КЫЗЫЛ-КЫЯНЫН МЭРИ КЫРГЫЗСТАНДЫН СИМВОЛИКАЛАРЫН БИЛБЕЙБИ?

№519 12-Октябрь-18-Октябрь, 2012-ж

Баткен облусуна караштуу Кызыл-Кыя шаарында илинген көрнөккө биздин назарыбыз түштү. Ал президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылды Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялаганына арналган. Мындайды дээрлик Кыргызстандын бардык булуң-бурчунан көрүүгө болот. Бирок Кызыл-Кыяга илинген көрнөктүн айырмасы тиешелүү деңгээлде көңүл бурулбагандыгында.
Биринчиден, мамлекеттик туудагы түндүк ортосунан бөлүнүп, анын жарымы гана берилгендиги. Бул кош көңүл, кайдигерликтен кабар берет.
Экинчиден, көрнөктүн жалпы фонунун түсү жашыл болгондугу. Ал түскө мамлекеттик туунун да кошо боёлуп кеткендиги таң калтырат. Туунун түсү жашыл эмес, сары менен кызылдан турарын Кызыл-Кыя мэриясы билбейби?
Кызыл-Кыя мэриясынын өкүлдөрүнө байланышка чыгып, кайрылуубузду түшүндүргүчө «силерге өзү эмнеси жакпай жатат?» деп демитишти. Кийин жөнүн уккан соң «буклеттерден эле алганбыз, анын үстүнө ага мэриянын алдындагы социалдык бөлүм уруксат берген» деп кутулду.
Айрымдар жумурткадан кыр издешиптир деши мүмкүн. Бирок «тамчыдан мухит куралат» демекчи, ар бир элемент бир бүтүндү түзөт. Мэриянын имараты болобу же көчөдөгү көрнөк-жарнакпы, бул – шаардын жүзү. Анын жанынан күнүнө ондогон, жүздөгөн адамдар өтөт. Билбегендерге Кыргызстандын туусу жарым түндүктүү, түсү жашыл экен деп таанылат. Андыктан мамлекеттик символикаларга абай мамиле кылсак...


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(8)
15.10.2012. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
:)) кызык
16.10.2012. 17:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
дунктон чегип алып жазап илишкен го,мындай кантип болсун?козунорду ачкыла,ойлонгула,иштегиле!!!
16.10.2012. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мэрди иштен алып камаш керек
17.10.2012. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
atambaevge tatyktuu,Akaev bolso,Bakiev bolso bawka kep ele.(Ar kimdin dengeeline jarasha)
17.10.2012. 05:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oiii bul Kyzylkyianyn kaisyl jerinde boldu eken, korbogom go!?
17.10.2012. 18:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
а бир эле ошол эмес башкалары деле кыйратпайт ко ушу кыргыздын чиновниктерин не на вижу 20жылдын арты болду теги эле жылыш жок озбек менен казакты байкасанар уяты жок жегичтер
18.10.2012. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчиден ал артында турган символикалар Экинчи фондо турат, а экинчиден мындай Рекламный банерлер баардык жерлерде жыргатаарлык эмес бир гана Кызыл-кияда эмес! Айтаарга соз, чыгараарга макала таппай калып ушуну таптынарбы?! Реалдуу, керектуу нерселерди жазып чыксанар боло, озунор деле байкапсынар жазган макаланар Жумурткадан кыр издегендей болгонун!!!
20.10.2012. 20:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жерде фон кызыл болбой жашыл болуп калган, кун караманын желекчелеринин багыты тескери болуп калган. Бул банерди жасаган дизайнерлердин сабатсыздыгынан. желектин жарымы эле корунуп калган дегенге кошулалбайм. Президентти бир банер, желекти озунчо бир банерге коюп коюш керек анда...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо