KУPМA

№524 16-22-Ноябрь, 2012-ж

«Шоколад курма! Шоколад курма алгыла!..» Ооба, бул учурда базардагы эң көп айтылган чакырыктардын бири экени баарыбызга маалым. Анткени курманын бышып, базарларга жайнап чыга баштаган мезгили. Андыктан курманын баалуулуктарына кенен токтолуп өтөлү.

Байыркы гректер курманы «Кудайдын кара өрүгү» деп сыйлашканын жана анын дарагы 500 жыл жашаарын билет белеңиз? Курманын дүйнө жүзүндө 200дөй түрү кездешет жана анын мекени катары Япония өлкөсү белгилүү. Курма дарагы тигилгенден 3-4 жылдан кийин мөмөсүн бере баштайт да, анын бийиктиги 8-12 метрге жетет. Орточо эсеп менен ар бир дарактан жылына 250 килограммдын тегерегиндеги курма жыйнап алууга болот. Дүйнөлүк коомчулук курма менен таанышканына көп боло элек, бирок азыркы учурда бир гана Японияда эмес, Кытай, Италия, Испания, Египет, Америка жана Орто Азияда өсөт. Анын 200гө жакын сорту бар, бирок анын ичинен «шоколад курма» деп аталган түрү өзгөчө суроо-талапка ээ.
Сатып аларда курманын кабыгына көз салыңыз, эгерде анда күрөң түстөгү сызыкчалар бар болсо, анын бышкандыгынан кабар берет.Сары-кызгылт түстөгү курманы жылуу сууга 5-6 саат салып койсоңуз, ооз куруштуруучу даамын жоготот.
Курманы кант оорусу менен жабыркагандарга жегенге болбойт. Анткени курманын курамындагы кант кандагы канттын деңгээлин көтөрүп жибериши мүмкүн. Ошондой эле
курманы чегинен көп пайдалануу ичеги оорусуна жеткирет.

КУРМАНЫН БААЛУУЛУГУ

  • Бул жемиште жүрөк булчуңунун ишин жакшыртуучу калий, аз кандуулуктун алдын алуучу темир, кан тамырлардын ишин жакшыртуучу С жана R витаминдери бар.
  • Курамында кант көп, андыктан таттуу мөмө. Эки-үч курма жесеңиз, курсагыңыз тамак ичкендей тоёт. Тоюмдуулугу жактан курма инжир жана жүзүм менен тең тайлаша алат.
  • Курма А жана С витаминдерине бай, алар адамдын иммунитетин чыңдайт.
  • Курма тамак сиңирүүнү жакшыртуучу пектинге бай.
  • Курманын курамындагы танин заты оозду куруштуруучу даамга ээ. Бирок бул даам мөмө толук бышканда жоголот.
  • Курамында бета-каротин бар. Бета-каротин болсо картаюу процессин жайлатат. Аны менен катар көздүн көрүүсүн жакшыртат.
  • Курманын негизги баалуулугу – курамындагы көп өлчөмдөгү йоддо. Бул тамак безинин ооруларынын алдын алат.
  • Ширесин тамакка ууланууда жана ашказан-ичеги ооруларында пайдалануу сунушталат.
  • Бөйрөктө таш пайда болуунун алдын алуучу магнийге бай.

АШКАНАДА
Ашканада курма көпчүлүк учурда десерт катары колдонулуп келет. Айрым учурларда таттуу азыктарды, салаттарды жасоодо жана кооздоодо керектелет. Бизде жасалбаганы менен, чыгыш өлкөлөрүндө курмадан как жана спирт ичимдиктерин, сыра, шарап даярдашат. Ал эми Японияда болсо белгилүү саке арагына да курма кошуп жасашары белгилүү.

КУРМА КАЛДЫРКАНЫ
Бул азыкты даярдоодо эч кандай кумшекер, өсүмдүк майы талап кылынбайт. Курманы ичке-ичке кесип, духовканын табасына салабыз да, 170 градус температурада 10-15 мүнөттө бышырып алабыз. Мөмө табага жабышып калбашы үчүн астына пергамент кагазын төшөп коюуну унутпаңыз.

КУРМА КЫЯМЫ
Керектелүүчү азыктар:
Курма – 1 килограмм
Кумшекер – 1 килограмм
Лимон кислотасы – Жарым чай кашык
Суу – 2 стакан

Даярдоо ыкмасы:
1. Катуу, эзилбеген курманы жууп-тазалап, 1,5Х1,5 сантиметр өлчөмүндө кубик түрүндө туурап алабыз.
2. Андан соң 2 стакан сууга кумшекерди салып кайнатып, шире даярдап алабыз.
3. Шире кайнап чыккан соң тууралган курманы салып, жай отто 30 мүнөт кайнатабыз да, лимон кислотасын кошобуз. Мындан кийин дагы 10 мүнөт кайнатып, ысык боюнча банкаларга куюп, оозун бекитебиз.

КУРМА МАСКАСЫ
Косметологдор бетине безетки чыгып кеткендерге курмадан жасалган масканы сунушташат. Ал үчүн бир курманы эзип, ага бир жумуртканын агын кошуп бетиңизге жабыңыз. Масканы 15-20 мүнөт кармагандан кийин жылуу суу менен жууп, азыктандыруучу бет майдан сүйкөп коюу жетиштүү. Бул масканы жумасына эки жолу жасоого болот.

КУРМА ЧАЧТЫН ТҮШҮҮСҮН ТОКТОТОТ
Алгач курманы эзип, ботко даярдап алабыз. Даяр болгон боткону чачтын түбүнө сүйкөп, жылуу ороп, 15-20 мүнөт кармоо керек. Андан соң жылуу суу менен таза чайкап, шампунь менен жууп коюу жетиштүү. Бул чачтын түбүн бекемдейт жана чачты өзгөчө жалтыратат.

Дамира Арстанова
kenesh@super.kg


Курма картаюу процессин жайлатат

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  5 
Комментарийлер(15)
SUPER.KG видео
17.11.2012. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kurmany myndan chon bychak menen kylych menen aarchysanar bolmok eken,birok maalymatynar uchun raxmat .
19.11.2012. 10:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көчөтүн кайдан алса болот. Деги эле Кыргызстанда өсөбү?
19.11.2012. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kunan,
Албетте Кыргызстандын туштук жаатында остурушот
19.11.2012. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
магада аябай жагат балалуу энелер жесе болобу?
19.11.2012. 14:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Осот Кыргызстанда Баткен,Ошто ар кандай сорту бар шоколадный,лимонный ж.б
SUPER.KG видео
19.11.2012. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курманы аябай жакшы кором, рахмат маалыматка :)
19.11.2012. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Курма абдан мага дагы жагат!
20.11.2012. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Oy men da ayabay jakshi gorom birok emnegedir jesem ele allergiya bolup chigam,emne sebepten boldu eken?
23.11.2012. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
maha_zum,
Мен дагы аллергия болом жесем, жей албайм . Бир жолу жейм деп аз жерден калгам аллергия болуп,тез жардам чыкыртып аман калгам.
20.11.2012. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kurmanin oskonun birinchi korup suktangam.Tundukko da tigip korush kerek,oshondo baaribiz jakshi bilmekpiz,kantip osup,kantip bishaarin.En paidaluu.
SUPER.KG видео
21.11.2012. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Баасы Ростовдой го бизде деле ошол акча турат.
24.11.2012. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oshto byshyp osup jatpaiby
26.11.2012. 03:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oi menin atamdyn talaasy tolo anar menen kurma, sagyndyyyym:///
SUPER.KG видео
24.11.2013. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чоон рахмат абдан кызыктуу болду куурма ен дамдуу осумдук мага жагат
25.01.2014. 21:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
курма жегиле абдан пайдалуу экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо