МӨМӨ ДАРАКТАРЫНА КАМ КӨРҮҮНҮ КҮЗДӨ БАШТАҢЫЗ

№518 5-11-Октябрь, 2012-ж

Мөмөлөр адамдын организмин пайдалуу витаминдер менен камсыздап, ден соолуктун бекем болушуна өбөлгө түзүп келери талашсыз. Андыктан биз күздөн тарта эле мөмө дарактардын “ден соолугу” үчүн кам көрүп, кийинки жылга даярдоону колго алуубуз зарыл.

КАНДАЙ ИШТЕРДИ ЖАСОО КЕРЕК?
Жалбырактар күбүлүп, бир аз суук түшкөн маалдан тарта төмөнкү иштерди баштоо зарыл:

• Алгачкы кадам санитардык жактан тазалоо иштерин жүргүзүүдөн башталат. Даракты чымчыктын эски уяларынан, чириген мөмөлөрдүн калдыктарынан тазалоо керек. Антпесе, бул чириндилер курт-кумурскаларды өзүнө тартып, алардын көбөйүшүнө шарт түзөт




• Санитардык бутоо дарактын бекем болушун шарттайт. Башкача айтканда, курт-кумурскалардан арылтып, ар кандай оорулардын алдын алат. Бутоону суук түшүп, дарактын сөңгөгүндө шире жүгүрбөй, уйкуга кирген учурунда аткаруу туура. Мында куураган бутактар толугу менен кыркылат.



 

• Дарактын түбүн казып, тамырлардын дем алуусуна шарт түзүүнү унутпаңыз. Ал үчүн бактын түбүн ар кандай калдыктардан (жалбырак, чөп-чар) арылтып, аларды короодон алыс чыгаруу же өрттөө керек. Мол түшүм алуу үчүн берилүүчү семирткичтерди токтотуп, анын ордуна дарактын өсүүсүн, суукка чыдамдуулугун күчөткөн фосфор, калий берүү туура. Ар бир даракты 300 грамм суперфосфат жана 50 грамм калий тузун 10 литр сууга аралаштырып, сугаруу керек.


 

• Негизи күз мезгилинде сугарууну токтотуп койгон жакшы.Эгер жай мезгили кургак болсо,анда дарактын тамыры кышкы
сууктажабыркап калат.Андыктан суук тушкөнгө чейин бир ирет сугарып койгон оң.

ЖАШ КӨЧӨТТӨР
Жаш көчөттөр 2-3 жылга чейин суукка чыдамдуулугу төмөн жана өзгөчө камкордукка муктаж. Көчөттөрдү кыштан аман сактап калуу үчүн алгач аларды тегерек-четиндеги калдыктардан (чөп-чар, жалбырак) тазалоо зарыл. Эгер көчөттүн түбүндө калдыктар болсо, ал чычкандарды өзүнө тартат да, жаш көчөттүн кабыгы чычкандардын азыгына айланат. Катуу суук жакындаганда жаш көчөттөрдү алгач чүпүрөк же дагы башка жылуу материал менен, андан соң сыртынан ак кагаз, суу, шамал өтпөш үчүн клеёнка менен ороп коюу туура. Ал эми тамыры жабыркабаш үчүн тегерегин 10-15 сантиметр тереңдикте казып, топуракка кургак кык аралаштырып көмүү сунушталат. Андан соң үстүнө 15 сантиметрдей калыңдыкта камыш же башка нерсе менен тегерете жабылат. Эсиңизде болсун, күн жылуу кезде жылуулап ороп салбаңыз. Ал нымдалышып, көчөттүн чиришине алып келет.

• Жаш дарактарда кардын оор түшкөнүнөн улам бутактары сынып кетүү коркунучу пайда болот. Андыктан анын жаш бутактарын бекем бутактарына тарттырып байлап коюу керек.
• Быйыл аба ырайы кургак болгондуктан, көп жыл жашаган мөмө дарактарынын кабыктары кургап калды десек болот. Андыктан алардын кургап калган жерлериндеги кабыктарды сыйрып, акиташ же атайын дарактар үчүн чыгарылган сыр менен актап-сырдап коюу шарт. Бул даракты кышкы сууктан сактайт. Себеби карт дарактар тоңуп, сырткы бөлүгүндө жаракалар пайда болуп, зат алмашуусу бузулат да, чирүүгө алып келет. Ошондой эле күзгү актоо иштери эрте жаздагы күндүн ачуу тийген нурунан да сактап, кабыктын кургап кетишинин алдын алат. Акиташтын суусу дарактын түбүнө агып түшпөшү үчүн атайын актоодо колдонулуучу клейди кошуу сунушталат (10 литр сууга 200 грамм клей). Эгер клей жок болсо, анда тартылган сүт же ашкана тузун кошууга болот.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(4)
08.10.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото пайдалуу кенеш болду.Рахмат
08.10.2012. 22:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахмат ото керектуу маалымат экен,силер аркылуу дыйканчылыктын коп сырларын уйрондум.Мал чарбасы боюнча да пайдалуу кенештерге муктажбыз.
09.10.2012. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
erali, сунушуңузга рахмат!
Тиешелүү адамдарга жеткирип коем.
30.10.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пайдалуу кенештер экен рахмат
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо