Аида Салянова, КРнын Башкы прокурору:«ЖАКЫНДА ДАГЫ БИР ДЕПУТАТКА КЫЛМЫШ ИШИ КОЗГОЛОТ»

№524 16-Ноябрь-22-Ноябрь, 2012-ж

14-ноябрда эл өкүлдөрү Нариман Түлеевдин кармалышынын мыйзамдуулугун текшерген депутаттык комиссиянын отчётун угушту. Жыйында башкы прокурор менен депутаттык топ Түлеевдин иши боюнча бир пикирге келе алышпай, акыры парламенттик комиссиянын маалыматын эске алуу токтомун кабыл алып, маселени токтотушту.

МИСТЕР ИКС КИМ?
Депутат Курманбек Осмонов комиссия Нариман Түлеевди кармоо мыйзамсыз деген тыянакка келгенин айтса, башкы прокурор Аида Салянова эл өкүлүн камакка алуу толук мыйзамдуу жүргүзүлгөнүн билдирди. Аида айым жакында дагы бир нече эл өкүлдөрүнө кылмыш иши ачыларын айтты. «Жакын арада силерге дагы бир депутаттын кылмыш иши боюнча кайрылам. Башкы прокуратурада бул боюнча материалдар бар, бирок мен алардын ысымдарын азыр атагым келбейт»,- деди Аида Салянова.
«Бийликти күч менен басып алууга аракет кылышты» деген айып тагылып, УМККнын СИЗОсунда «Ата Журттун» 3 депутаты отурат эмеспи. Депутат Жылдызкан Жолдошова «аларга да кылмыш иши туура эмес козголгон» деп чыкты. «Андай болсо Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да жоопко тартылышсын. Эмне үчүн 2005-2010-жылдардагы революцияны жамынып бийликке келгендер жоопкерчилик тартышкан жок?»- деп суроо салды Жылдыз айым.

СОЦИАЛ-ДЕМОКРАТТАР КЫЛМЫШ КЫЛГАН ДЕПУТАТТАРДЫ КАЛКАЛАБАЙТ
Бул арада КСДП фракциясы билдирүү менен чыкты. Анда фракция эгер депутатка кылмыш иши козголсо, анын кол тийбестигин алып салууга макулдук берүүнү жактап чыгышары айтылган. Буга чейин «Ата Мекен» фракциясы Социалдык өнүктүрүү министри Равшан Сабиров камалганда тергөө иштерине, сот процессине кийлигишпесин билдирип, «эгер министрдин күнөөсү болсо, жооп берсин» деп ачык айтып чыккан эле. Андан улам ой келет, «Ата Журттун» депутаттары да фракциялаштарынын жолу менен кетишсе, ансыз да абройдон кол жууп бараткан парламенттин баркы жогорулай түшөт беле?


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(10)
19.11.2012. 16:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат айымго,сыйлайм,кыргызча,орусча граммотно суйлоп баарын оз ордуна коет го чиркин,тиги Жылдыз эжем сабак алса болчудай ажылдай бербей.
20.11.2012. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калп эле спектакль ойной бериштин не кереги бар!камадык демиш болуп кайра эле актап чыгыр атышат же ушул убака чейин бир куноосун мойнуна алып кесилген депутат болдубу?прокуратура сот ушинтип депутаттардан акча сындырып бизнес кылып атышат да!
20.11.2012. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
озулору номер биринчи корупционер болуп атышат! кылган ишинин жыйынтыгы жок калп эле камадык деп
20.11.2012. 02:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
biri birinerge asylyp juro beret ekensinerda
20.11.2012. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бирин кайын бирин тал,бирин олуп бирин кал
21.11.2012. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул Сальянованын кылганы туура эмес Тулеевди эч куноосуз жерден отургузду муну бир кудай озу коруп турат чындыкты Аидага да бир куну жалган жалаа менен иш козголуп турмого отурса экен
22.11.2012. 08:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mer, Тулеевдин куноосу бар экенин биз билбейбиз да. Куноосу болсо камалсын да, куноосу жок болсо бошотулсун туурабы mer? Бирок куноосу болсо айоосу камалсын ээ?
21.11.2012. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыйын экен,Аида айым,аялзаты болсо да,жырткыч саясатчыларга туруштук берип,курошуп келет.Мен сыйлайм бул адамды,ишине ийгилик каалайм.
22.11.2012. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
калпле эми жулунуп жулкунумуш боло беришет экен биздин депутаттарыбыз тимле сессия даже мушташканга чейин барышат бирок резулътаты эч чыкпаганы жанды кашайтат чын журоктон булкунушкандаго кыргызстан 7 8 жыл мурун бутуна турат болчу
19.12.2012. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аида эже сиздей болгон прокурор 1000 жылда бир келет
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо