№524 16-22-Ноябрь, 2012-ж
"Президент жана бомж" тасмасынын жаратуучулары Өмүрзак Төлөбеков менен Ырыс Окенованын ортосунда чыр чыгып, экөө бир пикирге келе албай жатышкан. Ошол чырданбы же башка себептерденби, айтор, тасма "пираттардын" колуна тийип, дисктер коомчулукка тарап кетти. Бул боюнча тасманын продюсери Өмүрзак Төлөбеков териштирүү иштери менен жүргөнүн маалымдады.
«Кинотеатрда билеттер калбай сатылып жаткан. Кечээтен бери көрүүчүлөрдүн саны азая түштү. Көрсө, тасманы "пираттар" уурдап кетишиптир. Бул иш боюнча Ырыска чалсам, мындай ишке тийиштиги жоктугун айтууда. Ал эми "пираттардын" иши боюнча ИИМге арыз жазып, буюрса, кылмышкерлердин изине түштүк. Кейиткени, Казакстан, Орусияда сатыкка чыгып калган эле. Эми ал жакка да "пираттар" тараса, акчалай чоң чыгымга учурайт окшойбуз»,- дейт кейиген тасманын продюсери.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |