«ДАҢАЗАЛУУ КЫЛЫМ» ТАРЫХТЫ БУРМАЛООДО

№518 5-Октябрь-11-Октябрь, 2012-ж

16-кылымдагы Осмон империясы тууралуу тартылган түрктөрдүн "Даңазалуу кылым" аттуу сериалын сүйүп көргөндөр көп. Бирок Түркияда бул сериал жарыкка чыккандан бери "чындыкка дал келбейт, тарыхый инсандар мазакталып жатат" деген талкуулар, талаш-тартыштар бүтпөй келет.

"АЛ ЗАМАНДА ООЗДОН ӨБҮҮ БОЛГОН ЭМЕС"
"Даңазалуу кылым" сериалынын трейлери жарыкка чыкканда эле тарых менен салыштырып, тарыхчылар, көрүүчүлөр тасманын каталарын таба башташкан.
Осмон империясынын тарыхын изилдеген окумуштуу, жазуучу Явуз Бахадыроглу мындай дейт: "Даңазалуу Сулайман падышанын заманында хандын көзүнчө бийлөө уят көрүнүш эле. Тасмадагыдай болуп гарем чогулуштарында кандайдыр бир кыймылдар менен падышаны бийге чакырып, көз кысмак турсун, анын көзүнүн өңүн көргөндөр аз болгон. Ал учурда баш көтөрүп падышанын жүзүн кароо адепсиздикти билдирчү. Тасмада айымдар да, эркектер да жылаңбаш жүрүшөт. Бул туура эмес. Анткени Осмон империясында башына эч нерсе кийбөө жылаңач жүргөндөй эле кабыл алынган. Жадакалса падыша да башын ача алган эмес. Керек болсо тебетей кийип укташчу. Төшөк мамилелеринин ачык берилиши туура эмес. Даңазалуу Сулайман жубайы Хүрремди (Роксолана) эрдинен өпкөн кадрлар кездешет. Ал заманда ооздон эмес, бетинен гана өбүшкөн. Бул империянын салты катары каралган.
Сериалда Сулайман султан Хүрремди бир көз караш менен сүйүп калган жери бар. Бирок Хүррем тарыхта бир көрүп жактырып калчу сулуу айым болгон эмес".

ХҮРРЕМДИ МАЙМЫЛГА ОКШОШТУРУШКАН
Чыныгы жашоодо Роксолананын мурду теңирейип тургандыктан, мурду теңирейген маймылдардын түрү ушул айымдын атынан "рокселланов ринопитек" деп аталып калган. Роксолананын өз аты Александра же Анастасия Гавриловна Лисовская. Гаремде жашап калганда ал Хүррем деген атка ээ болот. "Хүррем" деген сөз – "күлүп турган" дегенди түшүндүрөт. Ал эми Роксолана деген аты "роксолания" деген сөздөн улам келип чыккан. Роксолания – 16-кылымдагы Украинанын аталышы. Хүррем украиналык болгон.

БАШКА ӨЛКӨЛӨРДӨ ДА ТАЛКУУГА АЛЫНУУДА
Греция, Германия, Босния жана Герцеговина, Орусия, Болгария жана башка өлкөлөрдө тасмага нааразылыктар арбын. Алар "тасмада чыныгы тарых бурмаланып жатат. Бул элдин ким экендигин унутууга үндөгөн чыгарма" деп айыптап, кээ бир өлкөлөр теледен көрсөтүүдөн баш тартышкан. Тасмадагы көп нерсе ошол кездеги сарай жашоосуна коошпой турганын да айтышат.
"Кийимдери башкача. 16-кылымда эмес, 19-кылымда да Осмон империясынын аялдары тасмадагыдай кийинишкен эмес. Гаремдеги аялдардын төшү ачык костюмдарды кийиши таң калычтуу. Андай болушу мүмкүн эмес. Сулайман султан болсо аялынын "куурчагы" катары көрсөтүлүп калган.
Аялдардын сарай иштерине таасир берүүсү – фантастика. Анан да султандын ичимдик ичип жатканын көрсөтүү анын даңкын кирдетип жатат" деп билдиришет тасманын чет жактагы көрүүчүлөрү жана тарыхчы, изилдөөчүлөр.

"БОМБА ЖАРДЫРАБЫЗ"
Тасманын жаратуучулары Голливуд жылдыздары менен да сүйлөшүүлөргө барып, тасмада роль жаратып берүүсү үчүн аракет кылышууда. Кийинки сезондордо тасмадан жалаң гана түрк актёрлору эмес, Бред Питт же Мел Гибсон сыяктуу жылдыздардын жүзүн көрүп калышыбыз мүмкүн экен. Дал ушул кабар тууралуу журналисттердин берген суроосуна тасманы жаратуучулардын бири "бул сериал башка өлкөлөрдө да кызыгуу менен көрүлүп жатат. Ал баарыбызга маалым. Ошондуктан анын атактуулугун мындан да ашырып, "бомба жардырып" жиберели деп камынып турабыз. Актёрлордун катарына дүйнөгө таанымал жылдыздарды кошуу планыбыз бар. Ал Бред Питт болобу же башкабы, азыр так айта албайм" деп билдирген. Байкап туралы, кийинки сезондо, балким, чын эле "бомба жарылар"...

Перизат Музуратбекова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
08.10.2012. 20:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
сонун сериал. бирок хюрремди жакшы да корм жаман да кором. жестокая слишком. бирок молодец хехе
08.10.2012. 20:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мм кыйратып аткан турбайсынарбы э я?
08.10.2012. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Maga da jagat,sonun kino..
08.10.2012. 21:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
менимче мындай сериал коргон эркек балдар бир больнойлор. ИМХО

Кыздар го макул, кылаарга иши жок.
09.10.2012. 04:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ilgez, Kinonu sopsyz ele kyzdar korysh kerekbi? men janydan koryp bashtadym jakshy eken birok Turkchosyn koryp jatam.. Til da yironyp jatam da pohodu...xD
12.10.2012. 03:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilgez, бул сериалды мага именно эркек айтып ,анан мен коро баштагам.бурмаланса да Осман империясынан кабар берип,жан-дуиного азык берген жакшы-жаман сезим,ойлор,коз суйунткон сулуулук бар сериал.
08.10.2012. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
А менимче тарыхый филмдер бир гана факт м.н,так даана эч кандай бурмалоосуз тартылышы керек. Ал ошол учун тарыхый тасма!!! Одоно кетирген каталыктары жана бурмалоолору учун тасманы элге жайылтууга тыю салыш керек!
08.10.2012. 22:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ilgez кимибиз эркек кимибиз кыз экенибизди билбейсин го
08.10.2012. 23:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Сүйөм го бул кинону 67чи сериясын көрдүм 68-сериясында Искендер Челибейди асып өлтүрөт экен.
09.10.2012. 08:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
коруш керек экен
09.10.2012. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nazi 25 ,hdkinoteatr saitynan jana bashka kop saittardan koro alsanar bolot,.
10.10.2012. 08:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
star3, рахмат.
09.10.2012. 14:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай болсо да абдан жакшы тартылган азыркы жашоого ылайыктуу мен бул кинону баалаймын абдан жакшы
09.10.2012. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага жакпады.Андан коро "Игра престолов","Подпольная империя","Алькатрас","Во все тяжкие"деген сериалдар жакшы.Калтырбай коруп келем.
09.10.2012. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Apam ekoobuz ushul serialdy aiabai korduk birok aiagy jok dagy ele kyzyk emne bolup butot =))))
10.10.2012. 00:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
65-сериясынан кийин эмнегедир коргум келбей калды...турктор мактанган жагынан алдына киши салбаса керек...
10.10.2012. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Далина волков деген кинону коргуло достор айрыкча балдар.
10.10.2012. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanuni Sultan Suleyman jashoosunda minday adam bolgon emes....al akilman,ozuno iwengen,daaniwman bolgon.,al akin da bolgon.Bul serialda ani "BABNIK" kilip koyuwuptur,garemden bawka ech nerseni oilobogon sultan kilip...
11.10.2012. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул кино мен коргон турк кинолорунун ичинен эн мыктысы деп айтсам болот так что ар бир адам коруп корсо болотда
11.10.2012. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жаккан жок, мага Спартак жагат силер да коргуло сонун кино.
Эскертуу!
Жалгыз отуруп коргуло :)!
11.10.2012. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ayavay soonun kino desem janilishbaym bul jerde gobuncho maga Hurremdin rollu kiziktirat en bashkisi.
11.10.2012. 15:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hurem bashinda kul katarinda bolso azir hanishaga aylandi baarin oz guchu menen jenip gele jatat,saraydagilar ozdoru tiyiship alat Hurreme ,anan al kayra och alish uchun oyundardi oynop gelet jashoosunun akirina cheyın,akirki seriyaldari kiziktuu bolo bashtadi....
11.10.2012. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кантип чыдап сериал коросунор ыя? Кордунор муйуз чыктыбы? Андан коро пайадалуу бир иш бутурсонор боло. Сериалды тиктебей мисалы оз ден соолугунар учун чуркап, же конугуу жасап дегендей.
11.10.2012. 22:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага побег из тюрмы, остатся в жевых илгери амазонка,прос мария ,клоон деген сериалдар жагат
12.10.2012. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun film, 67sin buttum. Al emi Spartakty maktap jatkandarga da kowulam 3 sezonun ten korgom. Birok, al da taryhyi bolso kerek ele e? Anda nege anda an4a-myn4alar a4yk korsotulgon? Aga karaganda bul filmdi koro alasyn kozdu jappai.
12.10.2012. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эй туугандар бул сериял ката деп эсептейм мусулманчылыка туура келбейт
13.10.2012. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Uwu Hurrem hatun maga jaga berbeit. Jetken egoistka jana wumwuk! Mahidevramdyn baktysyn buzgany az kelgensip, Sultan Suleimandy ui buloosuno karwy 4ygarta beret! Men Mahidevramga tartam. Baikuwka jalka. jalgyz kalbasa ele boldu...
13.10.2012. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой сонун сериал,мага аябай жагат! 67-сералды кордум, 1жумадан ашып калды 68-сериалды кутуп атам. serialu.net сайттан кором дайыма.
14.10.2012. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы кино!кызыгуу менен кордум! кийинки сезонунун чыгышын чыдасызык менен кутом!
14.10.2012. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менде диски бар
18.10.2012. 19:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сериал жакшы тартылган, бирок, менимче, кээ бир жерлери ошол мезгилге дал келбейт деп ойлойм.Мисалы, аялдардын жыланбаш, чачтарын жайып жургондору, тошу ачык кийимдерди кийгени... Анткени түрк эли исламды бекем тутунган эл да, анан да ошол мезгилде. А бул сериалда алар заманбапташып калгандай... Дагы жакпаган жери, гаремге басым жасалып, Сулаймандын саясий ишмердуулугу, башкаруучулугу анча ачылбай калгандай...
08.11.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобоо кыз болуп туруп омурумдо 1 сериал кино коргон эмесмин.Психологдор болсо айтып койгулачы кандай адамдар сериалды жаман корушот?Мага бир коруп бир бутургон кинолор жагат.
11.02.2015. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кино жакшы тартылган. окмуштуулар осмон империясын козу менен коруп же жашап келген жокко гаремде, кино корктуу болушу учун балким кошкондур. козун менен коруп кубо болбосон суйлобо дейтко.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо