КОЛ ЧАТЫР ТАНДАГАНДЫ БИЛЕСИЗБИ?

№517 28-сентябрь-4-Октябрь, 2012-ж

Күндүн илеби кайтып, асманды бирин-серин булут каптай баштады. Кайсы маалда жамгыр жаап жиберери да белгисиз. Бул учурда ар дайым кол чатыр жардамга келет эмеспи...
Кол чатырдын мекени – Кытай. Айрым булактарда Мисир деп айтылып жүрөт. Анын пайда болушу биздин эрага чейинки 11-кылымга барып такалат. Көпчүлүк учурда жамгырдан коргонуу үчүн колдонуп келгенибиз менен, алгач аны күндүн нурунан сактануу үчүн ойлоп табышкан. Ал кезде кол чатырды төбөлдөр гана көтөрүп, бийликтин жана байлыктын белгиси катары кабыл алышкан. Алгачкы кол чатырлардын бийиктиги 1,5 метр, салмагы 2 килограммга жеткен.

КОЛ ЧАТЫР ТАНДОО

  • Эки, үч бүктөлмөлүүлөр көтө­рүп жүргөнгө ыңгайлуу болгону менен, тез иштен чыгат. Канчалык түзүлүшү жөнөкөй болсо, ошончолук бекем болорун эсиңизге түйүңүз.
  • Сатып аларда алгач бир нече жолу ачып-жаап көрүү керек. Эгер оңой ачылып, дароо жабылса, кийинки этапка өтүңүз.
  • Жайылган абалында кыймылдатып көрүңүз. Эгер зымдары кыймылдап жаткан болсо, мындай кол чатыр көпкө чыдабайт.
  • Кездемесине көңүл буруу абзел. Өтө жука кездемеден тигилген кол чатырды алуудан качыңыз.
  • Зым менен кездеменин бириккен жерлери жип, анан кошумча калпакча менен бекитилиши керек. Айрыкча жаш балдардын кол чатырын алууда зымдардын учундагы калпакчага көбүрөөк маани бөлүңүз.

КАМ КӨРҮҮ

  • Кол чатырды ачык бойдон кургатуу туура эмес. Кездемеси чоюлуп, суудан жакшы коргой албай калат. Андыктан жарым ачык боюнча же толук бүк­тө­бөс­төн кургаткан туура.
  • Зымдары дат басып кетпеш үчүн маал-маалы менен майлап турган оң.
  • Эгер кездемеси жыртылып калса, ички бетинен тигип, сырткы бетинен түзсүз тырмак боёк менен боёп коюңуз.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(1)
03.10.2012. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен да бир сырды ачат го деп окусам.....хе хе...рахмат майлап турабыз зандап кетбеш учун!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо