тиштерге) жана үч каналдуу (азуу тиштерге) болуп экиге бөлүнөт.
3. Андан соң тиштин формасын аныктоо үчүн силикон материалы жабыштырылат.
4. Алынган форма техниктерге жиберилет. Ал жактан кобальт жана хром эритмесинен калыпка ылайык кошумча тиш жасалып, кайра клиникага алынып келинет.
5. Кошумча тиш атайын цемент менен тиштин каналына отургузулат.
6. 2-3 күндөн кийин кошумча тишке металл-керамика же башка металлдан жасалган коронка кийгизилип, тиш өзүнүн алгачкы калыбына келет.

КОШУМЧАЛООНУН ЖАКШЫ ЖАКТАРЫ:
•Жанындагы тиштерге эч кандай зыян келтирбейт.
•Кобальт менен хром эритмеси кычкылданбайт. Ошол себептен организмге эч кандай зыяны жок.
•Бүйлө жапа чекпейт.
•Өтө бекем жана өз тиштен айырмаланбайт.
•Кам көрүүдө өзгөчө талаптын кереги жок. Катардагы эле тиш болуп калат.
• Эң негизгиси, тиштин өмүрүн узартат. Андыктан тишти дароо суурутуп салууга же башка ыкма менен калыбына келтирүүгө шашылбаңыздар.


Кошумчалоонун баасы – 1500 сом + коронка.
Металл-керамикадан жасалган коронка – 2000-3000 сом.
Жөнөкөй коронка (болоттон жасалган)650 сом.

Салтанат Мукасова
densooluk@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(11)
01.10.2012. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баасы баардык жерде ушундайбы?
01.10.2012. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
5 жашка ч-н бекер дешет, бирок 1 тишти 200 -500 сом алышат.сут тишине. серебрит еткен ё тишти 120-90 сом. Кобу тишти коп дарылатып коркуп калган балдарды албай убактым кетет деп ачык еле айтышат андай балдарды кайда алпарып дарышлагш керек. Тиштин баасын кайдан билебиз врач канча сураса ошону бересиз.
01.10.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо канча кундун ичинде бутот болду экен.Жанындагы тиштерге байлабай эле кийгизип коет бекен. Эгер башка тиштерге зыяны жок болсо жакшы экен
01.10.2012. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эн жакшы макала экен.
03.10.2012. 09:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ёёёёё тишке кам коруш керек эле
03.10.2012. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошумчалоо деген наращиваниени айтып жатабы же эмнени?
04.10.2012. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы макала экен. Макаланын ээсине чооооооон рахмат.
04.10.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин эң "больной" вопросум экен. Кичинемден бери тиштин азабын тартып келе жатам. Жулдуруп, тазалатып жатып жүрөк чыдабай калды. Канттим эми..?
04.10.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
арзан эле экенго.россияда мындай ишке кеминде беш алты мин алса керек.себеби жооооооон эле плонба кою бул жакта 2мин турат экен.
05.10.2012. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да мандайкы тишиме 4жыл мурун жасаткам анда баасы 1000 сом болчу.Баа ар жерде ар кыл смотря суйлошконуно тааныш билишине карайт,керамикадан жасалган тиштер японский германский,российский болуп болунот,баасы японский кымбатыраак 200-300 сомго,бирок сапаттуу!Жакшылап суйлошуп туруп салдырбасанар,алдап да коюшат,биз кайдан билмек элек.Стоматолог тааныштарымдын айткандары жана озумун башыман откону учун жаздым!
07.10.2012. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men azuu tishime keramika jasatkam, birok janindagy tishimdi da aralap salishkan, az ubakit otkon son keramika tushup kalgan. emi al vrachtarga kayrilgim kelbey jatat. ralangan tishimdi kayra osturuugo janan jok tishke kanday kilip jany tish jasoogo bolot?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо