ЭСКИ ПАРТИЯНЫН ЖАҢЫ ТОЛКУНУ

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

«Ата Мекендин» партиялык конференциясына кесиптик милдеттеримден улам күбө болдум. Партиянын Бишкек шаардык кеңешине кандай талапкерлерди жылдырарын билишим керек эле. Кургак сөзгө жык катардагы жыйын болсо керек деп көңүлсүнгөн эмес элем. Бирок мен 13-октябрда өткөн «Ата Мекендин» бул конференциясынан жандуулукту байкай алдым.

ТАРЫХЫНА СУКТАНУУ
Опера жана балет театрына ал күнү партиянын жүздөн ашуун делегаттары чогулду. Алардын сүйлөп жатканын угуп отуруп, «Ата Мекен» жөнүндө, анын тагдыры жана эгемен Кыргызстандын тарыхындагы ролу туурасындагы ойлорго чөмүлдүм.
«Ата Мекенге» азыркы партиялар, «бир күндүк» жана бизнес долбоорлор тең келе албайт. Социалисттик партиянын мүнөзү бир саатта калыптана калган эмес, өз идеалдарын жана баалуулуктарын сактап калуу менен жылдар бою сыналып келет. Социалисттер эмнени гана баштан кечиришпеди. Үй-бүлөлүк-кландык эки режим менен тынымсыз күрөш, көңүл калтыргандардын, сатып кеткендердин азабы, жоготуу армандары жана жеңиш кубанычы...
Бүгүн «Ата Мекен» – коомубуздун ар кыл курактагы активисттери топтолгон күчтүү саясий уюм. Көз караштардын бүтүндүгү жана заманбап идеологиясы менен. Кайталангыс тарыхы жана эч нерсеге тең келгис тажрыйбасы менен. Анан да, мендеги маалыматтар боюнча, «Ата Мекен» – дүйнөдө кадыр-барктуу «Социалисттик Интернационал» уюмунун Борбордук Азия боюнча бирден бир мүчөсү.
«Ата Мекен» – коомдук-саясий түзүлүш боюнча өз көз караштарын, өз концепциясын турмушка ашыра алган саясий уюм. «Ата мекенчилер» – өлкө Конституциясынын чыныгы авторлору жана идеялык демөөрчүлөрү.

БИРДИКТҮҮ ДЕМ
...Конференцияда чыгып сүйлөп жаткандардын көтөргөн маселелери ар башка болсо да, алардын деми да, идеялары да бири-бирине шайкеш. Идеологиялык бир туугандык сезилет. Балким, бул романтизм, максимализм, революциялык дух, принципиалдуулук өңдүү солчулдарга таандык өзгөчөлүктөр болушу мүмкүн. «Ата Мекен» кырдаалга жараша түсүн өзгөртпөйт, көргөн кемчиликтерине кайдигер карабайт. Өз принципиалдуулугунан улам «Ата Мекен» азыркы башкаруучу коалиция курамында болгонуна карабастан, таасирдүү жана келишкис душмандары жетишерлик.
«Ата Мекендин» Шаардык кеңешке тизмеси да таңдантты. Ага ар кыл курактагы, ар кыл кесиптеги адамдар кирген. Алардын арасынан Бишкек шаардык кеңешинин, ал тургай, Жогорку Кеңештин да азыркы депутаттарынын ысымдарын кезиктирдим.

ЖАШТАРГА ШЫДЫР ЖОЛ!
Менде, менде эле эмес, башкаларда да суроо туулду: эмнеге Жогорку Кеңештин депутаттары кызматын кичирейтип, борбор калаанын парламентине талапкерлигин көрсөтүп жатышат? Тизмени бекитер маалда буга да конференциянын делегаттарынан жооп таптым. Алардын пикиринде, Жоомарт Сапарбаев менен Наталья Никитенко Жогорку Кеңештеги эки жылдык ишмердиктеринде өздөрүн чынчыл, активдүү, принципиалдуу саясатчылар катарында көрсөтө алышты. Эми партия аларга Бишкек шаарын өнүктүрүүгө салым кошуу тапшырмасын берди.
Кырдаал өлкөдө да, борбор калаада да өзгөрдү. Эгер мурда шаардык бийликти Президенттин администрациясынан белекке алып келишсе, жаңы системде ага шайлоолор аркылуу жетиш керек. Башка талапкерлер эле эмес, Жогорку Кеңештин бул эки депутаты да шаардыктардын реалдуу колдоосуна ээ экендигин далилдөөгө тийиш. Алар борбор калаа алкагында өз алдынча иш алпарып, партиялаштарын да, шайлоочуларын да артынан ээрчитүүгө жетиши зарыл. Реалдуу атаандаштыкта гана партиянын лидерлер мууну калыптанат.
«Ата Мекен» тизмени гана эмес, партиянын шаардык уюмунун жетекчилигин да жашартты. Борбор калаадагы уюмун жаш, бирок шаар алкагында белгилүү саясатчы, Бишкек шаардык кеңешинин азыркы таптагы депутаты жана бюджет боюнча комиссиянын төрагасы Камалдин Токтосартов жетектейт. Ошондой эле тизмеге тажрыйбалуу саясатчылар, Бишкек шаарындагы азыркы жана мурдагы депутаттар, жетекчилер Илья Клименко, Сейдахмат Исмаилов, Союзбек Салиев, Светлана Загинайло, Наталья Никифорова, Нурлан Асанбеков жана башка ишмерлер да тизмеге камтылган. Социалисттер өз туусунун алдында тажрыйбалуу, иш билги команданы топтой алганын моюнга алыш керек.

ЖАГЫМДУУ БАШАТ
«Ата Мекендин» конференциясынан жакшы маанайда узадым. Мындай нукта башталган шайлоонун жүрүшүнө көз салуу да жагымдуу болот өңдөнөт деп болжодум. Патриарх-партия койгон атаандаштык чегине идеологиялык жана программалык деңгээлде башка партиялар да чыдаса, катарын жашартууга жана идеялардын жаңырышын камсыздай алса, анда бишкектиктер жаңы сапаттагы Шаардык кеңешке ээ болору шексиз.

Тимур Асанов


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
22.10.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстанда 1-маселе ЭКОНОМИКА 2-маселе ЖУМУШСУЗДУК.Экономикага токтолсок Ата мекен партиясы соз менен гана чектелет иш жузундо оздорун коргозо албады.2010 Отунбаеванын ордуна 2012 Атамбаевдин ордуна 2012 Сатыбалдиевдин ордуна Текебаев озун корсотподу.Жоопкерчиликтуу иштерге иштеп иш жузундо корсотуш керек эле.Ата мекенди коп мактап коюпсунар.Мырзакматов 2 жылда иш жузундо корсотту Текебаев дагы теле 2 жылдан бери суйлогондон башка эч нерсе кылбады.Эл ишти баалайт
22.10.2012. 18:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жумушсуздука келсек ата мекен партиясы кайсы инвесторду алып келип элдерди жумуш менен камсыз кылды? Туштук Кореяга 20дан ашык депутат келип алыптыр бюджеттин эсебинен 6же 8 депутат келсе болмок.Инвестор тартканы келдик деп жер коруп шаар коргону келишиптир.бир дагы компанияга барышкан жок.кореянын элчиси дагы ата мекенчи эле ал айландырып ойнотуп кетирди.андан коро жакшы компаниялар менен келишим тузуп кетишсе болмок
22.10.2012. 18:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 апрель окуйасында каза тапкан адамдарды Ата Бейит күмбөзүндө жерге берип, Убактылуу Өкмоттүн башчалары сүшлөшкөн. ошондо Ө.Текебаевдин сөзүнө таң калгам.... Биздин жашоо Бакиевдикинен да жаман болот деп, адашып айтып алдыбы же кандай айтты кыскасы туурале айткан экен
22.10.2012. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата - Мекенчилердин колунан эч нерсе келбей калды го. 20 жылдан бери суйлоп эле келет Текебаев деген же суйлогон созунун дайыны жок азыраак суйлоп кобуроок жумушун аткарбайбы? Текебаевден эл эч нерсе кутпой калды. 20 жылдан бери козго корунорлук эч бир жумуш жасабаса суйлогондон эмне пайда..........
22.10.2012. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jurnalist,kesiptik mildetterim dep turup ele achyk maktap kiriptir go partiyani.
23.10.2012. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул эргулдардын кимисине умут кылууну билбей калдык.Омукеге ишенимдер бар эле жакында анын эротикалык видео окуяларынан сон бул деле отморозок деген ой туулат.Озубуздун кыздарды кордоп ойноштук иштерине зээн кейийт ичин орт алат биздин улуу муундардын берген тарбиясы ирээнжитет атоор онолуубуз кыйынга турат го.
23.10.2012. 13:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо кыргыздын козго басар саясатчысы деп ойлогом кийин эле порн звездалардын катарын толуктайт экен кантсе да жигитке жетимиш онор аздык кылат дейтко калкыбыз алга Текембай Оштун да ойронун чыгарып кеткен болчусун
23.10.2012. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kiskasi, "it uroo beret, Kerben juroo beret" - demekchi, -" Tekebaev uroo beret, Jashoo juroo beret...".
23.10.2012. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul Jurnalistin kesiptik mildetti emes ele, Kesipten koldonup maktap jazgani go ...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо