КИЙМЕ ЧАЧ – БИЙЛИКТИН СИМВОЛУ

№518 5-11-Октябрь, 2012-ж

Кийме чач бул – жасалма буладан же табигый чачтан жасалган баш кийим. Байыркы убактарда адамдар күчтүү жаныбарларга окшошуу үчүн анын терисинен кесип, баштарына кийип алышчу экен. Цивилизациянын орной башташы кийме чачтардын жоголуусуна эмес, тескерисинче, аристократтардын, бийликтегилердин символуна айланган.
Азыркы күнгө чейин ага чоң маани берилип, айрым өлкөлөрдө расмий баш кийим катары да каралат. Мисалы, Улуу Британиянын Лорддор палатасынын мүчөлөрү жана соттору кийме чачсыз ишке барышпайт. Бүгүнкү күндө кийме чачтын көптөгөн түрү кездешет. Кийме чачтар ылайыгына жараша түрдүү жерлерде кийилет.

КИЙМЕ ЧАЧ БУЛ – ...
Кандайдыр бир себептер менен өзүнүн табигый чачынан айрылып, таз болуп же чачы суюлуп калган адамдар кийүүчү нерсе. Кийме чач канчалык табигый чачты элестетсе, ошончолук бааланат.
Кино, театр, опера артисттери үчүн эң керектүү буюм. Каармандын элесин даана чагылдыруу үчүн актёрлор көп учурларда мунун жардамы менен образ жаратып келишет.
Айрым мода сүйүүчүлөрүнөн кийме чачтын түрүн табууга болот. Алар кийген кийимине, бара турган жерине жараша чач жасалгасын, ошондой эле чачтын узун-кыскалыгын тез жана оңой өзгөртө алышат.

«ШАПКЕСИНЕ» МААНИ БЕРИҢИЗ
Кийме чачты тандаганда чач бекитилген “шапкеге” да көңүл буруу керек. Алар монофиламент жана тресс деп айырмаланат.
Монофиламент “шапкеси”. Мында баштын формасына ылайыкталып тигилген торчого чачтар же булалар кол менен кадалат. Ошондуктан мунун сапаты мыкты болот. Бул өз чачыңыздан көп айырмаланбайт. Эки жакка тараганга болот.
Тресс “шапкеси”. Алгач чач же була жука кездемеге сап-сап болуп тигилет да, андан соң “шапкеге” кадалат. Жакындан караганда жасалма чач экени дароо билинет.Муну эки жакка кайрып тарай албайсыз. Баасы монофиламент “шапкесине” караганда кыйла арзан.

КИЙМЕ ЧАЧТЫ КҮТҮҮ

• Кийме чачты жуурдан мурда чачышын этияттык менен жазып алуу абзел.
• Кургатууда фенди колдонуу туура эмес. Жөн гана сүлгүгө ороп, үстүнөн кол менен басып суусун чыгаруу керек.
• Кийме чач кургамайынча аны тароого шашылбаңыз.
• Атайын каражаттар менен кам көрсөңүз, кийме чачыңыз көпкө кызмат кылат.
• Кандай гана кийме чач болбосун, тандоодо, эң маанилүүсү, башыңызга чак болушу керек. Ошондой эле тери дем ала тургандай болуусу шарт.

Салтанат Мукасова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(3)
08.10.2012. 16:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Барибир озубуздун чачыбызга жетпейтко,ошентседа жакшы кенеш экен.мен озумдун бир жакшына узун чачымды жоготуп алып кантип остурууну билбей журом ушул жонундода жооп кутом сиздерден Супер-инфо.Суранам мага жардам бериниздер.
12.10.2012. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чачты ламенирдоо(ламенированные волосы)жонундо маалымат берип коюнуздарчы сураныч чачым ото жукарып айла таппай журом
12.10.2012. 10:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mederinchik, сунушуңузга рахмат!
Тиешелүү бөлүмгө жеткизип коем.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо