ДҮЙНӨНҮ ГАНГНАМ СТИЛИНДЕ БИЙЛЕТКЕН PSY

№524 16-22-Ноябрь, 2012-ж

Толук аты – Пак Чэ Сан
Туулган жери –
Түштүк Корея, Сеул шаары
Туулган жылы – 31-декабрь, 1977-жыл (34 жашта)
Чыгармачылык менен –
2001-жылдан бери эмгектенет
Кесиби –
Рэп-ырчы, композитор, музыкалык продюсер
Жанры – Хип-хоп, K-
pop
Каймана аты – PSY

Пан Ги Мун: "ДҮЙНӨДӨГҮ БЕЛГИЛҮҮ КОРЕЙ МЕН ЭЛЕМ, ЭМИ СЕН БОЛДУҢ"
Ааламдын көңүлүн өзүнө бурган PSY же Пак Чэ Сан – учурдун эң көп талкууга алынган каарманы. Анын интернет булактарында "бум" жараткан "Гангнам стайл" ыры менен клиби бул мырзага дүйнөлүк атак тартуулагандан сырткары капчыгын да миллиондорго толтурууда. Рэпердин "Гангнам стайл" ырынын клиби интернетте эң көп көрүлгөн көрсөткүч боюнча Жастин Бибердин "Baby" ырынан кийин экинчи орунда турат. Ырдын мындай ийгилиги коомчулукта чоң резонанс жаратты. Адамдарды позитивге үндөгөн Пак Чэ Сандын өзгөчө Азия өлкөлөрүндө аброю артып барат.
Корей ырчысынын бул клиптеги бийин бийлеп флешмоб жасаган жаштар миңдеп саналат. Бул клиптен соң гангнам стилинде бийлеген атактуулар да пайда болду. Алардын тизмесинде БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун, америкалык ырчы Бритни Спирс, актёр Хью Жекман, "Spise girls" тобунун мурдагы ырчысы Мел Би, орус ырчыларынан Тимати жана башкалар бар. Ырчы Кети Перри да бул ыр менен ооруп, бийине кызыгып жүргөнүн жашырбайт.
Пак Чэ Сан БУУнун башкы катчысы Пан Ги Мун менен жолугушуу учурунда "менин бир аз ичим күйүп жатат. Мындан бир нече күн мурда менин дүйнөдөгү эң белгилүү корей экенимди айтышты эле. Эми биринчиге сени коё берип, өзүм бир кадамга артка жылат окшойм. Мындан кийин БУУнун эң кыйын отурумдарында алгач "Гангнам стайлды" жаңыртып, анан баштайбыз" деп күлдүргөн. Ал эми Пан Ги Мунга жолукканына сүйүнгөн PSY "мени башка ийгиликтеримден да, Пан Ги Мундун клибимди көргөнү сүйүндүрдү" деп айткан.

"ГИННЕС РЕКОРДДОР КИТЕБИНЕ" КИРДИ
Гангнам стайл" чыгармасы 2012-жылдын 15-июлунда интернет ааламына жүктөлүп, ушул күнгө чейин 600 миллион жолу көрүлгөн. Ал эми 3 600 000 жолу "жакты" ("нравится") белгиси коюлган. Бул үчүн аталган клип 2012-жылдын 20-сентябрында "Гиннес рекорддор китебине" кирди. Мындан сырткары 11-ноябрда Франкфурт шаарында өткөн "MTV Europe Music Awards" сыйлыгынын "Мыкты видео" наамына ат салышып, жеңүүчү аталган. Ал эми ырчы PSY: "Бул чыгармам эл аралык деңгээлге чыгат деп ойлогон эмесмин. Ырды жергиликтүү күйөрмандарыма арнап гана жараткан элем",- дейт.

ГАНГНАМ БУЛ – КАННАМГУ РАЙОНУ
Гангнам сөзүнүн мааниси Түштүк Кореяда коомдун эң жогорку катмары, тактап айтканда, элитасы деп түшүндүрүлөт. Сеулдун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Каннамгу деген район бар. Ал райондо жалаң ак сөөктөр, атактуу адамдар, бай чет өлкөлүктөр жашашат. Мындайча айтканда, орустардын Рублёвка шаарчасынын толук аналогиясы. Ырчы PSY CNN телеканалына берген интервьюсунда аталган районду америкалык атактуулардын ордосу болгон Беверли-Хиллз шаарына салыштырган.
Ырчы PSY өзү ырдаган Каннамгу районунда, бардар үй-бүлөдө төрөлгөн. Атасы Пак Вон Хо Түштүк Кореядагы ири компаниялардын биринин жетекчиси. Уулун компаниянын мураскору болот деп терең ишенип, атайын Бостондогу Бизнес башкаруу факультетине окууга тапшыртат. Бирок мектеп курагынан эле жарытарлык окубаган Пак Чэ Сан баш-оту менен музыкага кирип кетет. Өзүнүн күлкүлүү кыял-жоругу, жүрүм-туруму менен корей шоу-бизнесине кадам таштаган PSY ырларында маданиятсыз сөздөрдү колдонгону үчүн бир нече жолу айып пул төлөгөн. Ошондой эле аскер кызматын өтөбөй жүргөндүктөн, 2007-жылы мамлекет тарабынан мажбурлоо жолу менен аскерге барып, 2009-жылы кайтып келген. 34 жаштагы PSY учурда эки кыздын бактылуу атасы.­

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(20)
19.11.2012. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oimo, байкооңузга рахмат! Техникалык каталык кеткен, түзөтүп койдук.
19.11.2012. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
heeey sexy ladyyy..)))))))))))))))))
19.11.2012. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай дуйнону дункуроткон ырча КЫРГЫЗСТАНдан качан чыгат экен аа.
21.11.2012. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akjol1989, жакында чыгат.
20.11.2012. 08:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оппан Кыргыз стайл,
20.11.2012. 08:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саи жакныда эле чыга калган ырчы эмес, Кореяга атагы чыккан биздин Бек же Сыймыктай болгон ырчы, просто Каннам стайл ыры м.н быйыл чон ийгиликтерге жетишти
20.11.2012. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kirgizdardin ele ulak chanish oyununun ozu Bizetayilda toylordo ichipt algandan kiyin ushunday biylep kalishat. Bir gana biz elge jariya kilbaganibiz
20.11.2012. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Toylordo
20.11.2012. 16:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан жакшы ыплары бар, таланттуу ырчы экен.ийгилик
21.11.2012. 08:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой менин бир жарым жаштагы кызым да ушул ырга эле бийлейт
21.11.2012. 18:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин жолдошум "Оппа гангир стайл" деп ырдап чыкпайлыбы дейт :)
22.11.2012. 08:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оштоктогон биз ырлард да.
22.11.2012. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун ыр мага да аябай жагат.
22.11.2012. 21:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии ушул ырга шеринеде оло бийледик да.
23.11.2012. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бооой ушул ырда бийлегенде озу аябай кызыктуу болуп жататго,сонун!!!!
25.11.2012. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ММдддааааааааааа нет слов!!!!!!!!! просто уважаю!!!!
25.11.2012. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Очки нннадо?
26.11.2012. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мне тоже очень понравилось молодец
04.12.2012. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Даа ваще класс
02.05.2019. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашы 34 эмес 42 болотта
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо