ЭНЕРГЕТИКАДАГЫ ӨЗ БИЛЕМДИК

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

ИИМ чуусу бүтпөгөн энергетика тармагындагы дагы бир ири коррупция булагын таап чыкты. Энергетика жана өнөр жай министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин көзөмөлдөө мамлекеттик департаментинин жетекчилиги кызмат абалынан кыянатчылык менен пайдаланып, мамлекетке 5 миллион сом көлөмүндө зыян келтиргендиги белгилүү болду. Жетекчилик электр энергияны сатып алып, кайра электр энергиясын бөлүштүрүп таратуучу компанияларга сатуу менен алектенген «К» фирмасына өтө арзан бааны койгон. Мисалы, «К» фирмасы Бишкек жылуулук электр борборунан 1 кВт саат үчүн электр энергияны болгону 0,68 тыйындан сатып алып турган, ал эми аталган борбордогу электр энергиянын өздүк баасы 2 сом 8 тыйынды түзөт. Бул иш боюнча Башкы прокуратура 2012-жылы августта «Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоп, иликтөө жүргүзүүдө. Бул ишкананын мыйзамдуу жана көмүскөдөгү кожоюндары ким экендиги боюнча да иликтөө жүргүзүлүүдө.
Бул окуя Исхак Пирматов боюнча козголгон кылмыш ишин эске салат. Ага «Кыргызнефтегаз» ишканасын мыкчып турганда бензиндин базардагы 1 литрлик баасы 28-30 сом болуп турганда жеке менчик ишканага 8-9 сомдон сатып, мамлекетке 258 миллион сомдук зыян алып келген» деген айып тагылган. Депутатты кылмыш жоопкерчилигинен фракциялаштары куткарып кеткен. Жеп-ичмей, кызматтан ашкере пайдаланмай дегенден дегеле кутулбайт окшойбуз.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо