АЖОНУН БАТКЕНГЕ БОЛГОН САПАРЫНДАГЫ «ЛЯПТАР»

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

11-октябрда президент Алмазбек Атамбаев Баткен жергесине келип кетти. 1 күндүк иш сапардын алкагында ажо көптөгөн иш-чараларга катышып, эл менен жолугушту. Төмөндө сөз ошол жолугушуулар эмес, жергиликтүү мекемелердин өлкө башчыны тосуп алууда кантип жер караганы жөнүндө болмокчу.

Бизде президент келет дегенде жергиликтүү бийликтин кемчиликтерди жаап-жашырып, жолдорду оңдой калып, имараттарды актап-сырдап жиберип, аймакта баары жакшы экенин көрсөтүүгө жан талашары салтка айланган. Андай терс көрүнүштөрдөн арылып, жаңылануу керек экенин өлкө башчылары өздөрү айтып, какшап келишет. Эмнеге көз көрдү, ооз басты үчүн баарын жаап-жа­шы­рышыбыз керек? Андай ыкмалар эскирип, модадан да чыгып бүттү. Ажону коштоп жүрүп жарым күндө көп нерселерди байкадым. Анда сөз башынан болсун.

№1. ЭСИН ЖОГОТКОН ОКУУЧУ
Баткен шаарында жаңы мектеп курулганын, анын ачылышына Алмазбек Атамбаев чакырылганын жазганбыз. Аталган №3-мектепке ажо саат 14:10до келди. Лентасын кесерден мурда ал: “Түшкө жакын ушул жерден өтүп баратып окуучулардын тизилип турганын көргөм. Алар ошондон бери турушса керек деп кабатырланып жатам. Бирок андай эмес экенине ишенем”,- деди. Ажо ушул сөздөрдү сүйлөп баштаганда алдыңкы катарда турган башталгыч класстын бир окуучу кызы эсин жоготуп, жыгылып калса болобу?! Ага дароо биринчи жардам көрсөтүлдү. Көрсө, ажо келет деп мектептин жетекчилиги окуучуларды саат 9да чогултуп, 2ге чейин түшкү тамак ичирбей турушуптур. Күн болсо ысык. Ата-энелердин бул ишке нааразы болгонун айтпасак да түшүнүктүү. Окуяга күбө болгон ажо мугалимдер жамаатына кайрылып: “Айланайын, мугалимдер! Мектебиңер жакшы экен. Бирок мугалимден көп нерсе көз каранды. Окуучуларды катуу урушпай, тамагын өз убагында берип, жакшы окутсаңар. Кичинекей балдар тиги колдорунда турган гүлдөй тез эле соолуп калат”,- деп нааразычылыгын билдирди. Ажодон мындай сөздү угуп уят болгон мугалимдерге бул нерсе чоң сабак болот деген ишеничтебиз.

№2. ЧАЛДАР КҮНГӨ КАКТАЛДЫ
Андан ары ажо Ош-Баткен-Ис­фана автожолунун 123-155-чакырымын түзгөн Пүлгөн-Бүргөндү участкасынын ачылышына катышты. Ачылышына жол курууну каржылаган Бүткүл дүйнөлүк банктын өкүлдөрү да чакырылыптыр. Ал жактагы жагымсыз көрүнүш – күн ысыкта 50дөй аксакалдын жол боюнда тизилип турганында болду. Арасында Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери да тикесинен тик турушат. “Күтүп жатканыңыздарга көп болдубу, аксакал?” деп сурасак, “жарым саат эле, чыдайбыз. Атамбаев күндө эле келип жатыптырбы?” деп жылмайышты. Байкасак, президент эл алдына чыгып сүйлөө үчүн жай даярдап, аксакалдар үчүн отургучтарды даярдап коюшуптур. Анан чоң аталарыбыз ысыкта таяктарын таянып күнгө какталбай, трибунанын маңдайында отурушса болбойт беле? Ал эми жолугушуунун аягында бир аксакал чыгып, ажонун дарегине мактоо сөздөрдү айтып, батасынын аягында “Атамбаев түбөлүк президент болсун! Оомийин!” деп салды. Күтүлбөгөн бул пикирге “бир мөөнөттөн кийин кетем” деген ажо кошулдубу, билбейм, бирок чогулган эл кошулган жок. Ушундай ашырып жибермейибиз бар да...

№3. ЧАЛА ЖАСАЛГАН КУРУЛУШ ИШТЕРИ
Ажонун акыркы аялдамасы Чоң-Кара айылындагы Токтогул атындагы орто мектеп болду. Бир караганда мектептин тосмосу менен кире бериш жолу жаңы жасалгандай элес калтырат. Бирок жакшылап назар салсак, ажо кирген дарбаза жана анын четиндеги дубалдар менен босого гана курулуп бүтүптүр. Буга пайдубалынын кургай электиги далил. Ал эми мектептин тосмосу толугу менен курулуп бүтө элек. Калган жагы качан бүтөрү белгисиз.
Кептин аягында эч кимди каралоо максатыбыз жок, болгону, азыр заман башка, заманга жараша өзгөрсөк деген эле ойду айткыбыз келди. Эмне үчүн болгонун болгондой көрсөтө албайбыз? Мындай ойду ажонун өзү да сапарынын жүрүшүндө бир нече ирет кайталап айтты.
Бийликтен калктын чыныгы абалын жаап-жашырып, "баары жакшы, иштеп жатабыз" деген түр көрсөткөн кошоматчылардын кесепетинен, балким, өлкө өнүгүү жолуна түшө албай жаткандыр... Андыктан чоңдорго жагынып калуунун амалын издебей, болгонун болгондой эле бийликке жеткиришсе, алар да өз чарасын көрүп, колдоо-жардамын беришмек. Ошондо гана эл менен бийликтин ортосунда ишеним жаралат.

Базарбек Абдураимов
batken@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(18)
22.10.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кыргыздар кошоматчы келебиз негизи....
22.10.2012. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туура, кошаматчыбыз... Ооруп жатсак да, "Кандайсын" деп сураса, "Жакшы" деп жооп беребиз. а ооруну жашырсан, олум ашкере кылат. Аягында азабын озубуз тартабыз.
22.10.2012. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Атамбаев мындай нерселерди абдан жаман корот, кошоматтын да чеги болот, ал адамга жагалданып эл чоглтпай, иштин жыйынтыгын жакшы корсоткондорун баалайт
22.10.2012. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айииий атамбаев озучу?.
23.10.2012. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул санда ушул макала кайф болуптур алга "Инфо"
23.10.2012. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушунун баары көрүп, байкап анан тийиштїї адамдарды уят кылган Атамбаевге ийгилик!!! Президент келет дегенде кооздоп коюшчу эле. Бирок ага карабай ажобуз баарын байкаган экен.
24.10.2012. 09:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kubanychbekkagan, байкаганына жараша эми иш кылса, болгону.
23.10.2012. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
барды бар, жокту жок дешсе эмне болот эми. балким ошол жерлерди коруп жардам беришмек да. Айй кыргыз элим!

23.10.2012. 12:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
eka555, жок деп айта алышпайт, себеби ага бюджеттен акча болунгон, бирок результаты жок.
23.10.2012. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
LadyD, :)))
23.10.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атамбаевдин ушул жаап жашырбагыла деген созуно ыраазы болдум. Эсимде кайран Акаевдин убагында Кочкор Атадан Ноокенге чейин жолдун четине таш тизип актап чыгат элек бул типа бизде баары жайында сен бизди кыйратып багып жатасын дегенсип. Бирок ойлоп карасам ал учурда Акаевде не куноо келди кети баарына жергиликтуу башчылар куноолу баарын оздору жаап жашырышкан анан Акаевда ойлойтда ии баары жакшы экендеп биякта биз темселеп жургонубуз менен иши жок. Атамбаевге рахмат ошол созу учун.
23.10.2012. 16:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bul nrse bir ele bizd emes baardyk mamleketterde bolot) bilsener//
24.10.2012. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Атамбаевдин жакшы иштеп аткандыгы корунуп турат
24.10.2012. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanybay, бул жакта эмне жонундо соз болуп жатат сага карангы го
25.10.2012. 14:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
kanybay, Кандай жакшы иштерди аткарды атап берчи сураныч?
24.10.2012. 14:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эмне иш кылды азыркылар мурунку бийликтен айырмасы жок:-(
24.10.2012. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо АЗАМАТСЫҢАР!! Бул эң туура сын биз деле метепте окуп жүргөндө президент келет деп баарыбызды эртең мененки саат 8:00 дөн 13:00 гө чейин күткөнбүз. Эми ойлосом ушунчалыктын эмне кереги бар эле?!
25.10.2012. 18:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Atambaev ketse kim kelet kana aitkylachy. Menin oiumcha tatyktuu ech kim jok
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо