«ПРЕЗИДЕНТ ЖАНА БОМЖ» ТАСМАСЫНЫН ЧЫРЫ УЛАНУУДА

№521 26-Октябрь-1-Ноябрь, 2012-ж

«Президент жана бомж» тасмасынын жаратуучуларынын ортосундагы ич ара келишпестиктер тууралуу өткөн санда жазганбыз. Тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков «Президент жана бомж» фильми чырга айланды» деген – жөн гана чуу» деп чыркырайт. Ал эми режиссёру Ырыс Окенова таарынычтарын айтып бүтө албайт. Сөз арасында «мен продюсердин тасма аркылуу кыргыз элин селсаякка теңеп, митингдерди дүйнөгө даңазалаганына караманча каршымын» деген кебин айтты. Биздин билишибизче, тасманын биринчи вариантында эле селсаяктын тагдыры кеңири сүрөттөлүп, анын артынан башкалары да пикет-митингге чыкканы көрсөтүлөт эмес беле? Же алгачкы вариантта жалаң кыргыздын кыраандары сүрөттөлүп, элди ынтымакка чакырган кадрлар бар беле? Айтор, бул жааттан алганда, Ырыс айым «кинону «пираттар» аркылуу таратып жиберем» деп продюсерди коркутуп кирген өңдүү.

ӨМҮРЗАК ТӨЛӨБЕКОВ, продюсер:«ЫРЫС ОКЕНОВА ИЧ КҮЙДҮЛҮК КЫЛУУДА»
– Бул киного тиешеси барлардын ар кимиси өз иштерин улантып жүрүшөт. Жалгыз гана Ырыс Окено­ва пенделик ич күйдүлүк көр­сө­түүдө. Кино адистери тасманын ийгилиги сценарийинин күчтүүлүгү менен артисттердин мыкты ойногондугунда экенин белгилешти. «Мындай олуттуу сценарийге белгисиз режиссёрду тандаганың эмне?» деп баары сурашкан. Мен ошондон улам кино корифейи Нуртай Борбиевди көркөм жетекчиликке чакыргам. Натыйжада «Президент жана бомж» жакшы киного айланып, Кыргызстандын чегинен тышкары, эл аралык аренага чыкты.
Чыгарманы жазган, кинону тарттырган анын ээси катары менин үгүт иштерин жүргүзүүмө Ырыс Окенова «эмнеге менин атым чыкпайт?» деп таарыныч кылды. Мен ага айткам, «Кудай, мезгил, эл ар кимибиздин эмгегибизге карата баа берет» деп. Эми анын айласы кеткенде ойлоп тапкан жөө жомокторуна жооп берип отурууга убакыт жок. Ырыс андай таланттуу режиссёр болсо, мындан мыкты тасма тартып көрсүн. Мен ага чын жүрөгүмдөн ийгилик каалайм!
Биз «Президент жана бомж-2» көркөм фильмине кызуу кириштик. Сценарийи жазылып бүттү. Кудай кааласа, ноябр­да тасманы тартып баштайбыз. Фильм Кыргызстандан тышкары Астана, Москва, Берлин, Париж шаарларында тартылмакчы. Ошого жараша ага чет өл­көлүк кино адистери катышат.
«Президент жана бомж-2ни» чет өлкөлүк да, биздин да кино сүйүүчүлөр сүрөөнгө алууга даярдыктарын билдиришүүдө. Биз менен кызматташууну каалагандарды чогуу иштешүүгө чакырабыз. Тасмага тартылгысы келгендер кастингге катышса болот.

ЫРЫС ОКЕНОВА, режиссёр:«ТАСМАНЫН АЛГАЧКЫ ВАРИАНТЫН ЭЛГЕ БЕЛЕК КЫЛАМ»
– Өмүрзак Тө­лөбеков мени кыргыз элине уят кылды. Жа­ңы­ланган вариантына каршы чыктым, анткени режиссёр катары укугум бар. Алгач мен ага жолукканда «Талаш тагдыр» тасмасына акча сурамак турсун, тасма кинотеатрларга коюлуп бүтүп калган эле. Ал эми «6-7 миң долларга эле тасма тартам» деп айтты» дегени – акылга сыйбаган көрүнүш. Ал мага «башка режиссёрлор 100 миң доллар кетерин айтышты. Менде анча акча жок, сен мага 30 миң доллардын тегерегинде тартып бер» дегенин унутуп калыптыр. Бул чыгармага көп оңдоо-түзөөлөрдү киргизгем, мен да сценарист деп жазылсам болмок. Тасма көрүүчүлөргө чыккандан кийин эмгекти баалабай, минтип сүйлөгөнүнө жол болсун! Эгер чын эле жазуучу болсо, аты элге таанымал болмок. Ал жадакалса актёрлорду тааныбайт эле.
Мен кинону тартканым үчүн аз да болсо режиссёрлук гонорарымды алгам. Колумду окшоштуруп коюп, бирөөгө тил кат жаздырган кагаздардагы сумманы алган эмесмин. Мисалы, мен алган күндө деле ал менин тиешелүү эмгегим болмок да. Ошону билбегени, бирөөнүн акысынан коркпогону, иш аткарылып бүткөндөн кийин минтип сүйлөгөнү – анын эки жүздүүлүгү. Бул иштин баарын далилдөөчү сот алдыда. Мен кыргыз элинин уңгусуна доо кетирбейм. Эгер мени каралаганын токтотпосо, мен Төлөбековду коркутпай эле, тасманын алгачкы вариантын элге белек катары таркатам.

Продюсер Өмүрбек Төлөбеков бизге берген маегинде «мен башында эле президенттин ролун Марат Алышбаев, селсаякты Марат Жанталиев, бизнесменди Аскат Сулайманов ойнош керек деп ойлогом. Жадакалса кыздарды да өзүм таап келгем» деп айткан. «Айта берсең, арман көп» демекчи, эки тарап тең, өздөрү айткандай, чындыкка жетип, көрөрмандарга жаңы эмгектерин тартуулай берсин деп жыйынтыктайлы.

star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(29)
29.10.2012. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушундай аттуу-баштуу кишилердин бири-бири менен тил табышпай былыктарын чукуп жатканына тан каласын. Биргелешип иш баштап, эмгектин узурун корордо минтип ким билсин, кимисинен кетип жатат, чырдап жатышканы уят эле, менимче. Ич ара эле тактап алышса болмок, элге жар салбай. Голливуддун денгээлине жеткенде, кесе айтканда, бири-бирин тытып жешет го!..
29.10.2012. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мурун Ырыс эже мага абдан токтоо, акылдуу айымдай сезилчу. Корсо жанылган экенмин. Гонорарын алгандан кийин тынч эле жатпайбы. Базардагы аялдардай арызданып, булкулдабай. Негизи ошон учун аял уйдо эле бала багып олтурганы жакшы да. Кандай болсо да эл тараза эмеспи баарибир билинет кимисиники туура. Жаш балдардай болуп таркатып жиберем деп коркутканына жол болсун.
29.10.2012. 13:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен 26 жыл кинодо иштедим бирок мындай шумдукту коргон эмесмин
29.10.2012. 14:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Экөө тең айтышпай эле чечип алышса болмок маселени. Бирок мен негедир Ырыс Окенованын сөзүн ынанымдуу көрдүм.
29.10.2012. 17:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Каерде кыргызды кордунор чыр чатаксыз проблемасын чечкен,биз кыргыздар ичи тар ач коз ынтымагыбыз жок елбиз.Раззаковду да орустарга каматып жок кылдык ко!
29.10.2012. 17:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кинону москванын кайсыл кино театрынан коро алам ?айтып койгулачы сураныч?
29.10.2012. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кимисине ишеништи да билбейсин.Ушул нерсени башында кагаз жузундо келишимди жакшылап тузуп алса
болмок.Тасманы элге белек катары тарттым дегени озун элге жакшы корсотуу максатында айткан да,белек экен анда бекер коймок элге.
29.10.2012. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кастинг качан жана кайда болот экен?мен да актер болгум келет.
29.10.2012. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эхх...Кино аты чыгып,ага тиешелуу адамдардын да аты чыгып,таанылбагандар таанылып,таанылгандар андан да баркталып,биз сыймыктана баштаган элекго...Эми ушул мээнеттин баары ушу чырдын айынан текке кетет,урушуп талашып шерменде болушуп...Бизге улгу болчу маданияттын адамдары ушундай кылышса анда жорокой элчи...?Эххх,уят жана окунучтуу...
29.10.2012. 23:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Админ, Марат ЖантАлиев эмес, Марат ЖантЕлиев!!!!!
30.10.2012. 12:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zhan_altynai, жакшылап тактап келип анан сын айтыңыз. Марат Жанталиев деп туура эле жазылып турат! Маалымат такталган!
31.10.2012. 00:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_MiranA, сын айтпай элемин, прошу просто поправить, значит маалымат туура эмес. Жантелиев Марат Кыдыкович. Лично озунон уточните пожалуйста..
30.10.2012. 07:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ЫРЫС ОКЕНОВА, режиссёр:«ТАСМАНЫН АЛГАЧКЫ ВАРИАНТЫН ЭЛГЕ БЕЛЕК КЫЛАМ» Ырыстын ойу жашы экен.
ӨМҮРЗАК ТӨЛӨБЕКОВ, продюсер:«ЫРЫС ОКЕНОВА ИЧ КҮЙДҮЛҮК КЫЛУУДА» деп каралап жатат. Мумкун, Өмурзак кунолуу болуп журбосун. Ырыс кинонун тасмасын бекер коргусом деп жатса Өмурзак эмне учун бекер коргузбойт? Өмурзакта шегим бар.
04.11.2012. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., карангылыктан качан чыгабыз?Ачык аикын еле корунуп турбаибы-Ырыс Окенованын елге бекер таратканга моралдык дагы инсандык дагы укугу жок!Просто орустар аиткандаи "как базарная баба"-доолуланып жатат.Ичи тарып-коро албастык кылып тургансыит,ал еми " Ырыс кинонун тасмасын бекер коргусом деп жатса Өмурзак эмне учун бекер коргузбойт?"-дегенин акылга сыибаган нерсе!Проюссер каражат сарптап,уиун сатып кино тартса каира акташ керек да чыгымын-кыргыздар даяр оокатка уиронуп калган-мында
04.11.2012. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ilim.splash, мында да чындыкты чыркыратып бекер кино кором дегенин акыикатка коз жумгандыгын оз кызыкчылыгынды жолдоп!
30.10.2012. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул кинону москванын кайсыл театрынан коро алам жооп жазып койгулачы сураныч?
11.11.2012. 15:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
koky85, кинону 7-розовая линиядан,метро станция улица 1905годадан коро аласыз.дом 14.кино ушул айдын 30уна чейин коюлмакчы
30.10.2012. 12:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ВДНХ дагы кыргыздардын павильонунда коргозулуп жатат дер уккам. Кыргыз кинолору баары эле ошол жерге келет го.
30.10.2012. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аха рахмат акулина24
30.10.2012. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
карочи Ырыс акча талап кылып жатат сурай албай
31.10.2012. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооо эртерээк бекер дискке чыгартса экен
01.11.2012. 14:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул кинону аябай мактап, көрбөгөндөрдү деле сүйүнтүп жатпады беле, башы жакшы башталып аягы мындай болуп жатканы жаман болуптур.
03.11.2012. 04:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты жакшы тартылган
03.11.2012. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын ортосунда ач коздуулук жана бирин-бири коро албастык болуп жатат. Олгондон кийин кинонорду корго ала кетмек беленер эл журтка шылдын болбой адам болсонор боло!
03.11.2012. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пираттар качан базарга чыгарат корот элек,,,
04.11.2012. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыр чатаксыз журо албайт экенбиз да!?
20.11.2012. 22:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коом кандай болсо, коомдогу адамдар да ошондойбуз...
05.12.2012. 18:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунунар уят эле го...ал кино кыргыздын жакшы жагын деле корсотпоптур баягы эле денгээлде кыргыздын жаман жактары корсотулгон уялыш керек акча учун эмнеге баратабыз деги!!!!
10.12.2012. 22:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырыс эже таланттуу режиссер деп билем, ал эми Омурзак байке чынында эле мыкты жазуучу болсо эбак эле элге таанылып аты чыкмак учурга чейин. Чынында Омурзак байке аябагандай мактанчаак анан аша чаап суйлогон адам экен. Ырыс эженин мыктылыгынан элге кино жакшы жетип жатканы менен иши жок.Жазуучулук жагын кыйрата берсин ал эми Ырыс эже оз онорунун мыкты чебери. Кыскасы ар-ким оз жумушун так жана мыкты аткарсын деген эле каало.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо