КУБАТБЕК КОЖОНАЛИЕВ ҮЙ КАМАГЫНА ЧЫГАРЫЛДЫ...

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

  • 22-октябрда Бишкек шаардык соту депутат САДЫР ЖАПАРОВду 2 айга камакта калтыруу боюнча Биринчи Май райондук соту чыгарган чечимди күчүндө калтырды.
  • Кыргызстан «Токтогул» суу сактагычында сууну үнөмдөө максатында ЭЛЕКТР ЭНЕРГИЯСЫН ЭКСПОРТТООНУ ТОКТОТТУ.
  • 22-октябрда Ош-Бишкек жолунда кичиавтобус менен КамАЗ кагылышып, 5 АДАМ КАЗА ТАПТЫ.
  • 3-октябрдагы баш аламандыкты уюштурууга катыштыгы бар деп айыпталып камалган мурдагы аскер прокурору КУБАТБЕК КОЖОНАЛИЕВ ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.






  • 2013-жыл КМШда Экологиялык МАДАНИЯТ ЖАНА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО жылы болуп жарыяланат.
  • Президент АЛМАЗБЕК АТАМБАЕВ 26-октябрда Айт намазга туулган айылы Арашандагы мечитке барарын Диний башкармалык кабарлады.
  • 24-октябрда Улуттук көркөм сүрөт-искусство музейинде Кыргыз ССРинин жана СССРдин Эл сүрөтчүсү ГАПАР АЙТИЕВДИН 100 ЖЫЛДЫГЫНА арналган көргөзмө ачылды.
  • ЖКда «Ата Журт» фракциясынын убактылуу лидери болуп МЫКТЫБЕК АБДЫЛДАЕВ шайланды.







  • Бишкекте «АМАН БАНКТАН» 800 МИҢ ДОЛЛАР уурдап кеткен банк кызматкери кармалганын ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
  • Прокуратура мурдагы министр РАВШАН САБИРОВду 15 жылга, ал эми анын жардамчысы ТАХИР МИРЗАХМЕДОВду 14 жылга эркинен ажыратууну суранды.
  • 2-ноябрда 12 АЛТЫН КЕНИНЕ лицензия берүү боюнча аукцион өтөт.
  • «Манас» аэропортунда 8 КИЛОГРАММ ГЕРОИН алып бараткан Беларусь жараны кармалды.
  • Президент Алмазбек Атамбаев жоюлган МАМЛЕКЕТТИК КҮЗӨТ КЫЗМАТЫНЫН согуштук туусун жокко чыгаруу боюнча жарлыкка кол койду.

Самат Баялы
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо