ЯПОН МАКАКАСЫ КАРАКОЛДО

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

Өлкөбүздө жападан жалгыз Жапайы жаныбарларды коргоо борбору Каракол шаарында жайгашкандыгы жалпыга маалым. Жакында эле Казакстандын зоопаркынан жаныбарлардын 16 түрү, жалпысынан 60 жапайы жаныбар алынып келинди. Адистер жапайы жаныбарларды дагы кан алмаштырып, аргындаштырып туруу зарылдыгы бар экендигин белгилешет. Алыстан келген жаныбарлардын катарын япон макакасы да толуктайт. Маймылдын Каракол зоопаркына алынып келиниши тарыхта алгачкы ирет. Адистердин маалыматына таянсак, бул породадагы маймылдар ысык-суукка чыдамдуу келишет. Келечекте зоопаркка жолборстун келиши күтүлүүдө. Ал үчүн эл аралык деңгээлдеги зоопарктардын катарына кошулуу керек. Жапайы жаныбарларды коргоо борборунун директору Салтанат Сейитованын "учурда зоопаркта эл аралык деңгээлге чыгуу үчүн жаныбарлар жетиштүү болду. Бир гана алыскы-жакынкы мамлекеттердеги зоопарктардын көрсөтмөсү керек. Ошол барак колго тиери менен жолборс да алынып келинет" дейт.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
08.10.2012. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы жылыш бар,убакыт болсо коруп келем.Жаныбарлар дуйносуно кызыгам.
12.10.2012. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
зоопаркта уй жаныбарлары эле бар эле мындан 3 жыл мурун барсам керек лама,1аюу жудогон бар болчу анан буркуттор,жалгыз аккуу жапайылардан ушулар.жакшы болот эле эл аралык денгээлге жетишсе экен ылайым!!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо