«ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ» ТАСМАСЫ ЧЫРГА АЙЛАНДЫ

№520 19-25-Октябрь, 2012-ж

Жакында гана чыккан «Президент жана бомж» тасмасы аз убакыттын ичинде күйөрмандардын алкышына ээ болуп, жадакалса «Оскарга» көрсөтүлөрүн кинону жаратуучулар айтып чыгышкан. Бирок тасманы жараткан чыгармачыл топтун ичинде чыр чыгып, күн санап ырбап барат. «Менин укугум тебеленди» деп аталган фильмдин режиссёру Ырыс Окенова редакциябызга кайрылганынан, чоо-жайын иликтеп көрдүк.

Ырыс Окенова, режиссёр: «БУЛ ИШТИ ЖӨН КОЙБОЙМ, СОТТОШОМ!»
– Негизи, кинодогу мыйзам боюнча, беш киши: сценарист, режиссёр, оператор, сүрөтчү жана композитор тасманын автору болушат. Фильмдин продюсери Өмүрзак (ред. Төлөбеков) байкенин «мен автормун, мен баарын билем» дегени туура эмес. Бул жакта 5 автордун макулдугу, чечими менен иш жүргүзүлүшү керек эле. Андагы ар бир секунд, ар бир кыймыл, үндүн тону, музыканын баары иштелип чыккан.
Кинонун кыргызча, орусча варианты чыккандан 4 ай өткөн соң орусиялыктардын буюртмасы менен саясатташтырып, кайрадан өзгөртүлүп тартылышына караманча каршы чыктым. Кино чыгар алдында Өмүрзак мырзанын «Нариман Түлеевдин тасмасы кылам» дегенине мен каршы чыгып, чоң талаш болгон. Саясий упай топтоо же жагалдануу максатындабы, Түлеевди башкы демөөрчү деп жазды. Бирок ал демөөрчү эмес болчу.
Башкы ролго да аны сунуштаган, мен «тажрыйбалуу актёр гана ойношу керек» деп болбой койгом.
Өзүн жазуучу атаганы менен, бул киши саясаттагы адам болгондуктан, эми киного келип, биздин атыбызга доо кетирүүдө. Эгер башында ушундай болорун айтышса, мен, балким, режиссёрлукка макул болбойт элем.
Негизи, продюсер башында адабий стилде жазылган эки чыгарманы берди, бирөөсү сүйүү, экинчиси ушул болчу. Ошондо муну көрүп кызыктуу кино чыгарына көзүм жетип, тартса болчудай дедим. Ошентип, тасманы тартууга киришип калдык. Адабий чыгарманы киносценарий кылып иштеп чыктым.
«Тасманы чет өлкөлүктөр сатыкка алды» деп маалымат берип жатат. Чынында, ал кезде жөн гана сүйлөшүү жүрүп жаткан. Тасманы 15 мүнөткө кыскартып, Кыргызстанды каралаган жаңы эпизоддорду кошуп, «20 жылдан бери бизден бир да кинону албаптыр, «Президент жана бомжду» алганы жатат» деп айткандары жөн гана ооз көптүргөндүк. Тасма – режиссёрдун оюн, жүзүн чагылдырып турган чыгарма. Эл жаңыланган вариантын көрүп, мага «ушуну сен тарттыңбы?» десе мен кантип жооп берем? Бул киши биздин ордубузга эле өзү билип тон бычып жатпайбы. Бирок мен өз чындыгымды айтып, анын калптарына жол бербейм. Өзүнүн туура эмес кылып жатканын билсе да, бул киши мени каралоонун максатында. Бирок мен ишенем, чындык жеңет. Учурда бул иш боюнча сотко, омбудсменге кайрылдым. Автордук укугумду коргоо үчүн аягына чейин соттошуп, акыйкаттыкка жетем. Менин эмгегимди саясатка аралаштырып, булгашына жөн карап отура албайм!

Режиссёрдун арыз-муңун уккан соң экинчи тараптын да пикирин сурап кайрылдык.
Өмүрзак Төлөбеков, продюсер: «ЫРЫСТЫН ДЕҢГЭЭЛИ «ТАЛАШ ТАГДЫРЛАР»
– Мен Нариман Түлеев президенттикке талапкерлигин коюп жатканда ага маалымат катчы болуп иштегем. Ошол кезде Ырыс келип, «тасма тарттым эле. Монтажга 500 доллар жетпей жатат. Демөөрчү болуп бериңиздер» деп калды. Тарткан тасмасын көрүп, сценарийи жакшы эмес экенин айткам. «Кандай сценарий болуш керек?» деп кызыгып калганынан, «Президент жана бомжду» көрсөттүм. Ал дароо «тасма тартканга көп акча деле кетпейт. 6-7 миң доллар тапсаңыз, ушуну кино кылып тарталы» деди. Макулдашып, иштештик. Бирок «Президент жана бомж» фильмине 6-7 миң эмес эле 30-40 миң доллар короп кетти. Ырыс Окенова режиссёр катары баарын көзөмөлдөп туруш керек болчу. Режиссёр болгондон кийин ар бир секундду көзөмөлдөп турса, мынча каражат кетмек эмес.
Киного киришерде да Ырыска «биргелешип автор бололу да, түшкөн кирешенин белгилүү бир пайызын берейин» деп сүйлөшкөнбүз. Ал сөзүмө көнбөй, «мындай Кыргызстанда жок, мага тартуу процесси боюнча 3000 доллар бериңиз» деп акыры келишим түзүлүп, кол коюлуп, макулдашканбыз. Анан бир кезде «Көк салкын» сыяктуу тасмаларга жакшы киреше түшүптүр деп калды. «Мейли, бизге да ошондой жакшы киреше түшсө, менин чыгашаларымды жапкандан кийин сага премия катары дагы акча берейин же Ош шаарындагы сатыктан түшкөн акчаны берейин» дедим. Аны угуп, ал дароо мага унчукпай Ошко байланышып, сүйлөшүп коюптур. Мен ага «Ырыс, мен тасманы тартыш үчүн жашаган үйүмдү саттым, унаамды күрөөгө койдум. Мени менен кошо жарышып, талашасыңбы?» десем да болбоду. Көгөрүп тасманы бир ай коюп, «2000 доллар таптым» деп айтты. Андан сырткары дагы 6000 доллар сурады. Мен чыгашамды чыгарып алайын десем, «эртең барып «пираттарга» берип салам, сизге да, мага да жок» деп коркутууга өттү. «Мындан кийин бир да акча сурабайсың, доом жок деп жазып бер» десем, тил кат жазып берди. 6000 долларды карматтым. Баш-аягы колумдан 9000 доллар алды, Оштон тамак-ашы, башкасы менен 4000 доллар кетсе керек, аны алды.
Анан мага чалыптыр, «сиз менин уруксатымсыз жаңыртып жатасыз» деп. Мен бул тасманын 100 пайыз ээси деп саналам. Тасманы Орусияга алып барганда аталышы «Президент жана бомж» болуп тургандан кийин, бомждун тагдыры аз болуп калыптыр, ошол жерин көбөйткүлө деп айтышкан. Ырыска кайрылсак, дагы баланча акча бер деп баштайт деп өзүм тартып, кыскарттырганым чын.
Жакында Ырыс чалды, «сизди сотко берем» деп. Эгер кинону карай турган мыйзам бар болсо, анда бере берсин. Ырыстын нааразычылыгы, «тасманын кыскартылган вариантында мен аралашпасам да, фамилиям турат» дегени болсо керек. Мен ошол жоопкерчиликти өзүмө алайын деп өзүмдүн аты-жөнүмдү да режиссёрлор деген жерге жаздырайын деп жатам. Ал эми тасмага катышкан чыгармачыл топтун Ырыстан башкасынын эч кимиси нааразы болгон жок.
«Президент жана бомж» саясий тасма болгондуктан, чет жерлерде көрсөтүүгө уруксат алыш көпкө созулду. Бирок жакында Казакстанда «Арман» деген кино борбору тасмабызды сатыкка алышты. Орусиядан «Лайк Стар» ЖЧКсы алды. Мен үйүм жок калсам деле Кыргызстанга татыктуу кино тартып койсом, ошого кубанам. Ырыс келишимди бузуп, чектен чыгып кетти. Кааласа эми деле башка кино тартып, акча жасай берсин. Анын деңгээли өзү тарткан «Талаш тагдыр» тасмасы экен.

Бул чыр тууралуу тасмага тартылган актёрлордун да пикирин уктук.
Аскат Сулайманов, актёр («Президент жана бомж» тасмасында Омордун ролунда):
– Бир үйдү салып, кайра оңдойм деп аны бузуп алышың мүмкүн. Эгер мага койсо, жаңы вариантын тартпайт болчумун. Бирок бул тасманы Европада сурап жатышкан турбайбы. Ал жагын ойлосом, бул да туура.

Марат Алышбаев (тасмадагы президент Самат Акматов), КРнын Эл артисти:
– Мындай маселе жаралбашы үчүн башында келишимдин ар бир пунктун дыкаттык менен түзүү керек болчу. А булар кыргызчылык кылып коюшкан көрүнөт. Башында мага роль сунушташканда «тажрыйбалуу режиссёр болбосо тартылбайм» дегем. Сценарийин окуп чыгып Ырыска айткам, «бул олуттуу сценарий экен. Сен тарта албайсың, бирөөнү көркөм жетекчи кыл, анан тартылам» деп. Ошентип, Нуртай Борбиев көркөм жетекчи болуп, тартылдым. Тасма талаасында да Ырыс мага келип бир да жолу «минтип сүйлөңүз, минтип ойноңуз» деп айта алган жок. Кино жарыкка чыкканда Нуртай Борбиевдин эмгеги экенине ынандым.

Марат Жанталиев,актёр (селсаяктын ролунда):
– Баштапкы варианты чыкканда көрүүчүлөрдүн «президент жакшы ачылып берилиптир да, селсаяктардын образы азыраак чагылдырылып калыптыр» деген ойлорун уккан элем. Андан сырткары чоң кино сынчылар да ошондой кептерин айтып жатышты. Ошолордун баарын эске алып, кыскартчу жерин азайтып, кошчу жерин кошуп, азыркы жаңыртылган вариантын чыгарышыптыр. Мага мунусу да жагып, купулума толду.

Бараандуу Эл артисттери катышып, жакшы алкыштарга татыган тасманын жаратуучуларынын ортосунда минтип чыр чыкканы, албетте, зээнди кейитет. Соттошконго чейин барбай эле, бири-бири менен маселени түшүнүшүп, чечип алышса, кино жааты да чырдан алыс болот беле?..

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg

«Супердин» сурак бурчу
АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ КИНОЛОРУ СИЗДИ КАНААТТАНДЫРАБЫ?

Тагай Керимбаев, жумушчу:
– Азыркы кыргыз кинолору такыр канааттандырбайт. Кинотеатрга барып кино көргөн жан эмесмин. Дискке чыкса көрүп коём. «Боз салкын»
жакшы чыккан, акыркы кезде ушундай глобалдуу көйгөйлөрдү козгогон тасмаларды көргөн жокмун.

Чолпон Тутунова, үй кожойкеси:
– Ооба, канааттандырат.
Бирок жаңы чыккан тасманы көрүү үчүн кинотеатрга барбайм. Теледен көрсөтүүсүн
же дискке чыгышын күтөм. Андыктан жаңы чыккан кыргыз тасмалары кинотеатрлардан гана эмес, теледен да көрсөтүлсө жакшы болмок.

Азизбек Сарыбай уулу, сатуучу:
– Кыргыз кинолору жакшы чыгып жатат. Убактым болсо калтырбай көргөнгө аракет кылам. Акыркы жолу «Аят-2» тасмасын кинотеатрдан көргөм. Бирок биздин актёрлор америкалыктардай аткара алышпайт. Эгер мамлекет тарабынан каражат бөлүнсө, сапаттуу тасмалар жаралса керек.

Жаныбек Исмаилов, жумушчу:
– Жок, мени канааттандырбайт. Качан болсо
кыздарды ала качып, зордуктап, кордогон кинолорду тартышат. Кыргызга үлгү боло турган бир да фильм жок. Жаман жагыбызды
ашкерелеп кино тартканда эмне пайда табышат, түшүнбөйсүң.

Айдана Жапаркулова, студент:
– Ооба, канааттандырат.
Мен кыргыз кинолорунун ашынган күйөрманымын. Акыркы жолу «Президент жана бомжду» кинотеатрдан көрүп келгем. Аябай жакшы таасир калтырды. Кинолор тартыла берсе, элге жакканы өзү эле иргелип чыгат.

Бактыкан Жапарова, укук коргоочу:
– Кыргыз тасмалары техникалык жактан да, актёрдук чеберчилик жактан да аксаганы билинип турат. Спектаклге окшоштуруп эле кино тарта беришет. Анан да биздин менталитетке ачык сценалар туура
келбейт. Кино тартууда батышты тууроо
менен чектелип калбашыбыз керек.

Эмил Бектемиров, актёр:
– Мен бардык кыргыз кинолорун жаман дебейм. Арасында монтаж, үн берүү жагынан аксап, мааниси түшүнүксүз, чыныгы кинонун талабына жооп бербеген фильмдер бар. Албетте, дароо Голливудга теңеле албайбыз, баары майдадан башталат.

Лунара Бекиева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(35)
22.10.2012. 12:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул кинону кинотеатрдан коргондо аябай кубанган элем.Кыргыз киносу да сапаттуу болуп,бийктике которулуп жатат деп.Азыр эми озгортушуптур, бул озгортуу россия менен казакстан учун гана керек.Себеби авторитардык режимдеги олколорго,демократиялуу олконун жакшы жактарын коргозууну алар каалабайт...Бул ачык эле ушул олколордун буйрутмасы менен озгортулду деп ойлойм...Ото окунучтуу..
23.10.2012. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
niko-nuku, Мен жаны озгортулгон вариантын кордум, эч кандай олкону жаман жагынан корсоткон жерлери жок. Кайта тажатма жактары алынып, ондолуптур. Бул жерде режиссер менен продюсердин акча талашмай жана пиар менен алектенгени сокурга деле корунуп турат. Кыргыздар ушинтип бири-бирибиздин ийгилигибизди коро албай, соттошуп-оттошуп, башкаларга кулку болуп журсок качан особуз??!
22.10.2012. 13:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кинону коро элекмин, жакында кором Кыргыздар уят болуп урушуп талашпай ынтымакта болбойлубу? Баягы эле акчанын айынан чыккан чыр да .Акча табылат конул, достук кайра ордуна келбейт .Ийгилик Кыргыз киносуна, бирок озубуздун жаман жактарыбызды эле эл журтка жарыялабай, жакшы кинолорду тарткылачы.
22.10.2012. 15:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
озу бармак менен санай турган гана кино тартылган анан неге мынча чыр айдаганын беш эчки ышкырыктары тим эле аска зоону жарат
22.10.2012. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Э Бизеде андай прездент жокко. Ал кандай прездент болду экен дейм да? Оз ордун бошотуп берген?
Же озгортулуп тартылганбы?
Мен кордум чынын айттсам бизде жок андай прездент.
Кайсыл прездент болду эле ошонтип ордун бошотуп берген бизде.
Ким жазды эле озу?
Же озгортулгонбу?
Мен Москва шаарынан кордум бирок.
25.10.2012. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Конкретный президент эмес.. Мурунку президенттердин кээ бир уй-булодогу моменттери корсотулгон(куйоо баласы). А бул президент как бы кыргыз элинин мечтасындагы президент)) Биздин президент ушундай болуш керек деген мааниде..
22.10.2012. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Бул кино анча-мынча современный кыргызфильмдерине караганда туболуктуу ойдо турат. Чындыкты чагылдырган экен. Оз ара келишпестиги жаман болуптур. Финансы маселеси куноолу го.
22.10.2012. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыз киносу болгондон кийин, кыргызча ат койбойбу, президент жана бож эмес, пиезидент жана селсаяк десе жакшы болмок.
25.10.2012. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызчасы: "Президент жана селсаяк", орусчасы:"Президент и бомж"
22.10.2012. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дегеле кыргыз филим кимге жагат коруштон уяаласын.кийген кийимдерин коруп тан каласын.Биздин кино тартылуучуларыбыз нукура кыргыз бекен деп да ойлонуп кетесин.Жыргап уй булон менен коро албайсын бир карасан минип алып эрин сабап аткан бир карасан кыз байкуштарды чыркыратып зордоп аткан анан эле мастар менен бузулган кыздар.Коруштон ичиркенесин намыстанасын.Кыргыздын бардык кыздары бузулуп калгандай сезилет.Жигиттери мыкачы канкор калганы аракеч болуп калгандай сезесин.Кайда кыргызымдын ыймандуу
22.10.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аруу кыздары.Элим кыргызым дегенде жанын берген чыгаан март жигиттери.Эрин сыйлаган кайын журтун туу туткан асылкеч аяал зааты.Аяал затын урматтаган кыздын кырк чачын сыйлаган акылдуу биздин жигиттерибиз кана...Кыргыздын атын затын корсотуп жакшы жагын корсотуп кино жаратып анан чырдашып анан соттошсонор болмок.Ошондо биз сиздерди сыйлап урматтап бирин ак бирин кара демекпиз.
22.10.2012. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
качан инетке чыгат болду экен пираттардын жолу болсун ылайым
23.10.2012. 16:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
men_aman, Хахахаха сага кошулам 100% эртерек пираттардын колуна тийсе экен!
25.10.2012. 01:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Буюрса жакында чыкпайт)))
23.10.2012. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустарда айткандай "Где деньги , там и волки" дегендей бул кино популярдулуугу аз болсо мындай чыр деле чыкмак эмес. негизи биздин кинолорда теср жактарыбыз коп чагылдырылат. Тарыхый маанидеги фильмдер тартышса жакшы болмок. Кичуу муун теср кинолорду коруп таасирленип жатышат. Эмнеге биздин киночулар Манас атабызды тарта алышпайт. Манастан баштап Сейтекке чейин тартышса, жаш муун деле жакшы тарбия алмак.
23.10.2012. 09:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Манас атабыз биримдикке, гумандуулукка чакырган эмеспи.
23.10.2012. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жок, мени канааттандырбайт. Качан болсо
кыздарды ала качып, зордуктап, кордогон кинолорду тартышат:)))) jaylaptir:))
23.10.2012. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бизде тартип жок, закон эч ким баш ийбейт, жашообуздун 99% ошодой эле корунуш болуп атаса анан жаш режиссерлор эмнени тартат - болгон жашообуз ошол болуп жатпайбы - ар бир аптада 1-5 жаш нарсителер кордолуп жатат. Ишке орношкону озун барып корчу гослужбаларга алар бекен. же полилиника бальницаларга барчы ооруп кандай карайт - ошон учуну ушундай кинолор.
26.10.2012. 00:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Meris, en tuura aytasin ozubuzdun jashoobuz ushunday bolup jatpaybiii anan alar emneni tartishsin
23.10.2012. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Даа, башталды..бирок, элге сырын ачышыптыр. 3 ай иштегени учун 10 мин доллар ашык акча алыптыр ы.окенова.башка кинолоруна мынча толонбосо керек. Авторду жалко, уйун, машинасын сатса кино тартам деп. Эми минтип чууга алынса. Режиссердун уяты жок экен, 3 ай тартып ошончо акчаны аш кыла албай чуу чыгарып. Автор канча жыл башынан отконун чогултуп жасса, уйун сатып тартса, ошол да ээси.
24.10.2012. 05:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туфта корочи биздин кинолор.Лушче том и жери кор.
24.10.2012. 11:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыс Окенова чектен чыккан ,адем керчиликсиз,ичи тар адам корунот.Продюссерди коро албаи шантаждап акча ондурду деит еми атак-данкка умутулган екен да!Ошол акча буируит болду бекен?
24.10.2012. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйраткандай эле жакшы кино болгон эмеско несин талашышат катардагы эле эптемей кино
25.10.2012. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"катардагы эле эптемей кинону" канчалаган чет олколук жарандар кызыгуу менен коруп, высоко оценивают..
24.10.2012. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бир эле окуяны камтыган, президент жонундо болгондон кийин кобурок эл жонундо чагылдырыш керек болчу, азыркы президент да бир адамга жардам берсе бергендир аны бардык эл билбейтда, мында жон эле президенттин сила воли тартылган озунун кызматына карата мындайча айтканда отставкага оз каалосу менен кеткен
25.10.2012. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинонун маанисин тушунуш учун дагы, тушунгон адам коруш керек экен..
29.10.2012. 18:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhan_altynai, маанисин тушундунбу анан...
24.10.2012. 23:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
продюсор сен берерде ойлонуп бербейсимнби анада же акчасын азырак берип койдубу
25.10.2012. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ы.Окенова акчаны ото эле жакшы коргон адамдардан окшойт.Дагы биртке акча сунуштаса, соттон арызын алчудай корунот....
25.10.2012. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыс эженин торуна менда тушуп чыктым эле бир кезде,ал кишиден баарын, кутууго болот,айтарым ыйман берсин кудайым Ырыс эжеге,но авторго жалко болду,
25.10.2012. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул кино кандай болду экен? Ыя ? Ким корду эле
26.10.2012. 00:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына ушуну кино десе болот!!!
27.10.2012. 06:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Иттин тушуно кык кирет.
28.10.2012. 15:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тарыхый тасмаларды тартсаныздар жакшы болмок. Жакшы улгу алат элек.
02.12.2012. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино жакшы эле тартылган куноо эки режисёрдо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо