ТУБАСА МАЙЫПТАРДЫН ЖӨЛӨКПУЛУ МИҢ СОМГО КӨБӨЙӨТ

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

Социалдык өнүктүрүү министрлиги иштеп чыккан токтомдун долбоору өкмөт тарабынан колдоо таап, ушул жылдын 1-декабрынан тартып жашы 18ден өткөн тубаса майыптарга төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү миң сомго көтөрүлө турган болду. Тубаса майып болуп төрөлгөндөр үчүн жөлөкпулдун жогорулаганы – аларга чоң көмөк. Мүмкүнчүлүгү чектелүү болгонунан улам дээрлик баары иштөөгө жөндөмсүз, андыктан алардын жалгыз каражат булагы жөлөкпул болуп эсептелет. Ошондой эле аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн жөлөкпулдун өлчөмү 1-ноябрдан баштап 580 сомго чейин көтөрүлдү. 
Социалдык өнүктүрүү министри Кылычбек Султановдун берген маалыматына ылайык, социалдык жөлөкпулдардын жогорулоосу үчүн бюджеттен кошумча каражат алынган эмес. Мунун баары буга чейин бөлүнгөн бюджетти туура пайдалануу, муктаждарга берилип жаткан каражаттын даректүүлүгүн жакшыртуунун эсебинен мүмкүн болгон.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо