ТҮЛЕЕВ 15-НОЯБРГА ЧЕЙИН КАМАКТА КАЛДЫ

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Бишкектин Биринчи Май райондук соту Нариман Түлеевди камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартты. Ага Кытайдан алынып келинген автобустарга байланыштуу коррупциялык иштерден тышкары “мэр болуп турганда Бишкектеги бир бала бакчанын имаратын мыйзамсыз сатуу жана таштанды ташыган унааларды сатып алууда коррупциялык аракеттерге катышкан” деген айып тагылууда. Соттун чечимине ылайык, депутат 15-ноябрга чейин камакта калды. Буга макул болбогон Түлеевдин жактоочулары жакын арада Бишкек шаардык сотуна кайрыла турганын айтышты. Ал эми депутаттын жактоочусу Султан Баратов “бул ишти судья Бекболот Жаналиев карабасын” деген доо арыз менен кайрылып, судья анын өтүнүчүн орундатты. Түлеевдин баш коргоо чарасы биринчи ирет каралганда “камакка алынсын” деген чечимди ушул судья чыгарган эле. Эми экс-мэрдин ишин судья Алмаз Молдобаев карайт.
Эске салсак, Түлеев 25-июнда УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, 21-августка чейин отурмак болгон. Бирок 15-августта Жогорку Сот анын баш коргоо чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарган. Ушул эле күнү Башкы прокуратура Түлеевге дагы бир кылмыш ишин козгоп, Биринчи Май райондук соту 17-августта аны 2 айга камакка алуу чечимин чыгарган. Ошентип, 8-октябрда өткөн сотто мамлекеттик айыптоочу эл өкүлүн камакта кармоо мөөнөтүн дагы бир айга узартып берүүсүн өтүнүп, сот өтүнүчтү орундатты. 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
15.10.2012. 22:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куносу болсо биро толо камалсын. Айоосуз жаза алсын.
16.10.2012. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой тобоо ушул (Джаналиев Бекболот Болотбекович 1-май рай. соту) дагы эле иштеп жатканын окуп алып өллө таң калдым... Бул киши Бакиевдин заманында Каркыраны сатылышына каршы митингке чыккан балдарды ("Я не верю", "Мен ишенбейм" акциялары) айыпка жыгып (штраф) камаганын каматкан жигит... мурунку КР конституциясынын (2007-ж) 25-статьясына каршы чыгып Бишкек мэриясынын чыгарган токтомун колдогон киши...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо