УЮЛДУК ТЕЛЕФОНДУН ОПЕРАТИВДИК СИСТЕМДЕРИНИН КАЙСЫНЫСЫ МЫКТЫ?

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

Учурда жаш баладан тарта карыларга чейин уюлдук телефонду колдонууну мыкты өздөштүрүп, добуштук байланыш, СМС-билдирүү жиберүү, оюн ойноо, интернетке кирүү сыяктуу кызматтарын пайдаланып калышты. Мына ушул кызматтардын баары оперативдик системдин аркасы менен ишке ашат. Бул эмне деген сөз экенин техниканы түшүнгөн адамдар гана айырмалап билбесе, көпчүлүк биле бербейт. Андыктан бүгүнкү сөзүбүз ушул оперативдик систем жөнүндө болмокчу.
Оперативдик систем (ОС) – компьютер, коммуникатор (телефондун кызматтары кошулган кичинекей компьютер), уюлдук “акылдуу телефондор” (смартфон), GPS-навигатор жана башка түзүлүштөрдүн программаларын камсыздап, алардын иштөөсүн жөнгө салат.
Учурда көптөгөн оперативдик системдер бар. Алардын ичинен уюлдук жана “акылдуу телефондорго” ылайыкталгандарынын негизгилери: Symbian, Windows Mobile, Android жана iOS. Булардын айырмачылыктары эмнеде?

ANDROID
Бул оперативдик систем 2012-жылдын
экинчи 3 айлыгынын жыйынтыгы менен дүйнөлүк базардын алдыңкы сабына чыга алды. Артыкчылыктары алда канча көп экендиги кардарлардын санын арттырган.

Артыкчылыктары:
• Көптөгөн интернет түйүндөрүнүн кызматтарына кошулган.
• Бул оперативдик системдин үчүнчү тараптан каалаган программаларды, оюндарды жүктөп алууга, өзүндөгүлөрдү өчүрүп салууга мүмкүнчүлүгү бар. Алардын саны 200 миңден ашык.
• Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
• Видеобайланышты камсыздайт.
• Үн аркылуу текст жазууга болот.
• Программаларды аткарууда тез иштейт.
• Мультимедиялык Flash платформасы бар. Бул интернеттен онлайн режимде видео көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
• Эсин кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк бар.
• Каражаты үнөмдүү телефондорго орнотулат да, баасы арзаныраак болот.
• Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.

Кемчиликтери:
• Зарядды көп сарптайт. Анткени интернетке ылайыкталгандыктан, дайыма иштеп турат. Мисалы, интернетти өчүрүп салбасаңыз, аба ырайы, кайсы жерде жүргөндүгүңүз тууралуу маалыматтар өз алдынча жаңылана берет.
• Техникалык жактан көп түшүнүгү жок колдонуучуга кызматтарды колдонууда кыйынчылык жаратат.
• Вирустарга көп кабылат.

SYMBIAN
Эгер уюлдук телефондон көп сүйлөшүп, ал эми интернетке кирүү, башка программа, оюндарды жүктөөнү жактырбасаңыз, анда бул оперативдик систем сизге ыңгайлуу. Колдонуу да жөнөкөй. Зарядды үнөмдүү сарптайт. Көп убакыт сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берет. Java программасын толугу менен окуй алат. Бирок программаларды иштетүүдө жай иш алып баргандыктан жана колдонууда түшүнүүгө оор болгондуктан, учурда уюлдук телефон чыгаруучу компаниялар бул системден баш тартып коюшкан. Эске салсак, буга чейин “Нокиа” компаниясы телефондоруна Symbian оперативдик системин орнотуп келген.

APPLE IOS
Электрондук техникаларды өндүргөн “Apple” корпорациясынын өздүк оперативдик системи. Бул оперативдик систем аталган корпорациянын гана техникаларына орнотулат.

Артыкчылыктары:
• Колдонууга оңой жана түшүнүктүү. Ичиндеги кызматтарды колдонуу ашыкча түйшүктү талап кылбайт.
• Интернетке кирүү жогорку ылдамдыкта.
• Программалардын иштөөсүн тез аткарат.
• Программа, оюн жана башкаларды жүктөөдө вирус кирип кетүү коркунучу жокко эсе.
• Оюндары, программалары сапаттуу.
• Android’ге салыштырмалуу энергияны аз сарптайт.
• Оперативдик системди жаңылоого мүмкүн.
• Картадан жүргөн дарегиңизди, ошол аймактын аба ырайын аныктап, жергиликтүү ресурс, сервистерине кирүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.
• Видеобайланышты камсыздайт.

Кемчиликтери:
• Аталган оперативдик систем бир гана “Apple” корпорациясынын телефондоруна орнотулат.
• Программа, оюн жана башкаларды жүктөө үчүн корпорациянын өндүргөн продуктыларын гана жүктөөгө болот, ошондой эле алардын баасы башкаларга салыштырганда кымбат турат.
• FM радио жок.
• Видеолордун көпчүлүк форматын окуйт. Ал эми flv форматындагы видеону көрсөтө албайт. Бул үчүн атайын программа орнотуу зарыл.
• Блютузду иштетүү үчүн да атайын программа орнотуу талап кылынат.
• Кошумча эс (флешка) туташтырууга мүмкүн эмес.
• Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.

WINDOWS MOBILE
Бул кадимки компьютерге орнотулуучу Windows программасынын телефонго ылайыкталган оперативдик системи.

Артыкчылыктары:
• Интернеттен тартып, офистик Word, Excel, PowerPoint программаларында кадимкидей иштөөгө болот.
• Негизги бетке бардык ярлыктарды коюуга болот. Бул керектүү маалыматтарга кирүүнү тездетет.
• Мультимедиалык Windows Media Player менен жабдылган.

Кемчиликтери:
• Бул оперативдик системге ылайыкталган программалардын саны аз.
• Кошумча интернет түйүндөрүнүн кызматтары туташтырылган эмес.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(93)
26.10.2012. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андроид арзан жана кооз ынгайлуу (5000 - 40000сом)
апл кымбат (15000-50000 сом)
Нокия оной бирок слабый (5000-40000 сом)
виндовс фон бат иштейт арзан бирок программа аз (10000-40000)
бада жакшы бирок программа аз ( 8000-?)

мен андроид колдоном
бат иштейт, кооз, программа коп жана арзан, баасы да ынгайлуу...
апл колдонгом андроиддей ле иштегени, оюндары кучтуу, программалары кобунчо кымбат бирок оригиналдуу, блютуз иштебейт, кымбат...

26.10.2012. 21:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен bada операциондук системасын колдоном.самсунг компаниясынын оздук опер.системасы.мага жакканы,видео форматтардын flvдан башкасын деерлик копчулугун колдойт.тез иштейт.коп функциялуу.программа,оюндар аз болгон менен бирок абдан сапаттуу.ичиндеги кызматтарды кыйынчылыксыз колдонсо болот.операциондук сист-ны озгортууго мумкун.(кааласан андроидге).андроид дагы жагат бирок интернетте вирустар ото эле коп.
26.10.2012. 22:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен андроит колдоном бирок айфон 4 да бар келинчегимде мага андрой ага айос так что каму как
27.10.2012. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага nokia,sumbian дан отоору жок,конуп калгам программаларына,ынгайлуу телефон..андройидти бир да колдоно элекмин и колдонгумда келбейт.. Полный скорость менен интернеттке киргенди жакшы кором. Nokia lumia 710 windows программасы орнотулган бирок начар экен.. N 8 ден отоору жок
27.10.2012. 15:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
apple 5 ke kyzykpai ele koigula baasyna ne stoit' bir soz m.n aitkanda (gavno)
28.10.2012. 02:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андроид деген телефон эмес, бул операционная система
28.10.2012. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
нокиа 5228,x2-01,x6нормальный телефондор. Досум нокиа6500менен футболду телевизорго сайып алып кундо приставка катарында ойнойт.6500 тема!
20.11.2012. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен симбаинди эле колдоном
26.11.2012. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
APPLE чисто для пафоса ыр откорушта озунчо эле .... ANDROID с подержкой флеш карт самая удобная веш.Play marketten туркун приложениелерди бекер орнотсо болот. Эми кто чем болеет, кому рисовка кому практичность
02.02.2015. 02:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
isamurai, Apple'га да кошумча флеш памят сатып алса болот.
27.11.2012. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
symbian jakshy eken maga jakty
05.12.2012. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
symbian ele jakwy. Android alam dep awyk4a ak4a koorotup ne kylasynar.
07.12.2012. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ANDROID эн мыкты
08.12.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн жакшы jаvа,ото жонокой,силер жонокойлукту жактыраар эленер го.
01.01.2013. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ адамдар,Symbian нито болгондо Nokia компаниясы аны колдонмок беле,Компаниянын да силерчелик акылы бардыр. . . .
Nоkiа-Sуmbiаn м.н эле атактуу болуп жатат го.
16.10.2013. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
goodman02, Symbian Платформасын ийгиликсиз проэкт деп айта алам. Эми бул платформада телефондор чыгарылбайт.
29.06.2013. 00:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En jakshy material eken
01.07.2013. 09:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы
01.10.2013. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Android жакшы, бирок заряд тез тугонгону начар да. ))))
03.10.2013. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин телефонум х6 ушуга конуп калгам же андроид жакшыбы айтып койгулачы?
03.10.2013. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
х6 колдоном андроид жакшыбы
16.10.2013. 00:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bakytkg007, Android жакшы. Android'ке Оюндар, программалар абдан коп.
14.10.2013. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nokia jok boldubu owentip microsoft satyp aldy dep okudum ele
05.12.2013. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
андроид вперед!!!
27.01.2014. 01:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
андроиддин жаман жагы акчаны коп сарптайт интернернетке. и андройдго ылайыкташтырылган программалардын да памяты коп
27.01.2014. 01:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а менде apple 64gb деген аппарат бар бирок иштете албадым азыр программадан чыгарып алдым.. ошто кайсы жерде программа басат и баасы канча билгендер болсо айтып койсонуздар
07.02.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АНДРОИД АНДРОИД. ( бирок зарад менен акчаны коп сарптайт)
15.02.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
учурда нокиаС7 сумбиян колдоном. Бирок эн сонун телефон. Андроит да колдонгом зарият аз кармап коп суйлошо албай кыйналчумун.
26.02.2014. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
WINDOWS MOBILE 8,0 мага жагат ыңгайлуу жана дизайн жакшы!
30.03.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн жакшы (APPLE IOS)
20.04.2014. 00:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андроид ото жакшы бирок .. заряд жана акчаны да жакшы жейт
20.08.2014. 01:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеге windows phone жок
20.08.2014. 09:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Asylbek.kg, макаланын эң акыркы "WINDOWS MOBILE" бөлүмүндө жазылган.
13.02.2015. 12:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андроид жакшы. Памити да озуно жараша бирок кээ бир оюндарды толугу менен ача албай калган учурлар менде болду. Бирок акчаны отто эле тез сарптап чөнтөкө зычн келтирип жатат.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо