КИМ БИШКЕККЕ МЭР БОЛОТ?

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкек шаардык жана жергиликтүү Кеңештердин шайлоо күнү деп 25-ноябрды белгиледи.
Бул добуш берүү кийинки парламенттик, президенттик шайлоонун тагдырын чечет.

ФАВОРИТТЕР...
Жергиликтүү Кеңештердин шайлоосу республикалык алкакта маанилүү. Ошентсе да чыныгы айыгышкан күрөш Бишкекти алуу үчүн жүрөт. Биринчиден, калкынын саны көп, бул электорат дегенди билдирет. Экинчиден, өтө чоң каржы булактары дал ушул борбордо, демек, бул кийинки шайлоого даярдык жана мүмкүнчүлүктөр. Үчүнчүдөн, Бишкек шаардык Кеңешке шайлоодо көп мандатка ээ болгон партия шаар башчысын тандайт.
26-сентябрда президент Алмазбек Атамбаев телеканалдарга берген маегинде учурдагы шаар башчысы жана КСДП фракциясынын жетекчиси менен болгон сүйлөшүүлөрүнө токтолуп, «мейли КСДП эң аз мандатка ээ болсун, мейли такыр эле илинбей калсын, бирок шайлоонун таза өтүшү КСДПнын жана учурдагы шаар башчысынын жеңиши болот» деп билдирди. Ага карабастан, Бишкек шаардык Кеңешке шайлоодо дал ушул партия фаворит катары бааланууда. Шаар башчылык мөөнөтүнүн бүтөрүнө аз калганда Иса Өмүркулов да билек түрө ишке киришип, шаардын тургундары менен жолугушуп, активдүү иштеп жатканын көрсөтө баштады.
КСДПдан тышкары бир нече партия борбор калаанын башчылыгын алабыз деген дымак менен турган кези. Алсак, «Ар-намыс» жана «Республика». Өмүрбек Бабанов өкмөт башчылык креслодон чуулгандуу чыр менен кетип, көлөкөгө өткөндөй болгон. Бирок бул убактылуу гана. Бишкек шаардык жана жергиликтүү Кеңештерге шайлоого катуу даярдык көрүп, ал аркылуу саясий трибунага кайтуу үчүн да бүт күчтү сарптаары турган иш. «Республикадан» шаардык Кеңешке мурдагы Тышкы иштер министри Руслан Казакпаев, «Учкун» ААКсынын экс-башкы директору Кубат Болотканов катышары айтылууда. «Ар-намыс» алдын ала мэрликти Өмүрбек Суваналиевге ыйгарып, «алга» деген аскердик буйрукту генералга берүүгө жетишти. «Ата Журт», «Замандаш», «Ак шумкар» партиялары да шаардык Кеңештен орун алууга кызуу киришишти.
«Ата Мекенге» келсек, ал 22-сентябрда өткөргөн жыйынында шайлоо тизгинин да, жүгүн да жалаң жаштарга тапшырды. Партиянын Бишкектеги шаардык уюмун жетектөөгө учурдагы Бишкек шаардык Кеңешинин депутаты Камалдин Токтосартов бекитилип, анын орун басарлары катары депутат Наталья Никитенко менен экс-депутат Гүлниза Бейшенбаева дайындалып, 15тен кем эмес мандат алуу тапшырмасы берилди. Өмүрбек Текебаев жетектеген партия бийликтин канын жаңыртып, жаштарга орун бошотуу салтын бул шайлоодо да улантмакчы.

СЕРЕПЧИЛЕР САРЕСЕБИ...
Серепчилер чөйрөсү 25-ноябрь өлкөнүн кандай багытта бара жаткандыгын аныктайт дешет. Анын жыйынтыгы парламенттик системдин кантип иш алып барып жатканын: өлкө демократиялашууга сапар тарттыбы же бийлик кайрадан бир колго топтолуп калдыбы, ошону көрсөтөт.
Маалымат үчүн: Жергиликтүү Кеңештердин депутаттарын шайлоо 416 айыл өкмөтүндө жана 25 шаарда жүргүзүлөт. Анда 441 жергиликтүү Кеңештин депутаттары шайланат. Шаардык Кеңештерге 7 пайыздык тосмо коюлган. Эгерде партиялардын ичинен бирөө да бул тосмодон өтө албай калса, мандаттар эң көп добуш алган үч партиянын ичинде бөлүнөт. Бишкек шаары боюнча 45 мандат бар.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(16)
01.10.2012. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Shayloo kachan toktoyt eken bizdin kyrgyzdarga.
Ar bir ay sayyn ele bolo berei.
01.10.2012. 17:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул шайлоо бутподу даа?????
05.10.2012. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
alai87, shailoo kgstanda ech kachan butpoit, butup kalsa bizdin chinovnikter olboibu
01.10.2012. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Shailoo bizde butpos boldugo. Bizge ozu turuktu adam keler beken.
01.10.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар чиновниктер! Силер мандатка тойбодунарго чиркин. Мандатты болсонор да ''Элди'' болбогулочу мандатчылар. Аллахым баарыбызга ыйман берсин...
02.10.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шайлоо демекчи,ким шайланат,алар кимдер??ким шайлап атат? Билбегенден кийин "ык бык сен чык"деп эле шайлабасак эч кимди тааныбайбыз.толковыйлар болсо таанымакпыз да.птичканы коюп коюш керек болду..
03.10.2012. 19:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кабар
04.10.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ким мэр болсо да эл учун иштеген болсун, таза , жашыл шаар кылсын, бактарыбызды дарыласын, рекламаларды ондосун. Элге шылдын кылбай оз тилибизде ушундай ката жаздырып. Казак, озбек кошуна мамлекеттерде экономикасын да тилин да карагылачы кандай остуруудо. Гулдорду остуроордо ботаниктерди кошуп - биздин климатка чыдаган гулдордон отургузсанар. Роза -эн аз каражат кеткен бизге чыдамдуу да корктуу да коп жылдык гул.
04.10.2012. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыз кезинде баары жакшы жаман катын кайдан- шацлоого чейин баары жакшы- кийин эле ...
04.10.2012. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче корсотулгон атка минерлердин ичинен ылайыктуусу эле мурдагы экс тышкы иштер министри Руслан Казакбаев дал келет. Анткени анын ушул убакка чейин иштеген ишинен чийкилик таппайсын. Ал эми башкасын айта албайм. Эмнеси болсода элде тынчтык болсун!
04.10.2012. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бир шайлоонун чырын басып, бир нукка түшсөк эле кайра шайлоо. Деги шайлоонун канча түрү бар? Минтип шайлоо тез-тез боло турса элдин баары бир сыйра шайланып чыгат го...
05.10.2012. 18:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asul, сенин оюна кошулам, качан иштешет булар, креслодон креслого секирип, кызматтан кызматка секирип бутобу же бутпойбу.
05.10.2012. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эчкимге ишенбейм, баарынын тен ою жеке капчыгын толтуруу.
06.10.2012. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аз калды мен болом мэр....
06.10.2012. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мин аттангыла исакенер женип чыгап
07.10.2012. 05:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"...ой бул мынча иштептир, ой анын мынча сыйлыгы бар экен, амеей бул тигил айылдын уйлорун ондоп бериптир..." - деп эле олтурабыз, бул эч кандай таасир бербейт. Негизи, кимиси болсо да, жашообузга, шаарыбызга "нур" алып келуусун, аны онугуп - остуруусун ишке ашырса болот эле, анан айтаар элек: "баланча тукунчону кылды" деп)))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо