КАЛККА ЖАГА ТУРГАН МЫЙЗАМ СУНУШТАЛУУДА

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

ЖКда банктарга жана кредиттик компанияларга күрөөгө коюлган турак жайлар тууралуу мыйзам долбоору каралууда. “Жалгыз турак жайын күрөөгө коюп насыя алып, бирок өз учурунда төлөй албай калгандардын мүлкү соттун чечими менен гана алынсын” дешүүдө долбоордун демилгечилери. Мыйзам колдоо тапса, насыя берген тарап жарандын күрөөгө коюлган турак жайын соттун кийлигишүүсү жок тартып ала албайт.
Мыйзамдын автору, “Ата Журт” фракциясынын депутаты Улукбек Кочкоров: “Азыр банктар менен кредиттик уюмдар насыя алып жаткан адам карызды төлөй алабы же жокпу деп карабайт. Жакшы турак жайын тартып алгысы келип насыя берип жатышат. 50 миң долларлык үйдү 1 миң долларлык насыя үчүн тарттырып жиберген учурлар да болгон. Иш сотто каралып, сотто насыя алган адамдын да ой-пикирин угуу туура. Бирок буга банктар менен кредиттик уюмдар каршы”,- дейт.
Бул мыйзамды колдогондор да, сын айткандар да арбын болду. “Мындайда банктар же кредиттик уюмдар элге акча бербей коёт. Анткени алар атайын жактоочу жалдап, соттон-сотко жүгүрүп жүргүсү келбейт. Дегеле бул ишке сот аралашып, насыя берген тарап менен алган тараптын ортосундагы келишимди кантип бузат?” деген сыяктуу сөздөр айтылды. Эми мыйзамдын тагдырын депутаттардын добушу чечет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(1)
15.10.2012. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эн туура мен колдойм анткени азыр эдин баары арзыбаган насыя акча алып алышып ошол акчаны толой албай кээ бирлери чет олкодо тапкан акчасын процентин толоп кутула албай келишет ,кээ бирлери уйлорун алдырып оздору талаада калып атышат .
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо