7-АПРЕЛЬ МЕНЕН 3-ОКТЯБРДАГЫ МИТИНГДИ САЛЫШТЫРЫП БОЛОБУ?

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

“Эгер булардын тосмону ашып түшүп, Ак үйдү басып алабыз дегени кылмыш болсо, 2010-жылдагы Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн ушундай эле жол менен басып кирип, бийликти алып алганы эмне болот? Ага да укуктук баа бересиңерби?” Депутат Ширин Айтматованын башкы прокурор Аида Саляновага узаткан ушул суроосу 3-октябрдагы митинг, камакка алынган үч депутатка байланыштуу иш боюнча талкуулардын жаңы толкунун жаратты.
7-апрель окуясы менен 3-октябрдагы митингди салыштырып, бир деңгээлге коюуга болобу? Ушул суроонун тегерегинде ой жүгүртүп көрөлү.
Бакиевдин бийлиги учурунда электр энергиясына, жылуулукка, уюлдук байланышка карата баалар негизсиз кымбаттатылган. 7-апрель күнү Ак үйдүн алдына 20 миңге чукул карапайым эл авторитардык бийликке баш ийбей тургандыктарын билдирип чыккан. Ал учурда “жүргүлө, Ак үйгө бастырып кирип, президенттин, премьердин, депутаттардын кабинеттерин басып алалы” деп элди ээрчиткен бир дагы депутат, оппозиция лидери жок эле. Роза Отунбаевадан бөлөк оппозиция лидерлеринин баары УКМКнын абагында болчу. Эл бийликти кулаткан соң гана УКМКга барып, лидерлерди бошотуп келген.
Бакиевдик бийликтин учурунда Баяман Эркинбаев, Медет Садыркулов сыяктуу калкка кадыры сиңген адамдар буюртма өлүмгө кабылышкан, кыргыз эли “5 миллион койго” теңелген.
Азырчы? Камчыбек Ташиев жана Садыр Жапаров – оппозиция лидерлери, бирок алардын колунда бийлик бар. Мамлекеттик бюджетти, экономика, мыйзамдуулук, укук тартиби жана кылмыштуулук менен күрөшүү комитеттерин көзөмөлдөшөт. Депутаттар каалаган учурунда, каалаган эшиги аркылуу Ак үйгө кирип, парламенттин жыйынында көйгөйлүү маселелерди каалаганча көтөрө алышат.
Апрель окуясында көтөрүлгөн эл Ак үйгө бастырып кирип, атышуулар, каза тапкандар болуп, президент баш болгон өлкө башчылары качып кетүүгө аргасыз болушкан. Өлкөдө бийлик кризиси жаралгандыктан, Убактылуу өкмөт түзүлгөн.
Ал эми 3-октябрда өткөн митингде өлкө бийлик кризисинде эмес эле, шайланып, дайындалып келген бардык өлкө жетекчилиги мыйзамдуу өз жумушун аткарып жатышты. Андыктан бул митингди Апрель эмес, Урмат Барыктабасов 2005-жылдын 17-июнунда уюштурган митингге салыштыруу туура болчудай.

«САЯСИЙ ТУТКУН»БОЛУУ – ПАЙДАЛУУ
Логикасы жок делген иште деле баары бир логика болот. “Эмне максатта Ак үйдүн тосмосун ашып өттү?” деп Ташиевдин жоругун түшүнө албай жаткандар көп. Айрым серепчилердин пикиринде, бул иш-аракет деле алдын ала пландалган болушу мүмкүн. Алсак, саясий серепчи Марс Сариевдин ою боюнча, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаровго “саясий туткун” статусу пайдалуу.
Эске салсак, Садыр Жапаровго Башкы прокуратура Бакиевдердин мүлктөрүнө байланыштуу кылмыш ишин козгогон. Дагы бир нече депутатка да "коррупционер" калбыры илиниши мүмкүн. 3-октябрдагы митинг, депутаттардын камакка алынышы алар үчүн абалды бир топ өзгөрттү. Эми бул депутаттарга каршы кандай айып тагылып, кылмыш иши козголбосун, “саясий куугунтук” катары мүнөздөй башташат.

ПРЕЗИДЕНТ СОТТОРДУН ИШИНЕ КИЙЛИГИШПЕЙТ ДЕШТИ
Коомчулуктун басымдуу бөлүгү, айрым эл өкүлдөрү да бул ишке акыркы чекитти президент Алмазбек Атамбаев коёт деген ишеничте. Ошондуктан аны көздөй бирде аксакалдарды, бирде Баатыр энелерди жөнөтүшүүдө. Атүгүл ЖКнын айрым депутаттары да камакка алынган үч депутаттын мындан аркы тагдыры соттордун эмес, ажонун колунда деп санашат. Алсак, Жылдызкан Жолдошева партиялаштарынын жоругун акылсыздык деп баалап, ажону айкөлдүккө салып кечирим берүүгө чакырды.
Мындай кептерге жооп кылып Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирүү таратты, “Алмазбек Атамбаев соттордун ишине кийлигишпейт” деп. Алмазбек Атамбаевдин 3-октябрдагы митинг боюнча позициясы окуянын эртеси эле жалпы журтка маалым болгон. Ал “баары мыйзам чегинде чечилсин, күнөөлүүбү, жазасын алышсын, айыбы жок болсо, ошого жараша чечим болсун” деген.
Учурда камакка алынгандарды колдоо иретинде депутаттарды бошотууну талап кылып ачкачылык жарыялагандардын саны жыйырмадан ашуун. Мындай акция Ташиевдин кичи мекени Жалал-Абадда, борбор шаар Бишкекте уланууда. Ош шаарында да жактоочулар нааразычылыгын билдирип чыгышты.
Өлкө башчылары эле эмес, жалпы кыргызстандыктар көңүл бура турган бир маанилүү жагдай бар. Агрессияга, уруш-талаш, Ак үйгө чабуулдарга айланып кетүүчү митингдердин пайдасынан зыяны арбын. Ал өлкөбүздүн инвестициялык климатын бузат, чет жактан келүүчү инвесторлорду чочутат.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(93)
17.10.2012. 02:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызык баш прокурор Айтматовага емне деп жооп берди болду екен
17.10.2012. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кырг тан эч качан онолбойтго кандай дейсинер?
19.10.2012. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koky85, Азыркы чондорду коруп мен да ошентип ойлоп жатам, бирок жакшылыкка ишенгим келет. Бир нормальный патриот адам Президент болсо (а не патриоты доллара)возможно аракет кылмак.
17.10.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынын айтканда чындыкты суйлоп,таза иштеген адам бийликке жетпейт.
20.10.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Gulzat-88, ошон учун ойлоп кеттим да. Ташиевдин байлыгы жетиштуу,бийлиги бар эле. Эл учун куйуп чындыкты айтпай президент сиз жакшы деп иштей берсе болмок. Анткени аркасынан эл, баатыр энелер сыздап кыйналып жатат. Аркасы жакшылыкка алып келбеси корунуп жатат. Жашайм десен. Адилеттуулугунду жашыр заман экен го аттин!
17.10.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
20 жылдан бери Ак Уйдо 200дой гана адам иштеп келе жатат, бири кетсе бири келип!
17.10.2012. 12:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ташиевди ош окуясынан кийин элдер сыйлап калган бирок адамдын бир ишине карап эле калганына коз жумуп актай берген туура эмес кылган куноосу бар болсо жооп берсин
17.10.2012. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бироонун кызыкчылыгы учун анын туусун которуп кыйкыргандан бизге пайда жок андан коро ар кимибиз оз ишибизди кылсак кобуроок пайда болотго дейм
17.10.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коруп алып Кыргызстандагы жашоону ыйлагын гана келет. Жашатр ушинпей биз баштап онуголу бир коом болуп биригип жашасак онугобуз да. Азыр ар ким биригип алып бийлик талашпай Ташиев элин сыйласа ойлонуп иш кылмак, ага чейинки болуп откон окуялар ага сабак болгон жокпу? Ошолорду топтоштурп ак уйго алып барбай, Аллахтан намаз окуп дуба кылса жок дегенде жаржам болмок. Биз онолбойбуз коом онолбойунча.
20.10.2012. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kidnessmoon, туура кылат ташиев. Азыртан ачыкка баарын чыгарбаса кыргыз тилибиз, кыргыз жерибиз, кыргыз мамлекетибиз барып барып жоголуп кетмек. Анан журобуз. Илгери кыргыз элек эми киммин азыр деп атыбыз таппай адашып корунгонго кор болуп.
17.10.2012. 13:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
ташиевди мактап жатышат го тобоо бул жактагылар...Ошту кримавторитеттер токтотконун эч ким айткысы келбейт го негедир. 14 бус менен тундук региондогу черныйлар барып, согушту тизгиндеп келген. а ташиев калп кыйкырык менен эле жургон жашынып. Эгер согушта алдыда журсо ок тиет эле да, алдыда жургондорго окшоп. Анан келип алып Ак Уйду басып алам деп жатып кочугун шишке сайдырып тынды го баатыр ташиев))).
17.10.2012. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кubanychbekkaganга албетте алар токтотпосо Ташиевдин алы келмек беле ,бирок ошол эле убакытта жакшылап ойлонсон Ташиев токтотту деген жок ал ошол жерде эл коргонду коруп журду жашынып журсо да журду туурабы а ошко жетиш да кандай эле ошол убакта согуш болуп жатканда а башкалар ош эмес Бишкекте жашынып жатпадыбы?ага эмне дейсин?
17.10.2012. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kanat.tls оштугун эмес чуйлугун да кыйраткан эмес баарын баштаган акаев кыргызстанды сызга отургузуп озу жыргап уурдап койгон акчаларына жашап журот,а калгандары ошонун эле жолу менен кетип атышат 20 жылдан бери бийлике баягы эле адамдар келип кетип журушот кееде жанылар кошулуп эскилерден бираз жоголот иии деги койчу ушу темадан суйлосом давлением которулот
17.10.2012. 22:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мен ойлойм биздин кыргызстаныбызга бир гана Ташиев байкебиздей адам керек!
18.10.2012. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озунун дайыма келип жургон иштеп жургон эишигинен туз кирбей дарбазаны ашып кирген депутатынар кут болсун,500дой киши келе калса башына алтын так келе тушту окшойт туз эле ак уйго жоногону эмнеси
эми окунуп аткандыр, Садырчик менен Ахматчик да урушуп аткандыр Каке баарын буздун деп
18.10.2012. 07:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ташиев маданиятсыз тушунугу тайыз карангы экенин далилдеди. Бийлик деп олгону калган окшойт баардыгын мыйзам чегинде жазасын алыш керек. Значит 297, 295 толугу менен колдонуш керек. кулак мурун тынч жашайлы кичине. (бирок ташиев жок скучно болуп кетет го биздин саясат...) 7 апрелге салыштыргандардын саясат жонундо тушунугу аздар ал окуя менен бул окуя асман менен жердей. Бул окуяга акча учун элдер келсе. 7 апрелде чыныгы патриоттор келген эч чакыртпастан.
18.10.2012. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Kanat.tls, 3 күн бан!
Бөлүнбөйбүз!
18.10.2012. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде биз антиш керек мынтиш керек чындык болуш керек дей беребиз.Озубузда ак уйдо иштеп калсак бизда жей баштайт элек себеби бизде жеке менчикта
18.10.2012. 17:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак уйдогу 80% атка минээрлер ар кимиси озунун бизнесин, байлыгын сактап калайн деп олтурушат. Кыргыз элин, жерин кыпындайда ойлоп коюшпайт спикер баш болуп СДПК каш болуп!
18.10.2012. 17:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Чынында эле уникалдуу бир сенсация жараткан окуя болуп кетти. Эмне болуп кеткенин эч деле аңдабай калды. кандай болгон күндө да, Ширин Айтматованын сөзүндө чындыктын үлүшү бар, ошол эле учурда Преидент да калыс сөздү айта алган, биорк иш жүзүндө кандай болот, аны убакыт көрсөтөөр...
19.10.2012. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ташиевди койбергиле урматтуу органдар, Ош окуясында кыргыздарга жардам берди, хотябы ошол чон аткарган иши бар, Калгандары эмне кылды? Атамбаев, Текебаев, Отунбаева? жегенден башка эчнерсени билишпейт советниктер алып келген кагаздарга кол коюп коюп башка мамлекеттерден тилемчиликет башка эмне кылышты? Ошол тилемчилеп алгандары элге буйруса кана? Озулору жеп жок кылышты. Ташиев жейби жебейби бильбейм, бирок кргызга куйот. Башка эч кимисинин куйгонун корбодум.
19.10.2012. 11:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
baary jalgan.
20.10.2012. 05:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asantai, +100500
19.10.2012. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
тынч жашайлычы
20.10.2012. 05:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mederinchik, сага да кошулам.
19.10.2012. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ташиев кыргыз дебей эле акча бийлик интрига дегенде куйот
20.10.2012. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mederinchik, а ким кыргызга куйот азыркы политиктерден сенин оюнча? Ташиев эмне акча учун Ошото согуш маалында журдубу? Азыркы кылганы да, можеть быть акча учун... азыр кыргыз озуно озу куйбой калды. качан Кыргызстаныбыз тынч жашайт экен?
19.10.2012. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен мурунку, азыркы бийлике ишенбейм. Кыргызстан качан кана камчы чабарлардан кутулганда, жаш элин жерин сүйгөн патриот адам така келгенде кана ишенүүгө болот.
19.10.2012. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bilbeim! Kyrgyzstandyn kele4egi kandai boloorun!? Onugobuz, kyiratabyz dep ele biri birinin 4ukulawyp kelatywat. Tawievdin kylygy menen "Kyrgyzstan" "el" bawka jaka jaman korunup jatabyz. Kaidagy "500" som u4un. Oilonup iw kylaly4y! Kyrgyzstandan ketsekpi, umut uzulo bawtady (((.
19.10.2012. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандагы саясатчылардын баарына тукурдум.баары карт борулор конулум айныйт эстесем
19.10.2012. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман эле болсун Ташиев
20.10.2012. 19:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне ташиев еле жардам бериптирби ош окуясына.. аны силер жердеш катары колдоп жатасынар.. Садыр Жапаров жонундо эчким соз суйлобойт... бир еле ташиев качышкан жок , ЭКООТЕН БАР..
21.10.2012. 19:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам KG!!!АЛЛАдан сурайм элиме ыйман бер деп!3 октябрда болгон окуяны, алыстан интернет булактарынан коруп,зээнин кейийт.Суранам силерден кайдагы бир наадандардын 500-1000сом акчаларына азгырылып ушуга окшогон митинг аталыштагы чогулуштарына чыкпай эле койсонорчу!Уят!Чынгызхан тарыхта ким болгон да,ошол жерде суйлоп жаткандар ким?аны угуп ээрчип ызы чуу кылгандар ким?Трайбализмден качан арылабыз?Шайлоого барып чын журоктон,таза акыл эс м-н ой жугуртуп татыктууга добуш бергенден кийин онолобуз!
21.10.2012. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ечким жердеш деп Ташиевти колдоп аткан жок аны чыныгы патриот катары колдоп жатат Садыр жапаров Ташиевтен кем калбаган кыргыздын патриот жигити Ушулар бийлике келсе кыргызстан соссуз онолот суу журоктор кыргызстанды еч качан жыргатпайт !
21.10.2012. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ee kudayga shugur den soolugubuz bar jaratkan ozu gana jalgiz Bizge president. Baarina akcha kerek al ele emes ushul baaribiz president bolsok tuuganibizdi tashimakpiz tuurabi......? Al ele emes ayil okmottogu ele nachalnik kancha taanish , tuugan alip kelet, oshonduktan tuugandar baaribiz intimakta iymanibiz mn ele bololuchu? Erten ele ketebiz oshondo kabirdin tubundo jalgiz, karangi , bir da adam je bayligibiz Jok jatabiz Kurt kumurskalarga talanip, chirip Sasip . Bul suluuluk da Jok.
21.10.2012. 23:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Astafur Allah olkom jerim aman tinch bolsun. Allah ozu gana biluuchu zat. Al emi biz Dagi suranam bolunbogulo. Ozubuzdu ozubuz tarbiyalap , iymanibiz mn bololuchu,
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо