«МАНАСТА» КЕРЕГИ ЖОК МУНАРА КУРУЛУУДА

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

АКШнын Коргоо министрлиги "Манас" аэропортунда бийиктиги 36 метрге жеткен аэронавигациялык мунара куруу үчүн 30 миллион доллар бөлгөн эле. Буга байланыштуу КСДП фракциясынын депутаты Олег Домшенко “аэропортто курулуп жаткан аэронавигациялык мунараны бар же жок кылыш керек” дейт. Анткени "заманбап, эл аралык талаптарга ылайык 36 метрлик мунара курулат" деп иш башталганы менен, учурда 25 метрлик мунара тургузулууда. Ал эми 24 метрлик мунара буга чейин эле бар болчу, демек, окшош мунара куруунун зарылчылыгы жок. ЖКнын тиешелүү комитети июнь айында “мунаранын курулушу токтотулсун” деп чечим чыгарганына карабай курулуш улантыла берген. Курулуштун баасы да өтө кымбат экенин айтат эл өкүлү.
Мунаранын чуусун биринчи болуп “Ата Мекен” фракциясы көтөрүп чыккан. Бул иш Өмүрбек Бабанов өкмөт башчы болуп турганда башталып, куруу тендерин түркиялык “Серка” компаниясы утуп чыккан. Ал кезде Бабановго “түрк ишкеринен кымбат баалуу аргымак белекке алып, мунараны куруу укугун ошол түрк фирмасына кымбат баага баалап алып берген” деген айыптарды жабышкан.
"Биз грант үчүн ыраазычылык билдиребиз, бирок пайдасы жок гранттын өлкөгө кереги барбы? Эмне үчүн америкалыктардын акчасын шамалга сапырып жатабыз?",- деп Домшенко суроо салат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(7)
08.10.2012. 11:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tuuRa maseleni kotoruptur
09.10.2012. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура маселе, Бабановду катуу текшеруу керек.
11.10.2012. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бабанов мунараны куруу укугун турк фирмага аргыммакка алмашса кыргызстанды да чоонураак нерсеге алмаштырып жиберетго кызык прьемер ушундай кылса депутаттар кайда бармак эле
11.10.2012. 19:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
алчусун алып алышса мунара курула берет да токтобой
12.10.2012. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жалан каражатты керег жок жактарга жумшап чондор кутурду андан коро уй салып коп балалууларды же инвалиддерди киргизип койбойбу элди ойлошпойбу...
13.10.2012. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kroxa, аны бир айтабызбы,беш айтабызбы,бизди бироо укпайт,бул деген капчыкты малекеттин казынасы менен толтуруунун бирден бир ыкмалары болуп эсептелеери айдан ачык,урматтуу Kroxa
13.10.2012. 22:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калган 11 метрдин каражаты кулкумга батып кетсе,кайдан 36 метр,ошо 25 метрге ылайык каражат алкымга батканга улгурбой калган го...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо