МАКСИМ БАКИЕВДИ АЛЫП КЕЛҮҮГӨ КЫРГЫЗСТАНДЫН КҮЧҮ ЖЕТЕБИ?

№520 19-Октябрь-25-Октябрь, 2012-ж

12-октябрь күнү экс-президенттин уулу Максим Бакиев Лондондо кармалып, ошол эле күнү күрөө менен камактан чыкты. Ал АКШнын өтүнүчү менен ири финансылык көз боёмочулук боюнча айыпталып кармалган. Болгондо да 7-апрелге чейинки иштери боюнча эмес, андан кийинки эки жыл аралыгындагы махинациялары үчүн. Аны АКШга экстрадициялоо маселеси 7-декабрда каралат.

 

АКШнын ӨТҮНҮЧҮ МЕНЕН КАРМАЛДЫ
Кыргызстандын АКШ менен да, Британия менен да экстрадициялоо боюнча эки тараптуу келишими жок. Андыктан кармалган күндөн тартып эле Максим Бакиевди
Америка Кошмо Штаттарына өткөрүп берүү маселеси каралып, ошол эле күнү Вашингтон өткөрүп берүү өтүнүчүн Британияга жолдогону белгилүү болду.
«Бизде түз экстрадициялоо боюнча аталган эки өлкө менен келишим жок. Бирок паракорчулукка жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча эл аралык конвенциялар бар. Ага АКШ да кирген. Эгерде Британиянын соту Бакиевди Америкага экстрадицияласа, ошол конвенциялардын негизинде же болбосо эки өлкөнүн принциптерине туура келген өз ара мамилелери аркылуу Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп алуу маселеси каралса болот»,- дейт Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сейитжан Апышев.
Бирок Британияда саясий куугунтук боюнча баш паанек алган башка өлкөнүн жарандарын кайтарып берүү дээрлик жокко эсе. Мисалы, Орусиянын миллиардер Борис Березовскийди канча жылдан бери Британиядан кайтарып алуу аракетинен майнап чыкпай келет.
Максим Бакиевдин Кыргызстанга алынып келүүсүнөн күмөн санагандар көп. Серепчилер АКШ аны Кыргызстандагы транзиттик борбордун мөөнөтүн узартуу үчүн соодалашарын божомолдошууда. Экс-президенттин уулу так ушул учурда кармалышы да бекеринен эмес. Анткени 2014-жылы АКШнын транзиттик борборунун Кыргызстанда жайгашуу мөөнөтү аяктайт. Президент Алмазбек Атамбаев базаны чыгарып же жарандык борборго айлантуу ниетин билдирген.

БЕРИЛЕ ТУРГАН ЖАЗА
Эгер Максим Бакиев АКШда соттоло турган болсо, кеминде 15 жылга эркинен ажыратылары айтылууда. Бул мамлекетте каржы көз боёмочулугуна катуу жаза берилет. Кыргызстандын койгон айыптары оор, бирок экс-президенттин уулу акталып кетиши мүмкүн. Себеби жергиликтүү кылмыш иликтөө, тергөө органдары алсыз, ишеним аз. Экинчиден, Кыргызстанда сот системине ишеним төмөн.

АЛДЫДАГЫ КАРМАШ
Лондондун полициясы Максим Бакиевди үй камагына бошотту. Британиянын Кыргызстандагы элчилигинин билдиргенине караганда, үй камагы үчүн мурдагы президенттин баласы
250 миң фунт стерлинг, биздин валюта менен 19 миллион сомдун тегерегиндеги суммада күрөө калтырган. 7-декабрда сот Максим Бакиевди Америкага өткөрүп берүү маселесин карайт. Аны Англиядагы ири юридикалык «PetersandPeters» компаниясы коргомокчу болуп ишке киришти. Учурда тиешелүү документтер даярдалып жаткандыгын компаниянын өкүлдөрү билдиришти.

ЭКСТРАДИЦИЯ КАНДАЙ ЖҮРГҮЗҮЛӨТ?
Экстрадиция – кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун формасы. Ага ылайык, айып тагылган адамдын күнөөсүн сотто териштирүү үчүн же күнөөсү далилденип, сот жообуна тартууга бир мамлекеттен экинчисине өткөрүлүп берилет.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(9)
22.10.2012. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баары бир Кыргызстан кайтара албайт. "А" деп баштаганда эле акча залогго коюп чыгып кеттиби, сотту деле акча менен жеңип кетсе керек. Бирок, көрөбүз го эми Британия менен Американын законун
22.10.2012. 11:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aikulina, Американын сотун сатып алса, анда билбейм...((( Тууууй!
22.10.2012. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adalsvards, соттор сатылбайт деп терееееең ишенип туралы эми))
22.10.2012. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орустар ала албай жатат экен.
Кыкемдерди кой дейт окшойт анда.
Акча менен буттот да.
19 миллеон сом бериптир.
Дагы канча бар экен анда акча.
22.10.2012. 17:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Америкага экстрадиция кылса Максты, анда ошол жакта калганы жакшы.аны Кыргызстанда соттосо баарибир, айласын таап акталат.ал соттолсо эле бир нерсе өзгөруп кетпейт,Аллах өзү жазалап алат! Америкалыктар Максты Манас авиабазасын мөөнөтүн узартуу макасатында алмаштырышы мүмкүн.
26.10.2012. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurik102, туура айтасын, аны алып келсе деле акча мн акталып кайра эчтеке болбогондой журоберет. Андан коро тийбегиле журо берсин ошо жакта.
23.10.2012. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ Максимди кайтарыш кыйынго ага убакыт коротуп акча коротуп олтурбай кыргыз элим кудайга салганыбыз он. Андан коро аны кайтарып алган акчага бир элге пайдасы тийчудой иш жасайлы.
23.10.2012. 20:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жакка кайтарылып келсе деле биздин сотторго пара берип койсо кайра актап чыгарып салышат.Соттор туура иштебей калды го бизде.
24.10.2012. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми бул жакка алып келсе деле эмне Максимди атып өлтүрөбү? же элге салып береби, же ташбараңга алабы,. Ашып кетсе түрмөгө камайт анан бул ал жактан деле көптөгөн ыпылас иштерди жасай бербейби!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо